“КАМБАР-АТА 1” ГЭСин КУРУУ БАШТАЛДЫ. ЧУУЛУУ ДОЛБООР АЯГЫНА ЧЫГАБЫ?

Президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу иштерин баштоого 8-июнда старт берди. Президент Токтогул районунда ГЭС курула турган аймакка барып, Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы Борбордук Азия үчүн мааниге ээ мега долбоордун башталганын расмий жар салды.

Эки коёнго бир ок...

Президент Жапаров аталган ГЭСти куруу Кыргыздын энергетикалык коопсуздугу үчүн зарыл дейт.

– Бүгүн биз өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуучу Орто Азия аймагындагы эң ири гидроэлектростанциянын курулуш ишин баштап жатабыз. “Камбар-Ата 2” ГЭСин эске албаганда, 30 жыл ичинде жаңы ГЭС курулган эмес. Ошондуктан энергетикалык кубаттуулукту көбөйтүү милдети курч турат. “Камбар-Ата 1” ГЭСин ишке киргизип алсак “Камбар-Ата 2” ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзүлөт,- деди президент Жапаров.

Долбоорго 2,9 миллиард доллар сарпталат

“Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга жалпы 2 миллиард 916 миллион 600 миң доллар сарпталат. Долбоор 8-10 жылда 6 этап менен ишке ашырылат деп күтүлүүдө. Эксперттердин маалыматына таянсак, “Камбар-Ата 1” курулса 1860 мегаватт кубаттуулуктагы гидроэнергетикалык станция ишке киргизилип, 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын алууга шарт түзүлөт. ГЭСтин суу сактагычы 5,4 миллиард метр куб сууга ылайыкталат. Биринчи агрегатын 2026-жылы ишке киргизүү пландалууда.

Учурда Кыргызстан өз каражатына ГЭСтин тосмосу курулуучу аянтка чейин жол сала баштады. Буга бюджеттен 1 жарым миллиард сом бөлүнгөнү айтылды. Бул акча транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирчү көпүрө, жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

Мурунку майнапсыз аракет

2012-жылы Кыргыз-Орусия өкмөттөрү ортосунда “Камбар-Ата 1” жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашуу түзүлгөн. Келишимге ылайык, сарптала турган чыгымды Орусия өзү тапмак. ГЭСтин 50 пайыз үлүшүнө Кыргызстан, 50 пайызына Орусия ээлик кылып, ГЭС өзүн актаганга чейин Кыргызстан өз үлүшүнүн 25 пайызын орус тараптын башкаруусуна берип туруу каралган. Долбоорго старт берилип, орусиялык “Русгидро” ишке киришкен. Бирок Орусия долбоорго карата шарттарын өзгөртүп жиберип, буга көнбөгөн Кыргызстан 2016-жылы келишимден чыгып кетти. Мындан улам Кыргыз тараптын моюнуна 37 миллион доллар карыз илинди. Бул – долбоор башталгандан токтотулганга чейин жумшалган каражат. Үстүзбүздөгү жылы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 37 миллион долларлык талаш чечилгенин, аталган сумма өлкөнүн ички суверендүү карызына которуларын билдирди.

Каршы чыккан коңшулар көнүштү

“Камбар-Ата 1” ГЭСин Кыргызстандын коңшулардын кийлигиштирбей куруу аракетине Өзбекстан менен Казакстан кескин каршы болуп келишти. Алар аталган ГЭСтин курулушу Борбордук Азияда суу балансын бузат деп макул болушчу эмес. 2013-жылы ГЭСтин техникалык параметрлерин аныктоо боюнча коңшу өлкөлөр ортосундагы сүйлөшүүгө Өзбекстан катышуудан ачык эле баш тарткан.

2016-жылы “Русгидро” менен келишим жокко чыгарылгандан кийин Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата 1ди” Казакстан жана Өзбекстан менен бирге курууну тандады. 2017-жылы Бишкекке иш сапары менен келген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев аталган ГЭСти курууга каршы эмес экенин, ГЭСти курууга Өзбекстан да катышарын ачыктаган.

“Камбар-Ата 1ди” курууга коңшулар катышарын жакында президент Садыр Жапаров да ырастады.

– Учурда үч тараптын катышуусунда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалууда. 1-2 жылдык убакытты талап кылат экен, бүтөрү менен баштайбыз. Бул ГЭС бизге электр энергиясын пайдалануу үчүн гана керек. Суусун колдонууга Казакстан менен Өзбекстан көбүрөөк кызыкдар. Ошондуктан бул өлкөлөр ГЭСти курууга катышып, инвестиция салганы туура болот,- деди президент.

Коомчулукта “Кыргыздын суусу жалпы Борбордук Азия өлкөлөрүнө таандык табигый байлык болсо, анда эмне үчүн Казакстан менен Өзбекстандын жаратылыш газына Кыргызстан ортоктош эмес?” деген риторикалык суроону узаткандар көп.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1018, 10-16-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан