Маек төрүбүздө УТРКнын ажарлуу дикторлорунун бири Чолпон Медетбекова. Социалдык тармактарда шакылдата жаңылмач айтып элди таң калтырган дагы ушул кыз. Чолпон айым менен кесиби, бул кесипке келүү жолдору, кыялдарына жеткендеги сезимдери, жеке жашоосу тууралуу кызыктуу маек болду.
Туулган жылы: 1992-жыл, 6-декабрь
Туулган жери: Нарын облусу, Кочкор району
Билими: Кыргыз экономикалык университетин аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы: бойдок
– Чолпон, саламатсызбы? Алгач сиз менен кенен таанышып алсак...
– Саламатсыздарбы? Мен Кочкордо төрөлүп-өскөм. Мектеп курагынан эле активдүү болчумун, үйдө жумуш жасабай эле ийримдерде, иш-чараларда жүрчүмүн. Комуз, бий, хор, англис тили ийримдерине жазылып алгам, мектепте староста болдум. Ошентип апам айткандай, “үйгө пайдам деле тийген жок” (күлүп).
– Кесип тандоого келгенде эмнеге таяндыңыз?
– Мектептен кийин кандай кесип тандашымды билген эмесмин. Ошол учурда юрист, экономист болуу актуалдуу болчу. 9-классты аяктагандан кийин атам “экономика тармагына тапшыр” деп калды. Чоң ата-чоң апаларым да эсепчи болгондуктан экономист болом деп ойлоп, КЭУнун алдындагы лицейге тапшыргам. Бир жылдан кийин экстерн тайпа менен ЖРТ тапшырып, КЭУга бюджеттик негизде окууга өттүм. Окуу жайда деле активист болдум. Ырдап, алпаруучу болуп болгон иш-чараларга катыштым, окууну дагы жакшы окуп, кызыл диплом менен бүттүм.
– Экономист кантип анан диктор болуп калды?
– Окуп жүргөндө экономист ким экенин, эмне иш аткарарын түшүндүм, бул тармак меники эмес экенин да түшүнгөм. Ошондо эле апамдарга “КТРКга кирип, жаңылыктарды алып баргым келет” дей берчүмүн. “Барып көрбөйсүңбү” дешсе кайра өзүмө ишенбей баш тарта берчүмүн. Барсам, “сен кимсиң, эмне кылганды билесиң?” деп сурайт да, мен ал тармактан эч нерсени билбейм да деп ойлочумун. Азыр ошондо эле бара берсем, карьерам эрте башталмак беле деп ойлоп калам. Анткени журналистикада сөзсүз журналистиканы аякташың керек деген нерсе жок экен. Баары өзүңдөн көз каранды тура. Окуу жайды бүткөндөн кийин банкта иштедим, бир компанияда менеджер болуп иштедим, мага жаккан жок. Ошол кезде “Кыргызстан” деген телеканал ачылган. Ал жакка PR менеджер болуп кирдим. Мага башкысы, кирип аралашып алышым керек болчу. Мен үчүн бул тармакка кадам таштаганымдын өзү чоң жетишкендик эле. Ал кеңсеге басып киргенимден ырахаттанып жүрдүм. Бир жылдай пиар менеджер болуп иштегенден кийин жетекчиге кирип, “мен жаңылык окугум келип жатат” дедим. Окутуп көрүштү, окшошкон жок. Жарабайт окшойм деп жаман болдум, бирок үмүтүмдү үзгөн жокмун. Изилдеп сураштырсам, “актриса Калича Сейдалиева үндү жакшы коюп берет” дешти. Андан сабак алып, жаңылык даярдай баштадым. Бара-бара окшошо баштады. Бир жылдай кабарчы болуп иштедим. Бирок менин эфирге чыккым келип жатты. Ал жердин студиясы эч эле жасалып бүтпөй койду. Анан “Пирамида” телеканалына барып, дикторлукка өтүп кеттим. Башында жаздырып чыгып жаткам, 1 айдан кийин түз эфирге чыга баштадым. Биринчи түз эфир баары бир эсиңде калат да. Жаздырууда эле сүрдөчүмүн, түз эфирде кулап калам деп ойлогом. Таң калычтуусу – түз эфирден ырахат алдым. Бир да жаңылган жокмун.
– КТРКга кантип келдиңиз?
– КТРКга кирүү кыялым болчу дебедимби. Кандай адамдар иштейт болду экен деп ойлоно берчүмүн. Ал жакка резюмемди жөнөтө берчүмүн. Бир күнү чакырышты. Ошентип кыялым ишке ашты.
– Түз эфир учурунда кызыктуу окуялар көп болсо керек?
– Ооба, көп болот. Бир күнү отургуч ыңгайсыз болуп калды. Сыйгалак болуп, шыпырылып баратам, жыгылганы жатам. Бир маалда отургучту ары жылдырып салып, отургандай түр көрсөтүп 5 мүнөттөй эфирде болдум.
Бир жолу “Пирамидада” иштеп жүргөндө режиссёр, жооптуу редактор болуп сүйлөшүп отуруп аябай күлдүк. Анан эфир башталып кетти. Жарылайын деп жатам, көз алдыма ошол окуя элестеп жатты, тигилердин дагы деле күлүп жатышканы кулагыма угулуп жатат. Же токтогула деп айта албайм. Кыйшайып жатып эптеп чыдап алып бардым, ичимден келме келтирип жатып араң өзүмө келгем. Ошондон кийин эч качан эфир алдында күлбөш керек экен деп калгам.
Мага чек арадагы атышуу, митингдер, кооптуу учурларда жаңылык окуган кыйын. Өзүм эмоционалдуумун, жүрөгүмө жакын кабыл алам. Ыйлагың келген учурлар болот, бирок бизге ыйлаганга болбойт, эмоцияга алдырбай чагылдырып беришибиз керек. Жакшы жаңылыктарды окуган жагымдуу.
– Жаңылмач менен да жакшы таанылдыңыз...
– Ооба, жаңылмач айтып жүктөбөсөм жаштарга таанылбай деле калмак окшойм (күлүп). Бизди көбүнчө айыл жергесинде, улуулар көрөт да. Жаштар Тиктокто жүрөт. Жаңылмачтын элге жакканы, жаштардын суктанып, шыктанганы мага жакты. Бул кызыктуу нерсе. Бул дагы бир чыгармачылыктын багыты. Мындай болот деп ойлобой эле жүктөгөм. “Мен да айттым” деп видео жөнөткөндөр болду, аларды көрүп жыргадым. Бул сонун да, эс-тутумду бекемдейт, тилиң такшалып так сүйлөгөнгө жардам берет. Бул жакшы үлгү. Албетте, эфирге чыгып жаткандан кийин көп киши тааныса кубанып каласың. Эфирдин жүзү болуп жатсаң, анан сен кимсиң десе деле жаман. Мен ал видеону чыгаргандан 15 мүнөттөн кийин иним “Тиктокто жүрөсүз го” деп жөнөттү, 15 мүнөттө 150 миң көрүү топтоптур. “Четверг четвёртого числа...” деген жаңылмачка мен “Пирамидада” иштеп жүргөндө эле кызыккам. Орустар эң узун жаңылмач деп туруп, бирок шашпай айтышат экен, мен да айтып көргүм келди. Эмнегедир ушул жаңылмачты бир дем менен бат-баттан сонун айтам деп максат коюп алдым. КТРКга келгенде дагы улантып жаттадым. Айтсам бирөө мага сыйлык берчүдөй жаттадым, 2 жума бою күн сайын кайталап жаттадым, үйдөгүлөрдү тажаттым (күлүп). Жаттагандан кийин үнүмдү жаздырайын десем, студия бошобой 3 күн жүрдүм. Бул жаңылмач менен көптөрдүн жинине тийдим (күлүп). Анан жүктөсөм эле ушундай нерсе болду. 2 күндөй бум болду окшойт.
– Ырчылык да өнөрүңүз бар экен?
– Өзүм негизи эле чыгармачыл адам экенмин, ырга, бийге жакынмын. Кичинемде ырчы да болгум келчү. Былтыр жан дүйнөмдү тынчтандырыш үчүн ыр жаздырып, клип тарттырып койдум. Ырчылык менен кетсемби деген учур да болду. Бирок жан дүйнөм каалаган учурда гана ырдап баракчама жүктөп турмай болдум. Анткени бул кесипти да сыйлайм, ага да чоң жоопкерчилик менен мамиле жасаш керек. Мен туура ырдаганды билбейм. Бирок өзүмө жаккандай кылып ырдай алам.
– Ата-энеңиз сиз менен сыймыктанып калышабы?
– Ооба, ата-энем сонун адамдар, дайыма мага ишенип, колдоп, мактап эле турушат. Жаңы чыгып баштаганда “кызыбыз жаңылык алып барып жатат” деп элдин баарына жарыялашкан, Кочкордун баары “Пирамиданы” көрүп калышкан. Кийин көнүп калышты.
– Жеке жашооңузду сурайынчы...
– Жигитим бар, буюрса, баш кошолу деп жатабыз.
– Жакшы, бактылуу болуңуздар!
Перизат Музуратбекова