ЖАМГЫР ЖААСА "МААНАЙЫ ТҮШКӨН" ОШ ШААРЫ. Таза суу маселеси качан чечилет?

Жаз, жамгырлуу аба ырайы – Ош шаарынын жашоочуларынын маанайын бузат. Себеби – калаа таза сууну ачык булактан – Ак-Буура дарыясынан алгандыктан жаан-чачында сел, кыяндан улам дарыя булганып, үйлөргө таза суу берүү убактылуу токтоп калат. 20 жылдан бери ушундай абал. Чака-чайнегин көтөргөн тургундар кээде суу тараткан водовоздорго түнкү саат 1-2ге чейин кезекке турууга аргасыз, жакында эле ушундай көрүнүш болду. Бул жолу Ош шаарынын негизги кемчилиги делген ушул көйгөйгө сереп салып көрдүк.

“АЖАТКАНАГА КОЛДОНУУГА СУУ ТАППАЙ КАЛДЫК”

Айсулуу Аскарбекова, Ош шаарынын тургуну:

– Мен карыган ата-энем менен Ош шаарында жашайм. Таза суу көйгөйү бизде мурунтан эле бар. Болгону эл сабырдуу, чыдамкай келип, унчукпай жүрө бергендиктен ушундай болуп жатат. Жылда жаан жаап Ак-Буура дарыясы булганганда шаарда суу берүү токтотулат. Бул жолкусунда 2-3 күн суу жок болду, айрыкча көп кабаттуу батирлерде жашаган тургундар ажатканага колдонгонго суу таппай кыйналышты.

Мэрия водовоз менен суу таратып жатты, бирок жалгыз бой энелер, жогорку кабатта жашаган майыптар, кары-картаңдар кантип суу ташыйт? Үйдөгү болгон идиштерди алып чыгып узун кезекке туруп суу алып жаттык. Мына кечээги жаанда көпчүлүк “ылай болсо да сууну бере бергиле, жок дегенде ажатканага колдонуп туралы” деп суранышты. Таза суу көйгөйү Кыргызстандын экинчи борбору деген макамы бар бул шаардын 350 миң жашоочусунун көкөйүнө тийип бүттү.

Эмне үчүн биз 21-кылымда суу маселеси менен кыйналышыбыз керек?! Бул маселени чечүүдө, менимче, буга чейин бир эмес, эки долбоор башталып, экөө тең ишке ашпай калды. Жоопкерчилик алгандар жооп берсин, бөлүнгөн каражаттар максатсыз пайдаланылса жоопко тартылышын талап кылабыз. Жеке өзүм дүкөндөгү 5 литрлик желим бөтөлкөдөгү сууларды сатып алып жаттым. Ош мэриясындагылар табиятка шылтап кутулуп кетишет, суу өчөрдө “эртең суу өчөт” деп айтып коёт, болду. Ушундай окуяларда мурунку мэрлер өздөрү элге чыгып түшүндүрүп, суу таратып жүрүшчү эле. Суу берилгенден кийин деле 1-2 күн ылай суу келет, анткени Ак-Буура дарыясы тазара элек болот. Бизге таза суу маселесин чечип беришпесе кыйналып кеттик.

“ТАЗА СУУ КӨЙГӨЙҮНҮН 80 ПАЙЫЗЫ ЧЕЧИЛЕТ”

Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын вице-мэри:

– Таза суу маселеси акыркы 15-20 жылдан бери чечилбей келе жатат. Ош шаары дарыядан суу ичет. Суунун тазалыгы көбүнчө жамгырга көз каранды. Жаан жааса, сел жүрсө шаарда аргасыз суу өчүрүлөт, анткени ылай суудан фильтрлер эрте иштен чыгып калат, аны калыбына келтирүүгө миллиондогон каражаттар кетет. Ошондуктан сел келип, жамгыр жааганда шаардын 45 пайыз жашоочулары таза суусуз калышат. Биз жакында 2003-жылдан 2021-жылга чейин сел жүргөн аймактардын картасын белгилеп алып, ал аймактардагы жер кыртышын анализдеп көрдүк. Жер кыртышы мурункудай болбой калыптыр, сел келген жерлер мурун 2003-жылы чөп чыккан көк жайык болчу экен, 2021-жылга чейин ал жакта кум казган карьерлер көбөйгөн. Баш-аягы 5 карьер пайда болгон. Жаан жааганда ошол карьердеги кумдар суу менен кошо агып келип дарыяны булгап калган. 2023-жылдын күз айына чейин биз аталган карьерлерди жабуу маселесин коюп жатабыз.

Шаардагы таза суу көйгөйүн чечүү боюнча буга чейин 2 чоң долбоор иштелип чыгып, тилекке каршы ишке ашпай калган. Биринчиси 2009-жылы 22 миллион сом жергиликтүү бийликтен бөлүнгөн. Ал эми экинчиси 2013-2016-жылдары Азия өнүктүрүү банкы 1 миллион 800 миң долларды грант катары бөлүп берген. Эки долбоор тең галереялык систем менен ишке ашмак. Тилекке каршы, мындай план ошол кездеги изилдөөчүлөрдүн чоң катасы болгон жана ал ишке ашпай калган. Себеби шаардын үстүндө Кызыл-Кыштак деген кокту бар. Ал коктудан сел акканда селге кошо кызыл кум аралашкан чопо агат, чопо суу түтүктөрүнүн тешиктерин жаап цемент сыяктуу каптап калат да, суу өтпөй калат. Ушундан улам бул долбоор ишке ашкан эмес.

Учурда биз жердин үстү менен 2 чакырым 400 метр түтүк тартып жатабыз, ал түтүк сел келген коктудан өтөт, суу топтомо жайды (водозабор) коктудан жогору жакка көчүрүп жатабыз. Жылына шаарда 30 жолу суу өчсө, анын 25 жолкусу ушул Кызыл-Кыштак коктусунан келген сел дарыяны булгап тургандан болот. Жер үстүнөн суу түтүктөрүн тартуу иши бүтсө таза суу көйгөйүнүн 80 пайызы чечилет. Эмнеге 100 пайыз эмес деп сурашыңыз мүмкүн, себеби кээде Папан суу сактагычынын өзүндө да селдин айынан жылына 5-6 жолу суу булганат.

Негизи КМШ өлкөлөрүндө ачык дарыядан суу ичкен Баку шаары жана Ош шаары эле бар. Бакулуктар бул маселени фильтр коюу менен чечишиптир. Биз да ошолордун тажрыйбасын колдонолу деп жатабыз. Бирок фильтр коюуга жалпы 10 миллион доллар кетет экен.

“ЖАШ БАЛДАРДА КУРТ ПАЙДА КЫЛГАН ООРУЛАР КӨП”

Абдижапар Аккулов, эколог:

– Ош шаарын таза суу менен камсыздоо маселеси курч мүнөздө турат. Буга чейинки иштелип чыккан эки долбоордун натыйжасы болбоду. Ак-Бууранын жогору жактагы суу топтоочу рельефтик бассейндериндеги суу сел келгенде аны менен кошулуп агып, коркунуч жаратат.

Азыркы сел жүргөн жерлер мурун жайыт болгон жерлер, бирок ал жайыттарда өтө көп мал жайылганынан жер кыртышы эрозия болуп бузулган. Бир аз жаан жааса эле суу топтолуп жылга-жыбыт менен Ак-Буура дарыясына кошулуп сууну булгап жатат.

Биз азыр кийинки долбоор да эл арасында күмөндүү ойлорду жаратпашы үчүн талкуу ачык болсун деп жатабыз. Экологдор макул болбогон бир топ жерлери бар. Мисалы, азыркы мэрия сунуштаган долбоордо кээ бир жерде түтүк жердин үстүнөн алып өтүлөт. Көпүрөгө окшотуп, сел аккан жерлерден аттатып өтүп кетебиз деп жатышат. Мен “сел анын баарын алып кетиши ыктымал” десем, “ошондой болушу мүмкүн” дешти.

Дагы бир жагдай, биз бүгүн суунун тунуктугун, ылайкасын эле эске албастан, суудагы зыяндуу бактерияларды да эске алышыбыз керек. Алар саламаттыгыбызга кооптуу жагдайларды түзүп жатканын эч ким айтпай жатат. Шаардагы көпчүлүк жаш балдардын организминен курттар жана алар пайда кылган оорулар чыгып жатат. Алсак, сел келген жайыттарда өлгөн малдар көп дешет. Ал өлгөн малдын калдыктары сел менен кошо Папан суу сактагычына келгенде чирийт, анан, албетте, түрдүү ооруларды пайда кылат. Сууну тазалоочу мембрана ушул жагын дагы тазалап берсе жакшы болмок.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА