АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Москванын жамгырлуу күндөрүнүн бири. Психолог Айдай Асанованын кабинетинин эшиги такылдап, кезектеги бейтабы кирди. Жапжаш кыз экен. Жүзү жамгырдан суу болуп калганданбы, же табиятынанбы, ушунчалык таптаза, сулуу көрүндү. Бою узун, куду балериналардай бутунун учу менен койкоюп баскан ажайып сулуу кыз экен. Сулуулук адамдарга өзгөчө таасир берет, эркек болобу, аял болобу, сулуулукка бир көргөндө арбала түшөт. “Ички дүйнөсү сулуу болуш керек” деген кеп мындай учурларда суу кечпей деле калат. Айдай бат эле маңдайында турган бейтабын изилдегенге жетишти. Табит менен кийинген экен. Бардар жашоосу бар экени көрүнүп турат. Узун плащын чечкиси келбей буйдала түшкөндөй. Кыргызбы же башка улуттанбы деп ойлоп турду эмнегедир.

– Саламатсызбы, жазылгансызбы?- деди кыргызча атайылап.

– Саламатсыз...- деди кыз. Кыргыз экен. Таптак сүйлөдү.

– Жок... Мындай эле кирдим. Өтүп бара жатып окуп калдым, анан кирдим. Сыртта турган кыздан сурасам эки саат бош экениңизди айтты.

– Ооба, бошмун, бирок кийинкиде жазылып туруп келгенге аракет кылыңыз, ээ?- деди Айдай жылмая берип. Анын жагымдуу жылмайганынан кыз жандана түшкөндөй болду. Көздөрү күлбөсө да эриндери жылмайганга окшош бүлк этти. Каршысында турган креслого тез отура калды. Бул жакка киргенине өзү кыжалат болгондой, ичиндегисин бөлүшкөнгө даяр эместей сезилди. Айдай жөн гана жылмайып турду. Эч шаштырган жок. “Биринчи даяр экенин билип алсын, анан баштайлы” деди ички туюму. Кыз бир топко эмне кыларын билбей буйдала берди. Акыры көзүн көтөрүп аны тиктеп турган Айдайга карады. Мындай сулуу каректер чанда болсо керек. Таптаза каректер... Айдай “негизи кыргыздар сулуу калкпыз” деп койду эмнегедир ушул кыз кыргыз болуп калганы үчүн сыймыктана. Өз оюна ошо замат күлкүсү келди.

– Атыңыз ким?

– Айсулуу...

– Өзүңүзгө өтө жарашкан ысым экен. Канча убактан бери Москвадасыз?

– Эки жарым жыл болду...

– Эмне болду, Айсулуу?- куду сиңдисине кам көргөн эжедей жумшак сүйлөдү. Мээримдүү үн Айсулуунун жүрөгүн жылытып жиберди. Көзүнөн жаш айлана түштү.

– Көп нерсе болду...- деди айласы кете, эмнеден баштаарын билбей.

– Үстүңдү чечип коюп отурсаң ыңгайлуу болор...- деп койду Айдай жөн салды гана. Бир нерседен корккондой болуп алаңдап кетти кыз. Бөлмө ысык болгонун эми байкады окшойт, аргасыз үстүңкү кийимин чечип, илип келип отурду. Айдай ошондо гана анын бөрсөйүп турган курсагын байкады. “Боюнда бар экен да” деди ичинен. Эмнегедир кызды аяп кетти. Ичин жашырып жатканы тура...

– Балалуу болот окшойсуңар жакында,- деди жылмайып. – Бала – бакыт да...

– Жок,- деди Айсулуу башын чайкай. – Башында мен да ушинтип ойлогом, бирок бул бала мага бакыт алып келбейт.

– Кандайча?

– Төрөлүшүн каалабаган энеге ал бала кантип бакыт алып келет?

– Сен боюңда болушун каалаган жок белең?

– Каалагам, аябай каалагам. Бир кезде бул үчүн баарын бергенге даяр элем. Балалуу болуш үчүн эмнелерди гана кылган жокмун. Бирок... Жашоомду астын-үстүн кылган бир окуя болду. Жакында эле билдим... Эми алдырып салууга кеч деп жатышат врачтар. Ошол жактан келе жатам.

– Алгач каалаган экенсиң го.

– Каалагам деп жатпаймынбы,- деген кыз чырт эте түштү.

– Эмне өзгөрдү анчалык?

– Баары өзгөрдү, жашоом өзгөрдү. Жомоктогудай жашоом көрсө иллюзия экен. Жок нерсеге ишенип, жок нерсеге байланып жүргөн экенмин.

– Эч нерсени түшүнгөн жокмун, башынан айтсаң...

Кыз үн катпай калды. Бир нерсени ойлонуп жаткандай. Бир маалда башын көтөрүп Айдайга тике карады.

– Эже, психолог өзүнүн жанын кыйганы жаткан адамга эмне деши мүмкүн?

– Себебин изилдегенге аракет кылат. Жашоо адамга бир гана жолу берилген белек экенин айтат. Кайгы да канчалык оор болбосун бир күнү өтөрүн, ал үчүн жаныңды кыйганга арзыбай турганын түшүндүргөнгө аракет кылат.

– Жашашты билбей жатсачы адам?

– Баарын чечсе болот.

Айсулуу башын чайкады. Ичиндегини айтып бере албачудай. Бирок бул адамдын жанынан кетип калса кайрадан капкараңгы дүйнөсүнөн жылчык таба албачудай сезилди. Бул суроо бербей отура берсе, өзү да ушул жерде отура берсе...

– Эмне болду, Айсулуу? Мага башынан баштап айтып бере аласыңбы?- деди Айдай жумшак гана.

Айсулуу көзүн жумду. Башы кайсы жерде эле? Кайсы жерден баштап анын жашоосу болду? Аа, эстеди. Москвага учуп келишкени жашоосунун башаты эмес беле. Оо, ушундай бактылуу болушчу экөө. Сонун күндөр эле. Эркин анын бир айтканын эки кылбаган күйөө болду. Жумуштан кийин дайым үйгө шашчу. Баш кошкон алгачкы жылы экөө саякаттап гана жүрүштү. Түркияга, Европага, Америкага барышты. Дүйнө жалаң бакыттан тургандай күндөр эле анда. Эч бүтпөй тургандай сезилчү. Врачтар утур эле учак менен учуп-коно бергенден улам Айсулуунун боюнда болбой жатканын ыктымал кылып айтышары менен Эркин “эч кайда барбайбыз” деп чечим чыгарды. Ал үйлөнгөндөн биринчи күндөн тартып баланы эңседи. Кээде анын аябай ата болгусу келгенине таң кала берчү Айсулуу. Көп аялдар балалуу болгусу келет, бирок эркек киши ушунчалык бала деп эңсегенин, дегдегенин биринчи көрүшү. Жапжаш туруп... Көрсө, кеп төркүнү башкада экен. Кыргызстанга гана барышкан жок. Айсулуунун апасы эки жолу келип кетти, Эркиндин туугандарынан бири да келген жок. Анда деле ойлонуп койбоптур. Ошентип бактылуу жашоолору уланып жатты. Айсулуу балет мектебинде иштейин деп жаткан учурда кош бойлуу экенин билишти. Аны да өзү байкаган жок, Эркин байкады.

– Сен көп уктап жатасың го, жаным,- деди ал.

– Ии, эмнегедир уйкум келип жатат.

– Толуп кеткендей болуп жатасыңбы же мага ошондой көрүнүп жатабы?- деди Эркин кайра тынч ала албай.

– Мүмкүн. Аппетит ачылып жатат.

– Канчадан бери?

– Бир ай болду го дейм...

– Жаным, боюңда бар болуп жүрбөсүн?

– Жок, ай. Сен болгонго чейин сурабайм деп айткансың, мына кайра баштадыңбы?- деди Айсулуу тултуңдай эркелеп.

– Эй, чындап эле сенин боюңда бар окшойт,- деп секирип турган күйөөсү аны кучактап жүзүнөн өпкүлөп жиберди.

– Башым айланып кетти, коё турсаң, чын элеби ия?- деди Айсулуу өзү да шектене.

– Тез эле билебиз, мен тест алганы кеттим,- деген Эркин күрмөсүн кийип-кийбей сыртка чуркап чыкты. Экөө аз убактан кийин ийиндеше тесттин жыйынтыгын күтүп отурушту. Эки сызыкча!

– Йес!- деп бакырып алды Эркин.

– Ия?

– Биз ата-эне болобуз! Жаным менин! Сен мага уул төрөп бересиң!

Эркиндин мынча бактылуу болгону аялынын күлкүсүн келтирди. Жүзү тамылжый эки сызыкчаны тиктеп бактылуу жылмайып күйөөсүнүн жиндилигин карап отура берди. Кубанып, кыйкырып, бийлеп алып Эркин дароо апасына телефон чала баштады. Ал албай койду окшойт, телефонду таштап кайра Айсулуунун жанына келди. Көздөрүнө тиктей берди.

– Сен эми чындап меникисиң!- деди ал муңайым.

– Мурун кимдики элем?- деди кыткылыктаган аялы.

– Эми эч кайда кетпейсиң менден!- деди Эркин ого бетер табышмактата. Анда анын сөздөрүнө деле маани бербеген экен. Айсулуу да кубанды. Ичиндеги жаңы өмүр жаралып жатканына бактылуу эле. Экөөнүн жашоосунда үчүнчү бир керемет өкүмүн жүргүзө баштады. “Бүгүн муну жейм, жок, каалабай калдым” деген сөздөр менен башталчу болду күн. Экөө кыялданып кыз же эркек болуусун талаша кетишет. Башынан баштап Эркин эркек балалуу болгусу келди. Ысым тандай башташты. Анда да талашып кетишчү. Айсулуу атасынын атын койгусу келди эле, буга күйөөсү караманча каршы чыкты.

– Менин атамдын аты эмнеге сени мынча коркутат?

– Жок, жаным, эмнеге коркутсун? Бул эски ат. Элестетсең мен сенин атаңдын атынан баламды чакырып жатканымды. Ким билет, балким, кыз болот, муну тартышпайлычы.

Үч айында эркек бала экенин билишти. Анда бир сүйүндү Эркин. Бир күнү күтүүсүз жерден бир окуя болбогондо бактылуу жашай беришмек. Айсулуунун жүрөгү дирт эте түштү. Бакырып алды. Өзүнө келсе Айдайдын кабинетинде отуруптур. Көрсө, жанагынын баары мээсинде айланып жаткан тура. Ал эми Айдай аны аяп тиктеген боюнча отуруптур.

– Мен сизге баарын айтып бердимби?

– Жок, эч нерсе айткан жоксуң, бир сааттан бери ыйладың. Сүйлөп жаттың, түшүнүксүз... Мындай учурда адамды чочутпаш керек. Ошол үчүн сени карап отурдум.

– Рахмат, эже...- деп шаша-буша чыгып бара жатты Айсулуу.

– Мен сени дагы күтөм, даяр болгонуңда кел.

– Макул.

Айсулуу сыртка чыкты. Эч ким аны менен иши болбогондой кымкуут жашоо. Жолдо кимдир бирөөлөр аны ийини менен жөөлөп кетип жатышты. Айсулуу кайда барарын билбей эле кетип бара жатты. Ыйлап бара жатты. “Москва көз жашка ишенбейт” деп койду аркасынан бир акылдуусунган кыргыз. Ага да көңүл бурган жок. Жөн гана баш оогон жакка кетип бара жатты. Атасы каза болгондо жаман болгону эсинде, бирок андагы жоготуунун азабы бул нерсенин жанында бейиш болуп калды. Азыркы жашап жаткан жашоосу чыныгы тозок болчу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА