Атыр Абдрахматова, акыйкатчы: “БАЛАНЫ “АЙТЫШПА” ДЕП ТЫЙБАҢЫЗ. АЛ АЙТЫШКАН ЖОК, ӨЗ ПИКИРИН БИЛДИРҮҮДӨ”

Маектешим Атыр Абдрахматова учурда Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы кызматын аркалап жаткан чагы. Өлкөбүздүн тарыхындагы алгачкы акыйкатчы аял “адамдын төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейинки жашоосу бул адам укуктары, укуктардын сакталышын көзөмөлдөө акыйкатчынын милдети” дейт. Анда маекке орун берели.

– Атыр айым, саламатсызбы? Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аял-акыйкатчы болуп шайландыңыз. Жумушту эмнеден баштадыңыз, кандай кыйынчылыктар же тоскоолдуктар болуп жатат?

– Саламатчылык. Акыйкатчылык кызматка келгениме 3 ай болду. Ошондон бери ЖМКлардан сиздерге биринчи маек берип жатам. Буга чейин акыйкатчы болом деп эки жолу аракет кылгам, кандайдыр бир саясий оюндар болуп өтпөй калгам. Негизи Боршайкомдо иштеген тажрыйбамдан улам, менин ким экеним, кыялым, позициям баарына эле маалым. Чынында мамлекетке туура эмес ишти ачык, так айткан ыңгайсыз киши керек. Мен буга чейин ошондой ыңгайсыз адам болуп келдим. Акыйкатчы кызматы дал ошондой, себеби биздин эл аралык деңгээлде бекиген макамыбыз – адам укуктарын мамлекеттик, муниципалдык органдар тарабынан бузулушунан коргоо, бузулса калыбына келишин талап кылуу. Адам укугу бузулуп жатса акыйкатчы кийлигишет, ортого түшөт мамлекет менен жарандардын ортосунда көпүрө болот.Ошон үчүн биз мамлекеттик кызматкерлерге, органдарга, бийликке ыңгайлуу киши боло албайбыз. Быйыл акыйкатчыны шайлоо маселеси каралып жатканда пикирлештерим “Атыр, аракет кылып көрбөйсүңбү” дешти. Чынында шайланарыма анча ишенген эмесмин, анткени буга чейинки саясий оюндарды билем. Депутаттар колдоп беришти. Буга чейин Акыйкатчы институтуна көп сын-пикир айтылып келген. Көбү “Атыр, системди, аппаратты жаңыла, өзүңө окшогон кадрларды алып кел” дешти. Кызматка келгенден бери 600дөн ашык жаранды кабыл алдым. Аппаратты жаңылоо иштерин баштадык. Учурда аппараттын иштөө форматын өзгөртүүгө бет алып, 2-ирет аппаратка ички резервге кадрларды тандоону жаңылап жатабыз. Негизи мамлекет башкаруу системинин бүт тармактарынын жаңылануусу замандын талабы. Мисалы, 1990-жылдары миграцияга жалаң аталарыбыз, энелерибиз кетсе, азыр жаштар кетип жатат. Ошон үчүн жаштарга орун берели, жумуш ордун түзөлү деп жатам. Мындан сырткары эл аралык деңгээлдеги адам укугу боюнча талкууларга бир нече өлкөгө барып келдим. Буюрса, бул аракеттерден тыянак чыгарабыз.

– БШКда иштеп жүргөндө бир топ куугунтук көргөм дедиңиз. Ошондой учурда саясатты жөн эле койсомбу деген ойлор келген эмеспи?

– БШКга системдүү өзгөрүүлөрдү киргизгенимди адискөй адамдар билишет. Талапкерлердин, шайлоочулардын даттанууларын караган системди жөнгө салдым, талкууларды ачык болсун деп жабык жыйындарды ачыктап жаттым. Өзүм 20 жылдан бери юристмин. Кээ бир юристтер “биз акчага жасаган нерсени сен бекер жасайсың” деп мени жаман көрүшөт. Элге жардам берүү, пайдамды тийгизүү бул менин жашоомдогу максатым, мен ушундан шыктанам, энергия алам. Буга чейин деле мага ар кандай кызматтарды сунушташкан. “Кызматтык унааң, иш бөлмөң, жардамчың болот” деп убада кылышканда айласыз күлөм. Мага андайдын кереги жок, мен ишти алдыга жылдырып, тыянак чыгарышым керек. Ушундай окуяларда апам “сени баары бир түшүнүшпөйт” деп шылдыңдап калат. Мен өзү атамдын кызы элем, ата мээримине, жытына тоюп өстүм. Ата-энем мени эркин өстүрүштү. Эркин өскөн бала өзү үчүн жоопкерчилик алганга эрте үйрөнөт. Мендеги “дух” бала кезден эле бар. Кичине кезимде туугандар чогулуп сүйлөшүп калышса ортого чыгып алып “таак, сен туура айттың, сеники туура эмес, ал эми сен жөн эле отурчу” дечү экенмин. Ичимдеги кичинекей юрист ошондо эле ойгонгон окшойт. 2000-жылдары мамлекетти “ХИПИК” программасына киргизебиз дегенде каршы чыккан коомдук активисттердин бири болчумун. Ошондо мага “балаңды бала бакчадан алып кете албай каласың” деген коркутуулар болгон.

Оппозициялык маанайда болгонум үчүн 2015-жылы акыйкатчы боло албай калдым, ошондо атамдын жүрөгү ооруп көзү өтүп кетти. 2017-жылы куугунтук болуп, үйүмдү белгисиз адамдар күнү-түнү кайтарып турушту, БШКдагы иш бөлмөмдүн 6-7 жолу кулпусу талкаланып коркутуу болгондо апам тынчсызданып, оң колу иштебей, эми жакшы болуп калды. Кылган аракетиме өзүм жооп берем дегеним менен, ата-эне деген баары бир жүрөгүнө жакын кабыл алат экен. Бирок дайыма мен жардамга муктаж болуп турганда Кудай мага керектүү адамдарды жиберип турат. Кайдан-жайдан чыгып алар мени коргоп, сактап калышат, ошонусуна рахмат.

– Сузактагы мугалим менен окуучу кыздын жаңжалында дароо окуучу тараптын таламын талашып чыктыңыз. Бул шашылыш билдирүү болуп калган жокпу?

– Мен үчүн мыйзам баарынан жогору турат. Мугалим менен окуучунун окуясында окуучунун укугу тепселенди. Балдар биздин эң жогорку баалуулук, алар кол тийгис жана сөз тийгис. Кол көтөрмөк түгүл, катуу айтуудан абайлаш керек. Бул мыйзамда так жазылган. Мугалимдерге психологиялык ыкмаларды үйрөтүшөт, окутушат. Окуучу сабак окубай, мугалимди укпай, тоготпой жатса күндөлүккө “2” коюп, сабактан чыгарып жиберип ата-энесин чакыртыш керек, мектеп администрациясына айтыш керек. Мугалимдин өз милдеттери бар, ошону гана аткарыш керек, бул окуяда окуучу басмырланды. Эгер сиз кичинекей балаңызга “мугалимдин чапканы туура” деп айтсаңыз, балаңыз ошону чындык деп кабыл алат. Тарбия деген ушундай болот тура деп калыптанып чоңоёт. Анда эмне үчүн биз балдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүп жатабыз? Качан балдарга гумандуу, сый мамиле кылганда гана мыкты коом түзүлөт. Окуучу күнөөлүү деп күнөөнү андан издеп жаткандар ушуну түшүнүшсө жакшы болот эле.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз, чакан мамлекетиңиз жумушуңузду жакшы эле түшүнөбү?

– Мектеп курагындагы 2 балам бар, уулум 16 жашта, кызым 12де. Жолдошум менен эки жолго түшкөнбүз, бирок балдары менен катышат. Апам 1990-жылдары Орусияга мигрант болуп иштегени кеткен, мигранттын кызымын. 2010-жылы кызымды төрөгөндө бала карашканга деп апамды чакыртып алдым. Өзүм мигранттын кызы болгонго кыргыз мигранттарынын көйгөйүн жакшы билем. Учурда көп жаштарыбыз Орусияда баңгизат сатууга, ташууга шектелип абакта отурушат. Жакында Орусиянын акыйкатчысы менен жолугушуу болот. Ошондо абакка түшкөн кыргыз мигранттары тууралуу расмий маалымат сурайын деп жатам. Эгер камалган 300 мигранттын 150сү баңгизат менен отурса, анда бул системдүү көрүнүш, демек, ал жакта катачылыктар бар. Ошол жактагы укук коргоо органдары биздин жаштарды алдап тил билбегенин, мыйзам билбегенин пайдаланып, балким, кандайдыр бир ишке аралаштырып камап жатат деген ой болууда.

Кандай апа экенимди балдарым жакшы билсе керек. Балдарга көбүнчө түшүндүрүү иштерин унаа айдап баратканда айткан жагат, анткени эч жакка качып кете алышпайт да (күлүп). Балдарым мени кинодогу супер аялдай көрүшөт. Кечээ апасын коргойм деп кишини бычактап алган 16 жаштагы өспүрүмдүн сот процессине катыштым. Сот өспүрүмдүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды. Балам экөөбүз дүкөнгө барып таттууларды алып үйдө бул жагымдуу окуяны белгилеп чакан майрам уюштурдук. Балдарым ушундай иштеримди туура түшүнөт, колдойт. Кээде алдап коюшса, “алдаган болбойт, азыр Конституцияга кол коюп алдабайм деп ант бересиң” деп тамашалап калам. Баланы “айтышпа” деп тыйбаш керек, ал айтышканга кирбейт, бала өзүнүн пикирин, оюн айтып жатат. Анын сүйлөө эркиндигин чектеген болбойт.

– Маегиңизге чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1017, 3-9-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан