АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Эркин көзүн ачып аялына жылмайып тиктеди. Айсулуу бул жылмаюуга туруштук бере албай шалдырап турду. Сонун жылмаят бул бала, куду ичине күндү батырып алгандай жылуу жылмаят.

– Ачка болдуңбу, мен сага эртең мененки тамакты даярдайын. Азыр турам,- деди Эркин.

– Чогуу даярдайлы.

Экөө эртең мененки тамакты чогуу даярдашты. Бирок мурункудай эмес эле. Эмне деп сүйлөшсө да сөздөрү супсак, ортосунда билинбеген бир дубал өсүп чыккандай батынбай жатышты.

– Мени апам чакырып жатат, ооруп калыптыр,- деди Айсулуу.

– Кандайча? Жакшы эле эмес беле?

– Кечээ айтты. Мен кетишим керек.

– Коё тур, мен жумуштан суранайын, чогуу кетебиз.

– Мен кайра тез эле келем, убара болбо.

– Боюңда барда учакта учууга болбойт дешкен врачтар, эсиңдеби?

– Азыр ичимдеги балага 6 ай болду, мен сурадым, кечээ врачта болдум. Эч нерсе болбойт деди.

– Айсулуу?

– ...

– Эмне болду сага?

– Бир аз жалгыз калгым келип жатат. Жубайлардын ортосунда кризис деген нерсе бар экен го. Мен бир аз жалгыз калайын. Билесиң, мен баары бир сенсиз жашай албайм.

– Мен сени жоготуп алам деп корком.

Эркин бул сөздү ичинен айттыбы же сыртынан айттыбы, түшүнбөй калды. Азыр кетирбей коё албайт, токтото албайт. Анткени Айсулуунун темирдей мүнөзү бар, бир чыгарган чечиминен кайтпайт. Бирок Эркиндин көздөрү жалдырап турду. “Кетпе, кандай болгон күндө да мени таштаба” деп жатты көздөрү, Айсулуу көзүн ала качты.

– Макул, бүгүн албай тур билетти. Мен иштеримди бүтүрө калайын. Чогуу кетебиз.

Айсулуу башын ийкегендей болду. Эркин жумушуна кетти. Жалгыз калган Айсулуу үйдү айланта карады. Кандай гана бактылуу болушкан эле бул үйдө... Элестер биринин аркасынан бири... Эркин бул үйгө көтөрүп кирген Айсулууну...

– Вау, сонун үй го. Бул эми биздин үйбү?

– Ооба, сен кааласаң сатып да алабыз.

– Бирок биз саякаттайбыз деп чечтик го.

– Албетте, саякаттайбыз.

Аялынын алкымынан, көздөрүнөн өпкүлөдү. Айсулуу да ага ыктай берди.

Ушундай жалындап сүйүштү бири-бирин, мындай бүтөт деп Айсулуунун үч уктаса түшүнө кирген эмес. Ушул элестер көз алдына келди. Туруп чемоданын жыйнай баштады. Нике шакегин алып чыгып тумбочкага койду. Кыя албай кайра колуна салды. “Балким, мунун баары калптыр” деген үмүт болуп жатты. Кат жазайын деди, ага да эмне деп жазарын билген жок. Жүрөгү үзүлүп кетчүдөй болуп жатса да эшикти көздөй кадам таштады... Кайсы жерде башталса, окуя ошол жерден бүткөнү оң. Демек, мекенинен...

ххх

Эркин жумушта отурган. Бир маалда Айсулуунун гинеколог врачы телефон чалып калды.

– Саламатсызбы?

– Эркин, саламатсыз, баары жакшыбы, Айсулуу оюнан кайттыбы?

– Кайсы оюнан?..

– Сизге айткан жок беле?

– Эмнени?

– Эгерде өзү айтпаса менин айтканым туура эмес болуп калат го...

– Балким, унутуп калгандыр, бала жакшы элеби? Сиз айта бериңиз мага...

– Түйүлдүк жакшы. Эч бир маселе жок. Айсулуу кечээ келип мага баланы боюнан алдырам деди.

– Эмне-е?

– Мен убакыт өтүп кеткенин, баланы бул убакта алдырса болбой турганын айттым.

– Кандайча?- деди Эркин киркиреген үн менен.

– Абалы оор болчу. Баланы каалабай жатканын айтты. Балалуу болуу туура эмес чечим болгонун айтты. Ыйлады. Мен дагы ага ойлонушу керектигин айттым.

Эркиндин колунан телефон түшүп кетти. Шалдырап отуруп калды. Демек, билген экен баарын! Бүттү баары. Мушкердин колунан соккунун аркасынан сокку жегендей далдырады да калды. Канча отурганын билбейт, бир маалда өзүнө келип үйүнө жөнөдү. Жолугушканда эмне айтам, кантип көзүнө карайм деп ойлонду. Эшик ачык калыптыр. Жүрөгү шуу дей түштү.

– Айсулуу!

Жок, бош экен бөлмөлөр. Кеткенин жүрөгү менен сезди. Кийим салган шкафтарды ачты, кийимдери жок экен. Кетиптир, демек... Бакырып-бакырып алды. Бөлмөдөгү буюмдар да аны шылдыңдап жаткандай сезилди. Куду ушулардан өч алчудай колуна эмне тийсе талкалап кирди. Чарчаганда токтоду. Талкаланган буюм-тайымдын ортосунда отуруп буркурап ыйлап жиберди. Дал ушул бөлмөдөй талкаланды, алардын жашоосу, кыялдары...

ххх

Айсулуу апасына жазган эле, аэропорттон тосуп алды. Ал кызы жөн келбегенин жүзүнөн карап эле билди.

– Апа, кандайсыз?- деди кызы суз жылмайып.

– Жакшы, Эркин келген жокпу? Ал сени жалгыз жибербейт эле...

– Келет жакында. Бир иши чыгып калды.

– Тынч элеби?- деди апасы үйрүлүп түшүп.

Айсулуу эрдин кесе тиштеди. Азыр ушул жерден ыйлап ийчүдөй болуп барып араң токтоду. Башын чулгуй берди.

– Баары жакшы, апа...

Ушул учурда ага телефон чалуу келди. Бул Эрик болчу.

– Сени көрдүм. Атаң менен болгон окуянын аягына жетем деп келсең, менден гана маалымат ала аласың. Ал дагы бекер эмес. Чоң акча турат! Сени менен учакта чогуу келдим, мени байкаган жоксуң.

– Эмне-е?

– Чүш, сенин эмнеге келгениңди билем. Далилдердин баары менде. Сен туура жолдосуң. Үйүңдү билем, өзүм кабарлашам.

Телефон өчтү. Колдору калтыраган Айсулуу эки жагын карады. Эч ким көзүнө чалдыккан жок.

– Эмне болду? Ким телефон чалды сага?

– Мындай эле, жүрүңүз, такси кайсы жакта?..

Айсулуу апасы менен таксиге түшүп кетти.

ххх

Аскар жашоосундагы экинчи тозогун жашап жатты. Кант диабети менен ооруп калганына көп болгон. Өзү оору менен алышып, бир жагынан жаш аялы Маралдын жоруктары жанын күйгүзүп, дагы бир жагынан компаниясы банкрот болуп айласын таппай калган. Элден да алыстап, өзүн көлдөн ыргытылган балыктай сезип жатты. Дарысын издеп эч таппай койду.

– Марал!

Үн каткан адам болгон жок.

– Марал дейм!

Жооп жок. Уктоочу бөлмөнү ачып Марал бирөө менен шыңкылдап күлө сүйлөшүп жатканын көрдү. Ачуусу башына урду.

– Эй, токтотчу алдагы телефонду. Күнү-түнү ушуну менен кыйшаңдап отурасың. Башка ишиң барбы?

– Тысс!- деди да Марал телефондогу адамы менен шашпай сүйлөшүп бүттү.

– Ии?- деди сулуу каштарын серпе Аскарды жек көрө карап.

– Дарыларымды койгон жеримден таппай жатам.

– Мен кайдан билем, өзүң коёсуң го дайыма.

– Таппай жатам мен!

Ордунан турган Марал басып барып текчелерди караштырып жатып бир кутуну таап келди. Ал бош чыкты.

– Алып койсоң болобу?

– Кызык, эмнеге мен алышым керек?

– Сенин бул үйдө функцияң кандай өзү?

– Не читай мне мораль!- эшикти бетине тарс эте жапмакчы болуп бара жаткан жаш аялынын колунан кармай калды.

– Дагы?

– Тажаттың, чын, ооруп жатсаң ал үчүн врачтар бар.

Аскар күйүп кетти. Бир апта мурун эле ооруканага жатып чыккан. “Эми кайра жат” дегенин кара. Деги буга ким Аскар?

– Мен сага киммин?

– Уф, тажаттың.

– Мен сени тажатсам жол ачык. Эч кимди кармаган жокмун.

Марал эч нерсени укпагандай башын чулгуй каалгып кирип кетти. Бул ушундай, эч нерсе менен муну өзгөртө албайсың, жамбашын чайпап, кашын серпип басып кетет. Бир нерсени айтып түшүндүрүү да мүмкүн эмес. Мыйыгынан жылмаят да турат. Бул Марал! Аскар өзөгү өрттөнө үшкүрдү. Аягы ушундай эле беле? Жыргады, ойноду, күлдү. Баласын бала деген жок, аялын аял деп кадырлаган жок. Азыр ага баары чоочун. Өзү да аларга чоочун. Дүйнө жүзүндө ага ыйбоо карай турган адам жок. Дарысы түгөнүп калса да, ал тургай өзү өлүп калса да баары бир. Жашап жатабы, өлүп жатабы эч кимдин иши жок. Сөгүнүп алды. Бирок ошол эле учурда “мен бул жашоону өзүм жасап алган жокмунбу?” деген ой келген жок. Бардыгы көмүрдөй кара, өзү эле апакайдай сезилди. Эшикти тарс жаап чыгып кетти. Кимге барат? Сүйүнгө баргысы келди. Бирок бара албады. Досу Алмазга бармай болду. Бир болсо ошол эски досу көңүлүн көтөрөт. Дагы эле баягы өзгөрбөгөн Алмаз досу. Баягы эле устаканасында иштеп жатат. Болгону кичинекей небереси там-туң баса бир нерселерди кылып жүрөт.

– Эй, сен да токол алып балалуу боло калдыңбы?- деди таң калган Аскар.

– Кудай аткыр, оюң жаман сенин!- деди күлгөн Алмаз. – Бул неберем. Улуу балам үйлөнгөндө келбей койдуң эле го, ошонун баласы. Так мени тартыптыр, оюнчуктун ордуна ушул жерге келип темир менен ойнойт.

Сыймыктана кичине баланы колунан ала алкымынан жыттап алды. Досунун колундагы кичине баланы карап жүрөгү сыздай түштү Аскардын. Анын да небереси болмок, ал да небересин колуна алып ушинтип жыттамак. Бирок жыттай албайт болчу, анткени анын таятасын...

Ойлордон качкысы келгендей башын чулгуп алды. Асманды карады, көздөрүнө келген жашты ушинтип токтотту. Алмаздын анын кайгысы менен эмне иши бар? Колундагы неберени кучактап мээримин төгүп жатты. Бир кезде Аскарды тиктеп калды.

– Эргул, сен мага жөн келчү эмес элең, эмне болду?

– Кандайча?

– Аябай жакшы болуп турганда же аябай жаман болуп турганда эле мени издейсиң сен. Хе-хе, билбейт дейсиңби?

Аскар айласыз күлүп башын чайкады...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА