Концертке келиңиз
Биринчиден, активдүү форумчу, экинчиден, 17 жылдан бери “Жаш кыял” бий ансамблин жетектеп келе жаткан Анара айым виртуалдуу жана чыныгы жашоосу тууралуу кыска баян курат.
Интернет дүйнөсү түрдүү кызыктарга бай. Анын ичинде www.super.kg сайтынын «Супер-форуму» талаш жараткан темалары, оригиналдуу ой-пикир жазган колдонуучулары менен өзгөнү кайдигер калтырбайт. Мына ушул форумдун ичинде AeCHka деген активдүү колдонуучу бар. Башында аны көбү лакап атына карап «жаш кыз болсо керек» дешкени менен, форумчулардын жолугушуусунан соң үч баланын энеси экенин билишти. «Супер-форумдун» ошол «мээримдүү апакеси» «жакын арада жаңы жылдык коктейль уюштурам» деп буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кези.
– Эмнеге концертти ушундайча атадым? Чыныгы жашоодогу ысымыма караганда виртуалдуу дүйнөдөгү лакап атым популярдуу болуп кеткенинен деле эмес. Анткени AeCHka деген сөздө менин ысымым жана фамилиямдын баш тамгалары бар. Анын үстүнө концертке өзгөчө аталыш берүү кызыгууну жаратты. Кээ бирөө өзүмөн дагы “Аэчка деген ким?” деп сурап калып жатышат.
Баса, AeCHka деген ысымга интернетке тиешеси жок адамдар таң калганы менен, сайттын колдонуучулары өз адамындай эле кабыл алышты. Анткени Анара Чилетирова аталган форумга эки жыл мурун катталган.
– Мени эч ким тааныбайт. Бирок ага карабастан, темаларга олуттуу билдирүүлөрдү жазып жүрдүм. Интернетти өздөштүрүүгө форумдагы эле жаш балдар жол көрсөтүп, жардам беришти. “Супер-форумдан” тапкан пайдам бул – сөз байлыгымды байытып алганым болду.
Концерттин жүрүшү азырынча чоң сюрприз болгонуна карабастан, анын сырларынын четин ачты.
– “Жаңы жылдык коктейль” деп бекеринен аталбады, анткени башка бир жайда “Коктейль кечеси” болот. Анын кай жерде болору жашыруун, бирок Спорт Ордосу менен ошол жайдын ортосунда телекөпүрө сыяктуу тыгыз байланыш түзүлөт. Концерт улуу муундагы жана жаш ырчылардын аткаруусу, сатира, юмор жана түрдүү стилдеги бийлер менен коштолот. “Куттуу үйдөн кур чыкпайт” демекчи, өзгөчө номерлер үчүн чакан жаңы жылдык белектер берилет. Концертке келген көрүүчүлөрдү жүз пайызга таң калтырып, жакшы маанай менен узатабыз деген оюбуз бар.
Өткөн сандарыбызда форумчулардын жолугушуусу болгонун жазган элек. Мына ошондо форумчулардын бири Алмаз Шаадаев ыр тартуулаган. «Супер-форумдун мээримдүү апасы» наамына ээ болгон Анара чыгармачыл чөйрөнүн адамы болгондуктан, Алмаздын өнөрүнө баа берип, бул жигит менен иштешүүнү чечти. Ошентип, Алмаз “Супер-2010” концертинде “Жаным ай” деген ыры менен чоң сахнага кадам шилтеди. Айтмакчы, www.super.kg сайтынын Медиа-порталынан жаш ырчынын биринчи ырын угууга болот.
– Жаңы жылдын алдында 25-26-декабрда концертти өткөрүп алсам, жаңы жылдан тарта бий жаатындагы чоң долбоорду баштайбыз. Буюрса, келе жаткан жылы “Жаш кыял” бий ансамбли 17ге толот. Учурда ансамблде 300гө жакын кыздар-балдар бийлешет.
Тарыхта оор окуялары менен эсте калуучу 2010-жылды жеңил узатып, жаңы жылды тосуунун алдында жылдыздар коктейлинен “ууртайм” десеңиз, анда Аэчканын концертине кош келиңиз демекчибиз.
Эльвира Караева
star@super.kg