“БИЗДИН ҮЙДӨ БААРЫ РЕАЛИСТТЕР”. Депутат Эмил Токтошев жана жубайы Рысгүл Акимжановадан маек

Бул жолку маектен кийин “күчтүү эркектин артында андан да күчтүү аял турат” дегенге дагы бир жолу ынандым. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев жана жубайы жеке ишкер Рысгүл Акимжанова экөө махабат баяны, бала тарбиясы, сый-урмат жаатында сонун маек куруп беришти. Келиңиз, үлгүлүү түгөй менен жакындан таанышалы.

– Саламатсыздарбы, Эмил мырза, Рысгүл айым? Кыргыз менталитетинде баланын орду өзгөчө эмеспи, көп балалуу болуу сиздердин кыялыңыздар беле?

Эмил Токтошев: – Саламатчылык. Ар бир үй-бүлөдөгү ынтымакты, жубайлардын ортосундагы жылуу мамилени бекем сактап турган – бул наристе. Бардык эле жубайлардын негизги максаты балалуу болуу, артына туяк калтыруу болсо керек. Биз да көп балалуу болууну кыялданып баш кошконбуз. Кудайга шүгүр, 20 жылдан бери түтүн булатып келе жатабыз, ортодо 5 балабыз бар. 3 кыз, 2 уулубузга татыктуу тарбия берип бактылуу ата-энелердин катарын толуктап жүрөбүз. Азыр балдарыбыздын баары мектепте окуп жатышат.

– Рысгүл айым, балдарды тарбиялоо жоопкерчилиги көбүнчө энелерде болот, бул жаатта “рецепттериңиз” менен бөлүшө кетпейсизби?

Рысгүл Акимжанова: – Мен таята-таенемдин колунда чоңойдум. Ата-энем мугалимдер, кайын ата, кайын энем да мугалим болушкан. Кайын журтум да, ата-энем да балдарын жакшы тарбиялашкан. Биз өзөгүбүздөн эмнени алсак, ошону гана балдарыбызга бере алабыз. Ошолордун уңгусун алып балдарыбызды тарбиялап келе жатабыз. Акыркы учурларда балдарды агрессия менен тарбиялоо көндүм адат болуп баратат. Агрессивдүү ата-энелер өздөрү бала кезде жетиштүү мээрим көрбөй чоңоюшса керек. Анткени көр тириликтин айынан көптөгөн ата-энелер миграцияга кетүүгө аргасыз болушту. Баланын калыптануусундагы баштапкы пайдубалын ата-эне түзөт, эгер пайдубалда бир нерсе жетишпей, балада өксүк калса, ал бала агрессивдүү чоңоёт. Андыктан балабыз сабакты жакшы окуйбу, жаманбы, болушунча мээрим төгүшүбүз керек. Мээримге тойгон, сугарылган баладан гана мыктылар чыгат.

– Сиздердин махабат дастаныңыздар качан, кантип башталды эле?

Э.Т.: – Экөөбүз тең Алайкуу өрөөнүнүн Күйөө-Таш айылынан болобуз. Ортодогу жаш айырмабыз 5 жыл болгону менен, бири-бирибизди таанып, көрүп эле чоңойдук. Бирин-серин сезимдер айылда жүргөндө эле бар эле. Кийин экөөбүз эки жакта жогорку окуу жайды бүттүк. Ошондо Рысгүлдү издеп таап, баш кошуу сунушун киргизгем. Жүрөгүн багындыруу оңой болгон жок, ал кезде мындай татынакай кыздардын артынан чуркаган жигиттердин саны да аз эмес болчу. Рысгүлдү курбулары менен жолугушууга чакырып жүрүп көңүлүн тапкам. Артынан чуркаган жигиттердин эң татыктуусу аягында мен болдум окшойт.

– Рысгүл айым, жолдошуңузду канча мырзанын ичинен тандадыңыз эле?

Р.А.: – Канча жигит артымдан чуркап жүргөнүн санабай калыптырмын (күлүп). Эми бойдок кезде ар бир эле бойго жеткен кызга жигиттердин көзү түшсө керек. Ата-энеме ыраазы болгонум – биздин тандообузду өз колубузга берди. Мен ошол тандоону туура пайдаландым деп ойлойм.

– Рысгүл айым, депутаттын аялы болуу ырахатпы же азаппы?

Р.А.: – Негизи депутаттын аялы деген сөз мага жакпайт. Биз Эмил экөөбүз 20 жыл мурун колубузда эч нерсебиз жок кезде баш кошконбуз. Үй-бүлөлүк бизнести чогуу түптөдүк. Бизнести эл нөлдөн баштаса, биз карызга акча алып минустан баштаганбыз. Турмуштун көп кыйынчылыгын чогуу басып өттүк. Кандай учур болбосун чыдап жашайсың, “менин күйөөм депутат болушу керек, сен кароолчусуң” деп кетип калбайсың да туурабы? Эмил депутаттан мурун менин жолдошум, ал эми аткарган кызматы, анын макамы кийинки планда. Адамдар кайсы бир нерсени таңуулап “бул тигинин баласы, мунун күйөөсү” дегендин ордуна, ошол адамдын инсандык табиятын ачып көрө турган болсо коомдун жетишкендиги болмок. Көпчүлүк мени депутаттын аялы эмес, жеке инсан катары таанышын каалап жүрөм.

– Эмил мырза, жубайыңыздын кайсы сапаттарын өзгөчө баалайсыз?

Э.Т.: – Рысгүлдүн жакшы сапаты – абдан чыдамкайлыгы. Турмушта көп оор күндөр өттү, 5-6 жылдап батирлеп жашап жүрдүк. Өзүңүздөр билгендей, кичинекей балдар менен батирлеп жашоо өзүнчө бир түйшүк. Көпчүлүк үй-бүлөлөр турмуштун оордугуна чыдабай ажырашып кетип жатышпайбы, ортодо бекем сүйүү болсо да ажырашып кеткендер бар. Оор кырдаалдарда ата-энесинен алган тарбиясын колдонуп, жубайлык милдетин мыкты аткарды. Тууганга туугандай, доско достой мамиле кылганды билет. Жакшы эне, балдарды тарбиялоо жоопкерчилиги Рысгүлдө көбүрөөк, ал жагынан эч кабатырланбайм. Жакшы сөз айтсаң түшүнөт, жаман сөз айтсаң жообун берет (күлүп). Бардык нерсени иликтеп-жиликтеп анан чечим кабыл алган сапаты да жагат.

– Рысгүл айым, саясатчыларга мактоого караганда сын көп айтылат. Ал сындарды жубайы катары сиз кандай кабыл аласыз?

Р.А.: – Жолдошумдун эң биринчи оппозиционери, публикасы, сынчысы менмин. Туура кылса туура кылып жатасың, туура эмес кылса бул кылганың туура эмес деп түз жолго багыттап турам. Жолдошум эки чакырылыштын депутаты, эки чакырылышта көп эле нерсени баштан өткөрдүк, революцияны көрдүк. 2015-жылы жолдошум бизнесте жүрүп саясатка аттангандан тарта колдоочусу, таянычы болуп келем. Жолдошумдун дарегине терс пикирлер айтылса адекваттуу эле кабыл алам. Биздин үй-бүлөдө баары реалисттер.

– Ар бир үй-бүлөдө өзүнө гана тиешелүү ички мыйзамдары болот эмеспи. Сиздерде кандай мыйзамдар бар?

Э.Т.: – Дем алыш күндөрүнө атайын график түзүп алабыз да, сөзсүз балдар менен чогуу табият коюнуна чыгабыз же тамактанганы, эс алганы бир жакка барабыз. Биз айылда өстүк, балдар шаарда чоңоюп калышты, кыргыздын түпкүлүгү, өзөгү сакталып калышын каалайбыз. Кийин балдарыбыз дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун ушул мыйзамдарды эстеп, сактап турганы жакшы. Анан туулган күндөрдө үйдө чогуу торт жасап, бири-бирибизди куттуктамай салтыбыз бар.

– Эгиз балдарыңыздар бар экенин билебиз, кимиңиздерге жакын?

Р.А.: – Ооба, улуу балам менен кызым чоңураак. Үчүнчү балам торолгондо эле дагы кош бойлуу экенимди билдим. УЗИден эгиз деп айтышты. Үчүнчү балам менен эгиздеримдин ортосу 1,5 жаш эле болгондуктан үч эгизди чоңойткондой эле болдум. Азыр үчөө абдан ынак, эгиз кыздарым атасына жакын, эркелешип муну жип ийригендей эле ийришет.

– Жумушта болгондо бири-бириңиздер менен телефон аркылуу бат-баттан сүйлөшүп турасыздарбы?

Э.Т.: – Зарыл болгондо эле чалам.

Р.А.: – Мен деле өтө зарыл жумуш менен чалбасам, дээрлик тынчын албайм. Текшерип “каякта жүрөсүң, ким менен?” деген суроолор менен баш оорутпайм. Жубайлар бири-бирине көбүрөөк эркиндик бериш керек деп ойлойбуз. Жолдошум да ушул принципти карманат. Жеке мен жолдошума болгон ишенимимди бергем. Күйөөм ал ишенимди кандай колдонот өз абийиринде.

– Үй-бүлөдө кимдин кирешеси көбүрөөк, ким каржы министри?

Э.Т.: – Каражат тармагын тейлеген үй-бүлөлүк банк картабыз бар. Ал картаны жубайым деле, балдарым деле колдоно беришет. Ал эми үй-бүлөлүк бюджетти Рысгүл карайт, эмне алыш керек, аял киши сарамжалдуу болот эмеспи, баарын тегиз карап бөлүштүрөт.

Р.А.: – Эмилдин айлыгы 25-30 миң сомдун тегереги болуш керек. Канча алганын деле билбейм чынында. Депутаттарга жарандар акча сурап көп кайрылышат экен, айлыгын бизге бермек турсун, кайра бизден акча сурайт (күлүп).

– Кызыктуу маегиңиздер үчүн рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА