БИР БҮРКҮМ. БИШКЕК-ҮРҮМЧҮ АБА КАТТАМЫ ЖАНДАНАТ...

  • Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы эми күн сайын ишке ашырылат.
  • Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын кесип өткөн жер астындагы тоннель табылды.
  • Өлкөдө автоунаалардын алдыңкы эшигинин айнектерин караңгылатуу тартиби бекитилди, жарандар үчүн 1 жылдык төлөмү 80 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом.
  • 2022-жылдын июнь айынан тарта Бишкек-Үрүмчү аба каттамы жанданары айтылды.
  • Башкы прокуратура: Сүлүктү ШИИБинин кызматкерлери 3,1 миллион сомду кымырып алышканы аныкталды.
  • Парламент Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды.
  • 23-майга карата өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо 10” долбоору аркылуу дыйкандарга 3 миллиард 396 миллион сом суммасында насыя берилди.
  • Баткен облусунун жашоочуларына электр энергиясынын акысын төлөөдө жеңилдик берилет, демилге коомдук талкууга илинди.
  • 20-майда Тажикстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Маңкурт” спектаклин коюуга тыюу салынды, себеби айтылган жок.
  • Бишкекте автоунаа уурдап качууга шектелип 27 жаштагы жаран кармалып, камакка алынды.
  • 24-майда Ош облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
  • Кыргыздын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери Түркиянын Измир шаарында “Эфес-2022” машыгуусуна катышууда.
  • Билим берүү министрлиги: Мындан ары ар бир аптанын башында жана аягында мектептерде милдеттүү түрдө Кыргыз өлкөсүнүн гимни ырдалат.
  • ИИМ: Чүйдө абактагыларга баңгизат ташып жүргөн канал аныкталып, 4 адам кармалды.
  • Чүйдүн Пригородное айыл өкмөтүнүн адиси дипломун текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерлерине 160 миң сом пара берип жатып кармалды.
  • Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чет өлкөдөгү иш сапарынан Бишкекке кайтып келди.
  • Парламентте аскер комиссариатында иштегендердин айлыктарын көтөрүү сунушу айтылды.
  • Транспорт жана коммуникация министрлиги: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан