КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Карлыгач!- деген аялдын кыйкырыгы ачуу чыкты. Карлыгач башын буруп эжесин көрдү. Дзотко төшүн тосчудай болуп Байыштын алдына өтүп эжесин тосуп тура калды. Байыш бул ызы-чуусуна башын ооруткусу келген жок. Ары кирип кетти.

– Мунуң ким? Ай, сага эмне болгон? Эсиң барда этегиңди жый, бас үйгө,- эжеси канча ачууланып турса дагы өзүн басып жайыраак сүйлөп жатты.

– Барбайм, кетиңиз,- деди Карлыгач так кесе.

– Муну кара! Ай, сага эмне болду? Мээң ордундабы?- эжеси Карлыгачты билектен ала сыртты көздөй сүйрөдү.

– Коё бер, эже, мени алып кетип эмне кыласың? Мен Байышсыз бир күн жашабайм,- Карлыгач эжесинин колунан суурулуп чыгып артты көздөй кетенчиктеди.

– Жүрү, тигиндей отуруп жайынча сүйлөшөлүчү,- деди эжеси. Эптеп сөзгө келтирүүнүн айласын издеп жатты. Экөө орундукка каршы-терши отурушту.

– Карлыгач, айланайын, акылдуу эле жан элең, сага эмне болду? Эки балаң, күйөөң туруп эмне акылдан аздыңбы? Эл укса эмне дейт, ушунчаңда токтот!

– Мен Марат менен жашай албайм. Убагында күйөөгө тий дей берип силер мени шаштыргансыңар.

– Сүйүп-сүйлөшүп эле тийбедиң беле?

– Жок, эже, ал сүйүү эмес экен. Күйөөгө тийиш керек деп эле Мараттын көзүмдү карап койгонуна алданып тийип алыптырмын,- Карлыгач буларды кебелбей сүйлөп турду.

– Марат менен жашабасаң кой, балдарыңа мен каралашам, балдарыңды алып өзүң эле жашай берчи. Эртең тетиги жаш немең бир жаш кызды ээрчип кетпесине кепилдигиң барбы? Койчу, Карлыгач, чоң эле аялсың, эмне кыласың жаш баланы?

– Жок, мен Байыш менен жашайм, болбосо өлөм. Өлгөнүм артык.

– Көк мээ болуп калган турбайсыңбы. Мени менен үйгө бар, болбосо туугандыктан кечем!- деди айласы кеткен эжеси. Ары айтып да, бери айтып да эпке келтире албай койгондо эптеп үйгө алып барсам баарылап сөзгө келтирербиз деп ойлогон.

– Кечсең кеч, мени жайыма койгула! Мен эмне кылышты өзүм билем. Улам ар кимиң сенделип келе бербегиле!- Карлыгач албууттана кыйкырды.

– Биз сага сенделип калган турбайбызбы, ээ, сенделип?!- деп сүйлөнгөн бойдон аял сыртты көздөй жөнөдү. Эжеси балалыгынан көз алдында чоңойгон сиңдисин бүгүн тааныбай дендароо болуп турду. Анын беттегенин бербей туруп алган, сөз укпай калган мындай мүнөзүн биринчи жолу көрдү. Карлыгач качан болбосун эжесинин айткан сөзүн эки кылчу эмес.

– Менин сендей бир тууганым жок!- деди аял босогодон аттап бара жатып Карлыгачка колун кесей. Чыгып эле таксиге отурду, туталанып, ызасы ичине батпай ыйлап бара жатты.

ххх

Күндөр билинбей өтүп жатты. Тимур аялы Нурзат менен ажырашууга арыз берген менен, ажырашуу иши бат бүтө калчудай эмес. Бүгүн да соту жылып кетти. Нурзатка канча түшүндүрүп айтты. Бирок ал оңой эле ажырашууга макулдугун берчүдөй түрү жок. Сотто “ажырашпайм” деп Тимурду мыскылдай карап коюп отурду. Бүгүн да Тимур үйгө маанайы суз келди.

– Ии, эмне, дагы бүткөн жокпу?- деди Айсара.

Тимур баш чайкады.

– Ажырашуу ишин эртелеп бүтүрүңүз, аялыңыз менен ажырашмайын мага жолобоңуз,- деди кыз Тимурду таң калтырып. Жалаңкычтын чоңунан эмес, кичинесинен корк деген чын эмей эмне? Тимурдун капканында унчукпай эле балык болуп отура берүүгө чекит койгон өңдүү, Айсаранын да үнү чыга баштады. Тимурдун сотко арыз берүүсүн да эртелеткен ушул кыз болду. Болбосо Тимур айтып коюп эле жүрө бермек. Бири ажыраш деп кыйнаса, бири ажырашпайм деп кыйнап турган чагы.

Тимур кечкурун Нурзат жашаган үйгө келди.

– Ой, ой, ким келип калган? Эмне жаш аялың кууп жибердиби?

– Нурзат, эмне кыласың мени? Ансыз да экөөбүздүн үй-бүлө болуп жашабаганыбызга канча болду?

– Эмне тиги сулууң ажыраш деп шаштырып жатабы? Ушунча жыл ажырашам дебей, эми эмне шашылыш болуп калдыбы?

– Койчу, Нурзат, каалаган нерсеңди ал. Расмий никедеги менин аялым болгон сага артыкчылык деле бербейт да, эркин болосуң, каалаганыңды кылып жашай бересиң, сага да, мага да ыңгайлуусу ушул да, туурабы? Улам-улам сотко барып сүйрөлбөй бүтүрөлү.

– Мм, керек болсо ал кыз үчүн байлыгыңдан да баш тартасың, ээ?- аял башын чайкап, кытмыр күлүп койду. – Менден ушинтип эле оңой кутулуп кетем деп ойлоп жатасыңбы? Жок дегенде бир аз сүйрөлүп кой. Сенин эзилип жатканыңдан мен ушунчалык ырахат алып жатам. Сени дагы сүзмөдөй эзгим келип жатат. Сөзүң бүтсө кете берсең болот,- Нурзат эшикти аңырайта ачып Тимурду карады.

ххх

Карлыгачтын жумушуна бүгүн таң эрте жездеси келди. Карлыгачты эшик алдынан күтүп алды.

– Эмнеге келдиңиз?- деди Карлыгач учурашпастан.

– Эй, сага эмне болгон? Эжеңди катуу капалантыпсың, ооруканага жатып калды. Бас барып абалын сура.

– Мен айтпадым беле, мага келбегиле деп, мени алып барып баарылап ортого салып тытып жегени жатасыңар да, ээ? Мен барбайм, мага кийлигишпегиле,- деп Карлыгач басып кетти.

– Мээсинен айнып калган турбайбы, бул жакшылыкты билбейт. Тигил жакта ушунун айынан эжеси ооруканада жатат, акмак десе...- деген бойдон жездеси унаасын айдап оорукананы көздөй жөнөдү.

Карлыгачты эжең ооруканада деген сөз ойлондурган дагы жок. Ал ажырашуу процесси менен алек болуп жатты. Баары тез бүтсүн деп мүлктөн да, балдардан дагы баш тартты. Сотко алдын ала сүлөшүп койгондуктан, сот процессинде Мараттын ою менен эсептешкен дагы жок. Нике күбөлүк кыркылды, үй-бүлө түп орду менен урады. Карлыгачтын энелик сезими муз болуп тоңуп калган өңдүү балдарын бир сурап, үйүнө бир басып келбеди. Ошол эки баланын көз жашы, сагынычы, кусасы бир ойлондуруп койбоду. Акылынан чындап азган өңдөнүп ажырашканын согуштан жеңип чыккандай эрдик көрүп туруп алды.

Маратка эми Бишкекте жашоонун мааниси жоктой туюлду. Кайнежеси балдарга каралашам дегени менен, баары бир ар кимдин өзүнүн турмушу бар да, дайыма эле карай алышпайт. Балдары дагы чүнчүп, жүдөп кетишти. Апасы болбосо да чоң энесинин жанында болсун деп балдарынын кийим-кечегин чогултуп, үйүн ижарага берип, кошуналарына дайындап коюп айылды көздөй жөнөдү. Өткөндө апасы менен сүйлөшкөндө “Карлыгач көнбөсө таштап келе берем” деп тамашалап жатпады беле. Кудай оозуна сала бергендей Карлыгачсыз эки уулун алып аргасыз айылды көздөй жөнөдү. Жол бою өзү да, балдар да сумсайып бара жатышты. Адатта үйүнө дердеңдеп кирип келчү Марат бул ирет ушунчалык шөмтүрөп, байкуш болуп аянычтуу кирип келди. Мурдагыдай бакылдабай сумсая дарбазадан кирип келе жаткан Мараттын кебетесин көргөн эненин жүрөгү опкоолжуп кетти. Суу куюлган колундагы чынысын көтөрүп уулун көздөй далбастап бара жатканда чынысы жерге түшүп быркырап сынып кетти. Кемпир кайра үйдү көздөй жүгүрдү. Алыс жолдон келген адамдын башынан суу айлантып чачпай туруп илгери өткөрбөгөн адаты бар. Кемпир бул ырымды катуу карманат. Ичинен “жакшылыкка, жакшылыкка” деп күбүрөнүп кайрадан суу алып келип уулунун, неберелеринин башынан айлантып, суусун төгүп, чыныны жерге көмкөрдү.

– Карлыгач кана?

– Жок, эрге тийип кетти.

– Ок, эмне дейт, кокуй, ошентип да сүйлөйбү?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА