Исирадин Аманбаев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ЭКИ КҮНДӨ КЫРГЫЗСТАНГА ТААНЫЛГАМ”

“Ай жарык”, “Айданек”, “Нестан Дарежан”, “Мөл булак” деген хит ырлары менен калың элге таанымал болгон ырчы, композитор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдын директору, таланттуу агабыз Исирадин Аманбаев менен маектештик. Маекте балалыгы, өнөр жолу, музыкага арналган 45 жылдык өмүрү, үй-бүлөсү, ушул кезге чейин хит болуп келе жаткан ырларынын тарыхы тууралуу кеп кылдык.

“АТАМ ТАЗАЛЫКТЫН СИМВОЛУ ЭЛЕ”

– Мен 13 жашымда биринчи обонумду чыгаргам. Ал обонум өрөөн боюнча популярдуу болуп, менин өнөр жолум башталды. Өнөр атадан балага өтөт экен, жети атадан бери санаганда комуз черткендер көп болгон. Чоң атам Аманбайдын атасы өнөрлүү адам болгон экен. Өзүмдүн атам айылдагы чоң комузчу болгон, ал 95 жашында каза болду. Атам 6 жашымда мага комуз черткенди үйрөткөн. Мен эле эмес, бир туугандарымдын баары комуз чертишет, бирок кыйын черткени мен болуп калдым (күлүп). Балалык дегенде сөзсүз айылым эске түшөт, Алайкуу өрөөнүндөгү Көңдүк деген аска-зоолуу, жомоктогудай айыл болчу. Эмнегедир ошол кезде айылда бардык адамдар комуз черткендей сезилчү мага. Атам мурун ырдачу экен, бирок ооруп калып кийин ырдабай калыптыр, комуз чертчү. Дили таза эле, атамды ушуга чейин тазалыктын символу катары элестетем. “Ушак айтпа, калп сүйлөбө” деп тарбиялады бизди. Апам болсо санжыраны мыкты билген, сөздүн күчүн, баркын сезген жан эле. Баланы таптап чыгарган ата-эне болот да, балалыгым комуздун күүсү, санжыра менен өттү.

“РЫСПАЙ АБДЫКАДЫРОВ ӨНӨР ЖОЛУНА КЕЛИШИМЕ СЕБЕПЧИ БОЛДУ”

– Бала чагымда акын, жазуучу болом дечүмүн. Музыкант болуп калганыма Рыспай Абдыкадыровдун таасири чоң. Мен 9-класста окуп жүргөндө айылга концерт коюп барып калышты. Ал кезде обон жазып айылда атым чыгып калган. Рыспай Абдыкадыров менен таанышкан соң 2 ырымды ырдап бердим. Ал обондорумду жактырып, "биз менен жүрө бер" деп койду. Балык кармаганга кызыгат экен, анын балыгына жем таап берип жанында жүрүп калдым. Ал Ош мамлекеттик университетинин музыкалык бөлүмүндө иштечү, “мага кел” деп кетти. 2 жылдан кийин мектепти бүтүп, ал киши мугалим болгон окуу жайга тапшырып, өтүп кеттим.

“ОБОНДОРУМДУН 100 ЧАКТЫСЫ ЫРДАЛЫП КЕЛЕ ЖАТАТ”

– Чыгарган обондорумдун баары эле ырдала бербейт. Сапатка көңүл бурам, 100дөй обонум эл оозунда ырдалып жүрөт. Хит болгону 20-30 чактысы болуш керек. Төрт күү да чыгаргам. Кантип атактуу болдум? Эки күндө бүтүндөй республикага атым чыгып кеткен (күлүп). Бул өзү кызык окуя, 22 жашымда “Нестан Дарежан” деген ырымды чыгаргам. Ош шаарында чоң сынакка катышып, ушул ырды ырдап чыккам. Ош телерадиосу тартып калыптыр, сахнадан кетирбей кол чаап ошол ырымды кайра-кайра ырдатышкан. Эртеси эле радиодо, теледе ошол ырым жаңыра баштады. Ырды тез эле магнитофондун кассетасына көчүрүп алышып, хит болуп кетти. Эки күндө Исирадин Аманбаев деген ысым дүңгүрөп, ал кездин популярдуу ырчысы болдум. Биздин убакта интернет деген жок да, ырчы дегендин жүзүн көрүү, учурашуу сыймык болчу. Жолугушуулар тез-тез болуп турчу. Азыр эми популярдуу болуш оңой болуп калды, элге тез таанылышат. Бир айдан кийин элдин эсинде да, өзү да, ыры да жок, анткени өзүнүн үнүбү, же жазылган үнбү, күмөн. 45 жыл мурун жазган ырларым азыр жаңыртылып ырдалып жатпайбы. Элдин эсинде калыш үчүн эмгек керек.

ҮЧ АЙДАНЕК

– “Айданектин” тарыхы мындай. Сөзүн жазган акын Кожогелди Култегин. Экөөбүз чыгармачылыкта жакшы түшүнүшөбүз, бир топ ырларымдын сөзүн жазган. Ал Москвада окучу, Бишкекке келип калганда сырдашып шаардын сыртына чыктык. Жолукканга эреркеп кеттик окшойт, ал “элде жок ат менен, элде жок обон жазбайсыңбы?” деп калды. Эки күндөн кийин мага телефон чалып “ай, мен атын таптым. Айданек болсун” деди. Андай ат ал кезде кыргызда жок кези эле, ойлонуп калдым. “Айдай жана данектей болгон кыз” деп түшүндүрдү. Текстти жазып берди, обон чыгардым. Обон дагы текст сурап туруп алды, кийин Кожогелди дагы куплеттерди кошту. Обондун кайрыктары салттуу эмес, башкача, ырдын түзүлүшү өзгөчө. Ырга таасирленип кыздарга Айданек деген аттар ошондон кийин коюлуп баштады. Ыр чыккандан кийин 5 жылдан кийин Кожогелди Култегин кыздуу болуп, атын Айданек койду, Аскат Мусабеков ырдап, ал да кызынын атын Айданек коюптур (күлүп). Мен неберелүү болуп, ат издеп эле таппайм, Айданек эле эсимден кетпейт десең, ага да ушул атты ыйгардык.

“АЙ ЖАРЫКТЫН” ТАРЫХЫ

– Көп эле музыкалык аспапты чертем, гитараны жакшы чертчүмүн, “Ай жарык” гитара менен чыккан обон. Мидин Алыбаевдин ыры көзүмө түшүп бир отурганда эле обон чыгып калды. Ал кезде студент элем, студенттердин арасында тез тарап кетти. Эстрада жанры өнүгө элек болчу, “Ай жарык” эстрада жанрындагы алгачкы ырлардын бири. Анткени бийлегенге ылайыктуу да.

“Кучактадым, сен мен жакка ыктадың,

Мен да ыктадым, кучагыңдан чыкпадым.

Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,

Жакаңдагы кызыл гүлдү жыттадым” деген саптары бар эмеспи. Союз мезгилинде мындай ырлар ырдалчу эмес да, мага жогору жактан келип “ырдаба” дешти. Балээсинеби, ыр эбак элге жайылып, жалаң ушул ыр менен кечелер өтүп калган (күлүп). Тыюу салганга карабай жарып чыккан обонум ушул болду. Кийин буга окшоштуруп “Ай, гитара, гитара” деген ырымды чыгардым. “Ай жарыкты” казак туугандар жакшы ырдап жүрүшөт. Бардык жанрга түшө берет, түрдүү кылып 100дөй ырчы ырдады. Мурун менден эч ким обондорумду ырдап жатканда уруксат сурашчу эмес. Азыр сурап калышат. Жаман чыгып калса кейип калам, жакшы чыкса сүйүнөм. Обондор эл үчүн чыккан да, ырдалып турганы сыймык.

“УУЛУМ ЖОЛУМДУ ЖОЛДОГОНУНА КУБАНАМ”

– Улуу комузчу Атай устатына “өнөр үйрөт” деп барса “өнөрдүн жолу азап болот, азапка чыдасаң чыгармачылыктан бакыт табасың” дептир. Уулум музыкант болду, эл аралык сыйлыктын ээси, пианист. Уулума менин жолума түшкөндө жогорудагыдай сөздү айтсам керек. Эки кызым башка кесиптерди тандашты. Уулуң жолуңду жолдогон жакшы экен, анткени менин чыгармачылыгыма аяр мамиле кылат, түшүнөт, эмгектеримди чогултат, ырларыма экинчи өмүр берет. Жакында чыгармачылыгымдын 45 жылдыгы өттү. Колума кол, бутума бут болду. Кудайга ыраазы болуп калдым.

“УСТАТТАРЫМ...”

– Жогоруда айткандай, ырдын пири Рыспай Абдыкадыров мендеги учкунду байкап, өнөр жолуна жетелеген адам. Улуттук консерваторияга келгенде Алтынбек Жаныбеков деген билими күчтүү композитордун колуна түштүм, менин экинчи устатым. Өнөрдүн сырын ошол адам үйрөттү. Үчүнчү устатым атактуу Асанкан Жумакматов болду, мен популярдуу обондорду чыгарып, бирок айылда мугалим болуп иштеп жүргөндө обондорумду оркестрге салып, анан мени издеп барыптыр. “Бул жерде жүрбө. Борборго барышың керек” деп мени борборго алып келген адам ошол. Ушул үч устатымды айтып келем. Андан тышкары өнөрүнөн таасир алган устаттарым да бар. Мисалы, Түгөлбай Казаков агам. Шакирттерим Бек Борбиев, Майрамбек Осмонов, Сыймык Бейшекеев, дагы көп эле балдар-кыздарга жол көрсөтүп, колдон келген кеңешимди айтып келе жатам.

“МҮНӨЗҮМ...”

– Чыгармачыл адамдардын мүнөзү жумшак болот. Мен бирөөгө катуу сүйлөп алсам көпкө ойлонуп кыжалат болом. Кээ бир учурда кырс, катуу мүнөз болушум мүмкүн, бирок тез эле жазылып кетем. Эч бир адамды душманым деп эсептебейм, эсептеп калсам, анда биринчи иретте өзүмдү күнөөлөйм. Анткени бир нерсе кылбасам деле бирөө мага душман боло бермек беле (күлүп)?

ЭРКИН МИКРОФОН...

– Таланттуу адамдарды элге жакындаткан, аларды тааныткан мына силерсиңер, журналисттер. Рахмат айтам, ыраазычылык билдирем. Ал эми элиме болсо тынччылык каалайм. Обондорум эл арасында ырдалып жатканына бактылуумун, анткени өнөр ээси эл үчүн эмгек кылат. Бактылуулукта жолугушалы!

Турдубек Чокиев, композиторлор союзунун төрагасы: “ИСИРАДИНДИН ӨЗҮНӨ ТААНДЫК СТИЛИ БАР”

– Мен азыр композиторлор союзунун төрагасымын, 15-20 жылдан бери мүчө болуп иштедим. Ошондуктан Исирадин Аманбаевдин чыгармачылыгын гана айтып бере алам. Инсан катары, жетекчи катары башкалар айтып бейнесин ачып берет болуш керек. Көп жылдан бери кыргыз обондорун байытып келүүдө. Билимдүү композитор. Муну жакында өткөн концертинде далилдеди. Обондорунда сөз жок, артыкчылыгы ушунда, анын өзүнө гана таандык кайрыктар бар. Музыканы угуп жатып биринчи кайрыгынан кимдики экенин билсең болот. Жазуучулардын стили болот эмеспи, мисалы, Айтматовдой кааласа да эч ким жаза албайт го. Композиторлордо ошондой өзүнүн почерки менен, стили менен келгендердин бири Исирадин. Бул анын чыгармачылыгынын бийиктиги, “Нестан Дарежаны” болобу, “Ай, гитарасы” болобу, “Соң-Көлү” болобу, дароо аныкы экенин билесиң. Дүйнөлүк композиторлордо ушундай болгон, укканда эле бул Моцарттыкы экен, Бетховендики экен, Чайковскийдики экен деп билип алышат. Көп обондор бар, кимдики экенин деле билбей каласың, унутулуп калат. Мисалы, Рыспай Абдыкадыровдун обондорунун стили таанымал. Бул нерсе обончунун бийиктиги. Акыркы убакта күү да чыгарып жүрөт. 3-4 күүсүн билем. Күү жаратуу оңой эмес, бул Исирадиндин дагы бир багыты. Концертинде симфониялык оркестр менен “Майдан” поэмасын аткарды. Бул бийиктикке көбү жете бербейт. Обончу эле эмес, аткаруу жагынан да мыкты үнү бар. Бир топ жетекчилик кызматтарды аркалап келди, бул жагын мен айта албайм. Бирок чыгармачылык жагына бийик баа берем.

Динара Аманбаева, жубайы: “ИСИРАДИН НЕБЕРЕЛЕРИНИН АЙТКАНЫ МЕНЕН БОЛОТ”

– Исирадин агайыңар менен студент кезде таанышкам. Ошондо эле студенттердин арасында белгилүү ырчы болуп калган экен. Ырчы катары жолугушууга чакыра берчүбүз. Ошол жерден таанышып, кыз-жигит болуп жактырышып, кийин жубайы болуп, азыр минтип неберелерди карап отурган убакка жеттик (күлүп).

Бул киши сыртынан катаал, сүрдүү көрүнүшү мүмкүн, бирок мүнөзү жумшак. Дегеле балдарына, мага катуу айтпайт. Мээримдүү ата, күйүмдүү күйөө, неберелери эмне айтса кыла берген чоң ата. Биздин 6 неберебиз бар. Атактуунун аялы болгон оор дешет, мен оорчулук деле сезген жокмун. Мен китеп окуганды жакшы көрөм, биздин сүйлөшө турган темаларыбыз көп болчу, ырларын талкуулайбыз, кызыктуу адам менен жашап жатам.

Кызганыч деле өтө болгон жок, анткени чыгармаларында китептеги каармандар эмеспи (күлүп). Мага “ушуну сага арнадым” деген ыры “Күн желеси”. Мага ырларынын обондорунун баары эле жагат, өзгөчө “Сагынба” деген ыры жагат. Уулубуз дагы атасынын жолу менен кетти. Биз эч кандай таңуулаган жокпуз, өзү бул жолду тандады. Азыр уулум дагы таланттуу пианист болгону үчүн эне катары сыймыктанам.

Аскат Мусабеков, ырчы: “ИСИРАДИН БАЙКЕ ЫРЫН ӨЗҮ СУНУШТАП КАЛДЫ”

– Исирадин агабыздын чыгармачылыгы, ырлары мага аябай жагат. Обондорунун түркүн формада болушу, кеңири диапазондо болушу сонун. Музыкант катары бардык жанрды ала жүргөнү, чыгармачылыгына аяр мамиле кылганы өзгөчөлүгү деп ойлойм. Мен мурун агайдын “Нестан Дарежан” деген ырын ырдап жүргөм. Кийин социалдык тармактарда жазышып калып “Айданекти ырдап чыкпайсыңбы, сенин үнүңө туура келчүдөй болуп жатат” деп калды. “Мен да ушул ырды ырдаганга уруксат сурайын деп батына албай жүргөм, ырдап чыгайын, байке” деп көктөн тилегеним жерден табылып кубандым. Түрк тилине которуп ырдоо жагын да сүйлөшүп жаткам, ошол вариантын да ырдап чыгам деп турам.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА