Султанбай Айжигитов, Жогорку Кеңештин депутаты: “ӨЛКӨНҮ 5 ЖЫЛДА ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН СУУРУП ЧЫКСА БОЛОТ”

Парламентте чиновниктер бул депутаттын мактоосуна караганда, сындарын көп угушат. Эл өкүлү “сын айткандын баары оппозиция болбойт, туура сындан адам өсөт” дейт. Маектешим "Ыйман нуру" фракциясынын депутаты Султанбай Айжигитов.

– Саламатсызбы, Султанбай мырза? Парламентте аткаруу бийлигинин мүчөлөрүн кызуу сындап жатасыз. Кадр саясатында абал абдан начарбы?

– Саламатчылык. Мен конкреттүү адамдарды, айыл чарба министри менен анын орун басары Нурлан Шериповду сындадым. Себеби булардын жүргүзгөн саясаты элдин, улуттун кызыкчылыгына дал келбейт деп эсептейм. Шерипов өзү юрист экен, балким, мыкты юрист чыгар. Бирок айыл чарба маселеси козголгондо министр такай ушул орун басарын жиберет. Мыйзам долбоорун парламентке алып келгенде ошол тармакты мыкты билген адисти жибериш керек да. Бул кадры институттагы начар студенттей эле сөздү ары-бери айландыра берет. Бир негиздемени жаттап алат да, кайсы суроону берсең ошону кайталап айта берет. Ал негиздемеси депутаттын берген суроосуна төп келеби, келбейби баары бир, так жооп жок. Дагы бир маселе, көтөрүп келген мыйзамын жыйында ишенимдүү коргогондун ордуна, депутаттардын кабинетин кыдырып “ушуну колдоп берип коюңуз” деп жүрө берет. Андай болбойт да, биринчи алып келген мыйзам долбоорун өзү жакшылап окуп, түшүнүп келип коргосун. Азыр кээ бир депутаттар андан тажап кабинеттеринен кууп чыгып жатыптыр. Кет десе деле кайра келе берет экен. Ал эми жалпы кадр саясаты тууралуу айта турган болсом, биз эгемендикти алгандан баштап эле кадр саясаты коррупциялашып кеткен. Дос-тууган, тааныш-билиш болуп кеткенин элдин баары билет, ошондуктан ушундай компетенттүү эмес балдар кызматта отурушат.

– Депутат катары жарым жылда кандай мыйзам долбоорун демилгелөөгө үлгүрдүңүз?

– Биздин экономиканы 30 жылдан бери рынокко таштап коюшкан. Азыр деле ошол жакта. Өкмөт начар менеджер. Албетте, буга сырткы шарттар да себеп болгон, бирок өзүбүздө да күнөө бар. Мен 1994-жылдан бери өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн үстүндө программа жазып келем, 2017-жылы ал программам даяр болгон. Бул программа өлкөнү тез арада – 5 жылда жакырчылыктан сууруп чыгат. Менин программам боюнча мугалимдердин айлыгы 50-60 миң сом, пенсиялар 15-20 миң сом, майыптарга жөлөк пулдар 10 миңден кем эмес болушу керек деп жазылган. Каражат булагы өлкөдөгү ресурстарды эффективдүү пайдалануу. Ушул программамды ишке ашыруунун үстүндө аракет кылып жүрөм.

– Алексей Ширшовдун кармалып, кайра бошотулушу коомчулуктун көңүл чордонунда турат. Ушул окуя президенттин администрациясы менен УКМКнын ортосунда келишпестик бар экенин көрсөттү дешет, чындыгы барбы?

– Президент менен УКМКнын ортосундагы келишпестик тууралуу билбейм, бул божомол. Бирок Ширшов боюнча так позициям бар. Ширшовдун келгени, аны иштетип жатканы туура эмес. Ширшов – бул коррупциялык схеманы түзгөн ууру, анын орду түрмөдө. Ал киши Кыргызстанга эч качан пайда алып келбейт.

– Кезинде Баткен облусунун губернатору болуп тургансыз, Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатат. Көйгөй жакында чечилерине көзүңүз жетеби?

– Баткен облусунда көйгөйлүү 3 маселе бар: жер, суу, чек ара. Баары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Аны кантип чечсе болот? Негизи чек араны тактоо шашпай узак мөөнөттө жасалчу иш. Суу маселесинде чек арага жакын жерлерге каналдарды куруп, жолдорду салып өзүбүздүкү кылуу зарыл. Канал курдуң сеники, жол салдың сеники болот. Сойлоп келе жаткан басып алуучулукту ушундай жол менен токтотуш керек. Ал эми чек ара сызыгын тактоочу бир эле документ бар, 1991-1992-жылдары Минскиде жана Алматы шаарында Союз урап баратканда КМШ өлкөлөрүн түзүү боюнча документте так жазылган. Анда Союз бузулганда эгемен мамлекеттердин ортосунда СССР убагындагы административдик чек аралар мамлекеттик чек ара болуп эсептелсин деп айтылат. Бул документке президенттер кол коюп, ар бир өлкөнүн парламенти ратификациялаган. Бул толук кандуу легитимдүү документ болуп саналат. Ушуну алып эле торлорду тартып коюш керек. Чек ара сызыгы болмоюнча чек арада болуп жаткан окуялар укук талаасына түшпөйт. Буга жакшы көңүл бурбай жатышат. Биз ушуну менен көп жерлерди сактап калабыз.

– Адам катары сизди эмне эс алдырып, ырахат тартуулайт, музыка, театр же концерт?

– Баарына эле кызыгам. Хоббим түрк элдеринин тарыхы жана спорт менен машыгуу. Түрк элдеринин тарыхында э ң байыркы эл кыргыздар. Түрк элинин тарыхы кыргыздын санжырасында бар. Өнүгүү да бул өзүнчө теория, илим. Теорияны алып туруп ар бир өлкө өзүнүн басып өткөн жолуна, менталитетине, жайгашкан жерине, шартына, элдин мүнөзүнө ыңгайлашыш керек. Швейцария болобуз, Европа болобуз деп баарын аралаштырып салышпадыбы. Биздин өзүбүздүн өнүгүү жолубуз бар.

– Үй-бүлөңүз, өзүңүз түптөгөн чакан мамлекетиңиз тууралуу айтып берсеңиз?

– 6 бир тууганмын. Менден башка эч кимиси мамлекеттик кызматта иштебейт, карапайым жарандар. Апам өмүр бою китепканачы болуп иштеди, атам 1950-жылдары алдынкы, жогорку билимдүү юристтердин бири болчу. Бала кезим Баткендин чаңын сапырып өткөн. Киндик кан тамган жерим Кызыл-Кыя районунун Караван айылы. Балалыгымда учкуч болом деп кыялданчу элем, ал кыялым орундалды, мектепти аяктап алгач Киевде техникалык институтка тапшырдым. Киевде окуган жакпай калып окуумду таштап, Рига шаарындагы авиациялык институтту окуп бүтүрдүм. Биринчи аялым украин кызы, ошол жакта 3-курста окуп жүргөндө таанышып үйлөнүп калганбыз. Ал аялымдан эки кызым бар. Кыргызстанга келип да чогуу жашап жүрдүк, бирок Союз ураганда эки ажырым жолго түшкөнбүз. Кыздарым азыр чоңоюп турмушка чыгып, бүлөлүү болушкан. Азыр Украинада абал оор, билесиңер, бир кызым Польшада, экинчи кызым Батыш Украинада жашап жатат. Экөө менен тең жакшы мамиледемин. Азыркы жубайым Сүлүктүдөн. Мен ажырашканда 46 жашта элем, бул аялым менден 21 жаш кичүү. Ортобузда 2 уул, 1 кызыбыз бар. Улуу балам колледжде 3-курста, ортончусу 9-класста, кичүүсү 6-класста окуйт.

– Авиациялык институтта окуптурсуз, кесибиңиз менен иштей алдыңызбы?

– Ооба, 5 жыл “Манас” аэропортунда инженер-механик болуп иштегем. Аэропортто иштеп жүргөндө СССРдин КГБсына жумушка чакырышкан. Сунушту кабыл алып, Киевден КГБнын жогорку курсун окуп келип, 15 жыл иштедим. 1999-2000-жылдары согуш башталып, жаңы Баткен облусу түзүлүп, мен губернатордун кеңешчиси болуп баргам. 2005-жылы революциядан кийин элдик курултайда эл мени губернатор кылып шайлашты. Кийин президенттин кеңешчиси болдум, айтор, 2011-жылга чейин мамлекеттик кызматта жүрдүм. Андан кийин саясатта 10 жыл тыныгуу болду. Бул аралыкта деле жөн отурган жокмун, ошол 1994-жылдан бери жазып келе жаткан өлкөнү өнүктүрүү тууралуу программамды бүтүргөнгө шарт болду. Депутаттык мандат мен үчүн курал, ал куралды максатты ишке ашыруу үчүн гана колдоном. Негизги мүдөөм – элдин жашоосун оңдоо. Так, нак позиция, программам менен парламентке келдим, эми аны ишке ашыруу калды.

– Маегиңизге чоң рахмат, мүдөөңүз ишке ашсын!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан