КАНЧАЙЫМ

– Мен ден соолукту чыңдоо үчүн жөө басканды өзүмө адат кылып алгам. Мындай ыкманы терренкур деп аташат. Жашап жаткан айылым Көк-Жардын тегерегинде басып жүрө берем. “Өтүкчү өтүкчүнү алыстан тааныйт” дегендей, кээде мен сыяктууларды кезиктирип калам. Алардын бири Жайлообек. Жашы сексенде, баскан-туганы тың. Кезиккенде ар кайсыларды сурашып, аңгемелешип жүрүп жакшы тааныш болуп алганбыз. Бир күнү Жайлообек үйүнө чакырып калды. “Чакыргандан калбагын, өзүң басып барбагын” деп короосуна баш бактым. Ал дагы Көк-Жарда жашайт. Бүйрө кишиге айла жок, короосу мизилдеп таза жана колдонуп жүргөн шаймандары иреттелген экен. Үйүнөн бизди жашы алтымыштардан ашып калган кызыл жүздүү, жүзүнөн адамгерчиликтин мээрими төгүлгөн аял тосуп алды. Ким келерин күйөөсүнөн билсе керек, улгайган кишилерге ылайыктап тамак-ашты жасап коюптур. Дасторкондун үстүндө Жайлообек аялы жөнүндө сөз козгоп отурду.

Союз убагында Фрунзе шаарынын түндүгүндө Төмөнкү Ала-Арча деген совхоз бар эле. Ал совхоз шаарды жашылча, жемиштер менен камсыздап турчу. Элинин көпчүлүгү орустар, азыраагы кыргыздар. Ушул совхоздун тургуну Өмүркул согуштун отун кечип жүрүп, бактысы бар экен, элине аман-эсен келип, өзүнүн совхозунда эмгектенип жүрдү. Эл сыяктуу турмуш курган. Арадан 5-6 жыл өтүп кетти. Бирок аялы төрөбөй койду. Ушунун айынан биринчи аялы менен жакшы-жаман айтышпай ажырашып, экинчи аялга баш кошту. Биринчи аялы Өмүркулдан кийин бир күйөөгө тийип, андан чубуратып бала төрөдү. Муну көргөн Өмүркул доктурга барса, эчен-далай анализдерден өткөрүшүп, сенден бала төрөлбөйт деген жыйынтык чыгарып беришти. Тагдырдын жазмышына моюн сунбаска айла барбы? Аялы экөө кеңешип, бала багып алууну чечишти. "Туугандардын балдарын алсак эртең эле жармага таарынган күнү жулуп кетери айдан ачык. Ошондуктан балдар үйүнөн алалы" деп чечишти. Балдар үйүнө барганда Өмүркулдун көзү туулганына бир ай болгон кызга уруна түштү. Эмнегедир наристе Өмүркулга жагып калды.

– Мунуң кыргызга окшошпойт го. Алганга жараша кыргыз бала эле алалычы,- деди аялы.

– Алсак ушул кызды алалы, албасак жок,- деп туруп алды Өмүркул. Кыздын күбөлүгүндө аты Лариса деп жүрүптүр. Кызды алып, мал союп түлөө өткөрүшүп, Канчайым деп ат коюп алышты. Өмүркул аялы экөө Канчайымды багуу үчүн болгон күч-аракетин аяган жок. Кыздын кылыгы эне-атасын кубанычка бөлөп жатты. Өмүркул кечинде жумуштан келгенден тарта кызын колунан түшүрбөйт, баланын атырдай жытына балкып, сүйүнүчү коюнуна батпай жүрдү. Канчайым 4 жашка чыкканда баккан энеси өлүп калды. Атасы бойдок турмак беле, үйлөндү. Алган аялдары биринен бири өткөн мыкаачы чыкты. Өзгөчө үчүнчү аялы Канчайымга душман чыкты. Жаш балага жини келсе колуна эмне тийсе ошону менен урат. “Ыйлаба, атаңа даттансаң мындан жаман сабайм” деп урушат. 4 жаштагы балага жаргылчак тарттырат, жаш неме оор ташты айландыра албай туруп калса чоң муштум менен соккулап кирет.

Өмүркул талаачылык жумуштарын таштап, уй бакканга өтүп алган. Мурун түштө үйүнө келип тамак ичкенде кызын тойгузуп кетер эле. Уй баккандан бери үйүнө кеч келчү болду. Канчайым ачка атасын күтөт. Мындайда кеч кирмеги тозок. Өгөй энесинин оозунун чыгы кургабайт. Тамак жеп жүргөнү жүргөн. Бирок кызга бир үзүм нан да берип койбойт. Өмүркул кызынын тамакка жутунуп жатканын көрүп аялына:

– Кызга эмнеге түштө тамак берген жоксуң?

– Ой, берип эле жатам, өзү узун өзөк неме экен. Менден 2-3 эсе көп жейт,- деп жооп берет.

Өмүркул бир күнү жумуштан келсе Канчайым бүрүшүп бурчта отуруптур. Бир колун көтөрө албай калыптыр. Аялы катуу нерсе менен чапса керек. Кыз атасын көрүп эреркеп ыйлап жиберди. Денесин караса көк ала, жаракаттардын тырыгы да бар экен. Өмүркул аялын үйүнөн кууп салды. Эртеси кызын кийинтип алып, өзү менен кошо жумушуна алып кетти. Уйларды талаага айдап чыгарда кызын атка өңөрүп алат. Канжыгасында тамак-ашы, суусундугу толтура. Кызына алачык жасап берет, кыз түшкүсүн ошол алачыкта уктап алат. Канчайымдын курсагы ток, аны урушкан киши жок, талаада атасы сатып берген оюнчуктар менен ойноп убакыт өткөрөт. Беш, алтыга келгени атка минип уйларды кайрып келгенге жарап калды. Бара-бара атасын уктатып коюп уйларды өзү эле кайтарчу болду. Кетирген аялы ага-туугандарын, сакалдуу-көкүлдүүлөрүн ортого салып жарашууга аракет кылып жатты. Айтканынан кайтпаган Өмүркул көгөрүп болбой койду. Андан кийин деле Өмүркул эчен сапар үйлөндү. Эми майда жашын жашап алган Канчайымга ал өгөй энелер анчейин кордук көрсөтө албай калышты. Таянар тоосу бийик болгондуктан аялдар да Канчайымдан сестенишчү. Канчайым жетиге чыкканда совхоздогу орус мектепке атасы өзү жетелеп барып тапшырган. Канчайым алдыңкы окуучулардын катарында окуп жүрдү. 7-класста окуп жүргөн кезинде Өмүркулдукуна бир тууган иниси Жапый келип,

– Байке, улуу балам үйлөнгөнүн билесиң, атамдын тар үйүндө тыгылышып кыйналып жатабыз. Сен бул үйүңдү бизге бер. Кааласаң чогуу туралы, каалабасаң совхоздун жатаканасына барбайсыңбы, сенин кадыр-баркың чоң, сага жок дешпейт,- деди.

– Мен сага канча жолу айттым, көчө таптап жанагы кайырчыларга кошулбай эл сыяктуу үй салып ал деп. Менин сөзүмдү уккан жоксуң. Бул үйдү сага бере албайм. Бул үйдү Канчайымга арнап койгом,- деди Өмүркул.

Бул сөздү укканда Жапый жарылып кетти.

– Бир тууганыңдан кечээ балдар үйүнөн багып алган селсаяк кыз артык болуп кеттиби?

– Ай, акмак, ата-баланын ортосуна от жакпай үйдөн чыгып кет!- деди жини келген Өмүркул кызара.

– Чыкса чыгып кетем, экинчи мендей бир тууганым бар деп ойлобо. Сен өлсөң топурак салбайм,- деп күбүнүп эшикке чыкты.

– Мен дагы сага топурак салбайм..

Жапыйдан уккан сөздөр Канчайым үчүн союл менен башка чапкандай болду. Башы айлан көчөк болуп темтеңдеп барып боюн атасынын кучагына таштап ыйлап жатты. Өмүркул кызынын бети-башынан өөп, жалынып-жалбарды.

– Бул сөздү эртели-кеч укмаксың. Биз сени балдар үйүнөн багып алганбыз. Кудай мага балалуу болууну буюрбаптыр. Азыр менин сенден башка эч кимим жок, уулум да сен, бир тууганым да сен. Ушул үйдү сага арнап салганбыз. Бойго жеткенде каалаган жигитиңе турмушка чык. Бул үйдөн кетип мени жалгыз калтырба. Мен үйдүн кара кулпусу болуп берейин. Сенин балдарыңды жетелеп акыркы өмүрүмдү чогуу өткөрсөм деген тилегим бар,- деди.

Канчайым үчүн Өмүркул мурункудан да ыйык, сүйкүмдүү адам сезилди. Атасынын ага жасаган камкордугу, аталык мээрими эсине түштү. 10-классты аяктап аттестатты атасынын колуна берди.

– Мен сен үчүн эч нерсемди аябайм. Каалаган шаарыңа барып окуп кел. Азыр мугалим, врач, артисттер көп болуп кетти. Тамак-аш жаатында адистер аз көрүнөт, ойлонуп көрчү,- деди кызына.

– Ата, сизди жалгыз таштап алыскы Москва, Ленинград, Ташкентке барбайм. Өзүбүздүн эле Фрунзедеги бир окуу жайда окуйм,- деди кыз...

(Уландысы кийинки санда)

Окен Маматканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1016, 27-май-2-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА