"КЕНЕДЕЙ КЕМЧИЛИГИН КӨРГӨН ЖОКМУН". Кыргыз телесинин жүзү Бактыбек Мамытовду эскерүү

Кошкула! Кош дебеске аргам барбы?!

Айтылбай, канчалаган арман калды?..

Антсе да топук кылар себебим бар:

Араңарда асыл жарым, небере, балдар калды,- деген саптарды Бактыбек Мамытов бир канча жыл мурун жазган экен. “Арноо концертинин” алмашкыс алып баруучусу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кыргыз телесинин жүзү Бактыбек Мамытов эми минтип ырында гана коштошпостон, өзү да биз менен коштошуп кете берди. Ал 20-майда узакка созулган оорудан улам 72 жаш курагында дүйнө салды.

Гүлшан Молдоева, кесиптеши: “Мен үчүн аябай оор болуп жатат, чындыгында”

– Мен Бактыбек байке менен 44 жыл чогуу иштедим. Мен үчүн аябай оор болуп жатат, чындыгында. Каза болгонун уккандан бери калыбыбызга келе албай кыйналып турабыз. Айла жок экен, эмне кылабыз эми?..

Бактыбек байкенин ички дүйнөсү, маданияты, эфирдеги сүйлөгөнү, коңур үнү, төгүлүп-чачылып турган келбети ушунчалык адамды өзүнө тартып турчу. 44 жыл бирге иштеп кенедей кемчилигин көргөн жокмун. “Арноо концертине” каалоо жазып окуп коюш эмне экен?” дегендер бар да. Минтип айткандын өзү чоң ката. Биз Бактыбек байкени Баке дечүбүз. Баке ар бир сөзгө жүрөгүн салып коюп, жан дилин берип коюп жазчу. Эмне деген сөздөрдү жазчу. “Баке, бу сөздөрдүн баарын каяктан табасың, башың аябай бай, ээ?” десем, “Ай, билбейм, кандай жаралганын өзүм деле кээде сезбей калам” деп койчу. “Ары жакта болгон үчүн чыгат да. Жазбайсыңбы, китептерди чыгарбайсыңбы, ырларды көп-көп жазбайсыңбы” деп көп айтчумун.

Ооруп калганда “Эмне кем-карчыңыз бар? Баланчаны ичсеңиз жакшы болуп кетерсиз” деп көргөн-укканыбызды айтып турдук. Эч нерсе Бакени сактай алган жок. Анын “кандай азап ооруга жолуккам? Ушул оору түбүмө жетет го, ушунчалык кыйналып кеттим” дегени эсимде. Акыркы күндөрү чын эле катуу кыйналды. Барабыз десек, Жамийла эже “жакшы болуп калсынчы, анан өзүм айтайынчы” деп, күтүп жүрдүк. Ооруканага баралы десек “киргизбейт, келбегиле” деди. Анан коронавирус жуктуруп алып, кардиологиядан чыгарып салды деди. Ушундай айлабыз куруду. Ошондон кийин жакшы болуп калды. Бир ирет "келиңизчи" деп жатып жумушка чакырып алдык. Кайрат Олжобаевич "Келип туруңуз. Кайсы убакта десеңиз да унаа жиберип турабыз. 3-кабатка чыккандан кыйналып калам деп жатасыз. Биринчи кабаттан эле иштеп кетесиз" десе жаш баладай сүйүндү.

Кийин радионун 90 жылдыгы болду. Бактыбек байке ишин радиодон баштаган, радиодо өтөгөн кызматы чоң. Эмне болсо да жолугуп, байкени куттуктап, чер жазышып отуруп келеличи деп чогуу иштегендер байке менен эжени чакырып бир жерде отурдук. Ошондон аз күндөн кийин эле каза болуп калбадыбы (ыйлап). Ар бирибизге тилек айтып, "баарыңарды жакшы көрөм" деди. Экөөбүз сүйлөшүп калганда "Оору аябай кыйнады. Деле жанымды алсаң алып тынчы деп калдым" деди. "Антип айтпаңыз" деп чырылдасам, "Биздин колубузда эмес экен. Болбосо баарыңар, Жамийла канчалык аракет кылып жатат" деди. Жамийла эже жаш баладай карады да. Эмне жакшы болот десе жерден чукуса да таап келип берип жатты. Чындыгында, биздин колубузда эмес экен. Айла жок...

Сыртбай Мусаев, досу: “Бактыбек аябай жакшы ырларды жазды”

– Мен Бактыбек менен 17ге толо элек кезде университетке документ тапшырып жүрүп таанышкам. Абитуриент кезде таанышып, ушул кезге чейин жакшы мамиледе, үй-бүлөлүк катышта жүрдүк. Бир тайпада окуп, бир бөлмөдө чогуу жашадык. Экөөбүз аябай жакын болчубуз, кайда барсак бир барып, бир жүрчүбүз.

Бактыбек кичинесинен ыр жазчу. Анысын эч кимге көрсөтчү эмес, дептерин катып башына жаздап, китептердин арасына бекитип, эч кимге айтпай жүрдү. Ал 2-курстан баштап эле телерадиого кетти. Башында штаттан тышкаркы кызматкер болуп иштеп жатты. Кийин сынак аркылуу штатка алыныптыр. Ишке алаксып жүрүп көп жазган жок. Жазса мыкты акын болмок. Болгону 60ка чыкканда “Очоктогу от” китебин чыгарды. Аябай жакшы ырларды жазды. 2-курсту бүтүп үйлөндү, 3-курсту бүтүп мен үйлөндүм. Окууну бүткөндөн кийин мен Москвага кеттим. Анда деле байланышыбыз үзүлгөн жок.

Бактыбек коңур үнү, өзүн салабаттуу кармаган көрүнүшү, татынакай келбети менен кыргыз телесинин жылдызы болду. Эмне үчүн Бактыбекти курсташтардын баары жакшы көрчүбүз, кийин жумурай журт жакшы көрдү? Анткени ал бирөөгө залал кылбаган, ушак сүйлөбөгөн, бирөөнү жамандабаган, бирөөнү кагып-силкпеген өтө токтоо, өтө салкын кандуу, чайпалбаган адам эле. Кой маарек тартып “ошондойбу?” деп күлүп коюп жүрө берчү.

Жүрөгү ооруп калганда Алматыга алып барып, тааныш жакшы кардиологго көрсөткөм. Врач “2 айдан кийин келгиле” деп жөнөткөн. Бирок 2 ай өткөнгө чейин ал киши өзү Кыргызстанга келип иштеп калып, бул жактан операция жасады. Биз да жанында болдук. Кант диабети менен да ооруп калды. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, акыркы учурда арыктап кетти. Экөөбүз жолугуп эле турчубуз. Бирок каза болордо көрө алган жокмун. Анткени Бишкекте эмес болчумун. Суук кабарды Оштон уктум, түнү менен келип үйүндө болуп, эртеси койбодукпу. Укканда адегенде ишенбей барып ишендим. Жер астын-үстүн болгондой болду.

Чыңгыз Мырзаев, кесиптеши: “Устат катары гана эмес, ата катары да сыйлап жакшы көрчүмүн”

– Бактыбек агай элден башкача, ак көңүл, боорукер, жан дүйнөсү таза, сабырдуу киши болчу. Муну өткөн кишини жаман дебейт деген ойдо айтып жаткан жокмун. Чындыгында, жакшы киши болчу. Кесиптеш агайлардын “чогуу иштеген 50 жылдын тегерегинде бир да киши менен урушканын, кабак бүркөп бирөө менен чукулдашканын көргөн жокпуз. Ушундай алтындай болгон киши болчу” деп айткандарын уктум. Менин агайды тааныганыма 19 жыл болду. Бишкекке жаңы келип, теленин босогосун аттаганда агайдын колуна түшкөм. Агай менин теле тармагында Чыңгыз болуп калыптануума өтө чоң салым кошту. Ал кишини мен устат, мугалим, жөн гана багыт көрсөткөн киши катары эмес, ата катары да сыйлап жакшы көрчүмүн. Ал кишиден көп сабак алдык. Кол менен көргөзүп айтпаса дагы, жүрүм-туруму, жөнөкөйлүгү, кичи пейилдиги менен бизге сабак берди.

Мен тааныган аралыкта унаа айдаганын көргөн жокмун. Колуна дипломатын көтөрүп алып жай чыгып маршруткага, троллейбуска отуруп катардагы кишилердей болуп жүрчү. Ал эмес, биз кээде өзүбүздүн кадыр-баркыбызды өйдө көтөрүп текеберленип кеткен учурлар көбүрөөк да. Агайды карап туруп уялып калчумун.

Агай ооруп жүргөн. Көзү өтөрдөн 3 жума мурун агайдын көңүлүн алып коёлу деп кесиптештер Гүлшан Молдоева, Гүлсина Чотонова эжелер болуп агайды байбичеси менен чайга чакырып, чогуу отурдук. Акыркы жолу жолугушканыбыз ошол болду. Агай бир аз кыйналып турду. Бирок көңүлүбүздү кыйбай келди. Жакшы сөзүн, кеп-кеңешин айтып, батасын берди. Бактыбек агай, Гүлшан эжелердин батасын алып, жанында жүрүү биз үчүн сыймык. “Өсө турган убагыңар, убакытты текке кетирбегиле” деп кеңешин айтты. Бала катары, окуучу катары айткан керээзи экен. Суук кабарды Гүлсина эжеден уктум. Ыйладык, көңүлүбүз чөктү, кабыргабыз кайышты. Колдон эч нерсе келбейт экен, Кудайга керек болуптур, ичер суусу бүтүптүр, алып кетти. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Байбичеси Жамийла эжеге, балдарына, неберелерине, кесиптештерге көңүл айтам.

"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты Бактыбек Мамытовдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА