Айсулуу Аширалиева,Түштүк Кореяда депутаттыкка шайланган кыргыз кызы: “ДЕПУТАТ БОЛУП ШАЙЛАНУУ МАГА ЖЕҢИЛ БОЛГОН ЖОК”

Мекендешибиз Айсулуу Аширалиева 1-июнь күнү Түштүк Кореянын Сеул шаардык кеңешине депутат болуп шайланды. Чет өлкөдө ийгилик жаратып жаткан кыргыз кызынын мындай жетишкендиги көпчүлүк кыргызстандыктарды сыймыктантты. Айсулуу айымга байланышканыбызда: “Шайлоонун мындай жыйынтыгы мен үчүн да күтүүсүз болду, жеңгенимди алгач укканда абдан сүйүндүм”,- дейт. Анда Айсулуу айым менен болгон маекке көз жүгүртүңүз.

– Айсулуу айым, саламатсызбы? Сеул шаардык кеңешине депутат болуп шайланышыңыз менен куттуктайбыз! Айтсаңыз, депутат болгуча эмне менен алектенчүсүз, Түштүк Кореяга качан кеткенсиз?

– Саламатсызбы, чоң рахмат! Мен Түштүк Кореяга 2003-жылы курбу кызымдын чакыруусу менен иштегени келгем. Негизи бир аз иштеп, анан Кыргызстанга кетем деген оюм бар эле. Тагдырдын буйругу окшойт, курбу кызым аркылуу азыркы жолдошум менен таанышып, Түштүк Кореяда калып калдым. Жолдошум корей мырзасы, ортобузда 1 кыз, 1 уулубуз бар. Балдарыбыз Кыргызстанда окуп, жашашат. Кыргызстан балдарыма жагат, өздөрү корей улутунан болсо да мекенибизди менден өтүп сүйүшөт. Балдарды төрөп, алар өз алдынча болгуча 10 жылдай үйдө отурдум. 2016-жылы Хангук чет тилдер университетине магистратурага тапшыргам. Магистратураны 3,5 жыл окудум. Ошол жакта окуп жүргөндө Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повести боюнча илимий иш жактагам. Буга чейин Пусан университетинде иштеген бир профессор бул чыгарма боюнча илимий иш жактаган экен. Бирок аныкы меникиндей терең изилденген эмес дешти.

– Депутаттыкка аттанууда шайлоочулардын колдоосуна ээ болом деп ишендиңиз беле?

– Мен өзүм 7-8 жылдан бери Түштүк Кореядагы “Тобуро” демократиялык партиясынын мүчөсүмүн. 2005-жылдан тартып ыктыярчылык кылып келем, кайрымдуулук иштерде активдүүмүн. Коомдогу мындай иштерим үчүн былтыр мени мамлекет сыйлаган. Ошондой эле 9 жылдан бери Борбор Азия мамлекеттеринин искусство жана маданият ассоциациясынын негиздөөчүсү жана президенти болуп иштеп келгем. Буюрса, бул ишимди депутаттык жумушум менен чогуу алып кетем деген ойдомун.

Быйыл Түштүк Кореяда президенттик шайлоо өттү. Мен дагы өнөктүк иштерине өз салымымды кошком. Өлкөдөгү чет өлкөлүк жарандар, ар түрдүү улуттардан куралган үй-бүлөлөрдүн арасында иш-чараларды уюштуруу жоопкерчилиги мага тапшырылган. Ошол учурда көзгө көрүндүм окшойт. Анын үстүнө мен ар бир жолугушууга, жыйындарга күн суук болсо да кыргыздын улуттук кийимин кийип барчумун. Ошондон кийин мага "ушунча салымыңды коштуң, эми шаардык кеңеште күчүңдү сынап көрбөйсүңбү?" деп сунушташты. Мен ойлонуп, макул болдум.

Тандоо туру 3 этап менен өттү. Биринчи турда толтура документтерди тапшырдык, 2-турда атайын маек өткөрүштү, 3-турда өзүң тууралуу кенен айтып берет экенсиң. Чынында, документтеримди тапшырып жатканда өтүп кетем деген ишеним жок болчу. Биринчи турдан өткөндөн кийин каалоом ойгонду. Документ тапшыруу иштери ушунчалык татаал, суроо-жооп процесси да абдан оор болгондуктан кээде баарынан баш тартып басып кетким келген учурлар да болду. Бирок баштагандан кийин аягына чыгыш керек болчу. 3-турга 10 адам өткөн элек, аларды райондук, шаардык кеңештин депутаттары добуш берүү жолу менен тандашты. Жыйынтык 1-июнда чыкты, биз фракциянын имаратында жыйынтыкты күтүп таң аткыча отурдук, мени өттүң дешкенде катуу кубандым. Биринчи эле жолдошума, андан кийин Кыргызстандагы ата-энеме чалып сүйүнчүлөдүм. Буюрса, 4 жылга депутат болуп шайландым, 1-июлдан тарта расмий жумушка чыгам.

– Корей шайлоочуларынын ишенимине кирип, добуш алуу канчалык оор экен?

– Абдан эле оор болду. Башында макул болуп алып, кийин аябай кыйналдым. Документ тапшырардан мурда алгач 10 миңден ашуун чет элдиктердин, ар улуттардан куралган үй-бүлө мүчөлөрүнүн колун топтодум. Анткени алардын квотасы аркылуу бардым да. Ошентип чет элдик диаспоралардын, ар кайсы мамлекеттердин өкүлдөрүнө жолугуп, жыйындарды өткөрдүм. Аларга маселелерин, көйгөйлөрүн чечишкенге жардам берүүнү убада кылдым.

– Сизди чет өлкөдө депутат болгон алгачкы кыргыз айымы десек болот экен да?

– Түштүк Кореяда буга чейин Улуттук Жыйында (биздин Жогорку Кеңеш) филиппиндик айым, облустук деңгээлде монгол улутундагы аял, райондук кеңешке 2018-жылдары бир кыргыз айым депутат болгон экен. Мен Сеул шаардык кеңешине депутат болдум, ошондо мен шаардык кеңешке депутат болгон алгачкы кыргыз айым болдум. Орусияда, Түркияда кыргыз мигранттары көп, алар да аракет кылса колунан келет деп ойлойм.

– Өзүңүз тууралуу, кичи мекениңиз тууралуу айтып берсеңиз.

– Мен 42 жаштамын, Ош шаарында төрөлгөм. Ата-энем Таластан болушат. Бирок атам милиция кызматкери болуп иштегендиктен жумушуна байланыштуу аймактарга буйрук менен которулчу, үй-бүлөсү – биз аны менен Кыргызстанды кыдырып көчүп жашадык. Түштүктө бир топ жыл жашадык. Көчүп-конуп жашаган жүрөккө тийгенби, атам көчөбүз дегенде эле аябай ыйлачубуз. Бирок ал нерсенин жакшысы, эл-жер көрүп, жаңы маданият менен таанышат экенсиң, биз кичинебизде түшүнбөптүрбүз да.

– 20 жылдан бери Түштүк Кореяда жашасаңыз да кыргызча так сүйлөйт экенсиз...

– Рахмат. Негизи бул жакта көбүнчө корей тилинде сүйлөйм. Корейче ойлоном, чөйрөдөгүлөр корейче сүйлөшөт. Эне тилди деле практикада көп колдонбосоң унутуп калат экенсиң. Азыр сизге токтоп, ойлонуп жооп берип жатам. Кыргызча сүйлөгөндө сөз таппай онтоп сүйлөп калам (күлүп).

– Келечекте Кыргызстанга келип, өлкөңүздүн өнүгүүсүнө салым кошкуңуз келеби?

– Азыр бир нерсе деп айтыш кыйын, эртең эмне болорун билбейт эмеспизби. Кыргызстанга барбай деле бул жактан Баткендеги чатакта, пандемия күч алып турган убактарда мекендештерге жардам топтоп жөнөтүү иштерин уюштуруп жүргөм. Азырынча антем, тигинтем деп айтпай эле турайын, баарына убакыт тараза. Кылган ишимден байкайсыздар го.

– Түштүк Корея өнүккөн алдыңкы өлкөлөрдүн бири, корей элинин артыкчылыгы эмнеде?

– Артыкчылыгы – абдан эмгекчил калк болушат. Белдери эки бүктөлүп калгыча иштешет. Жаштарга караганда кемпирлери укмуш иштейт. Жумушта 10 мүнөткө тыныгуу берсе 7 мүнөттө эле жумушка келип калат. Булар мээнеткечтигинен өнүгүп жатат деп ойлойм. Мекендештерим таарынбасын, бирок биз бир аз жалкообуз, анан тууган-дос, тааныш-билишин жумушка киргизмей оорубуз бар, коррупция терең тамырлап кеткен. Бирок өнүгүү жолуна түшүү эч качан кеч эмес. Бизде билимдүү, акылдуу жаштар бар. Буюрса, ак мээнеттин артынан гана гүлдөп-өсөбүз.

– Мегиңизге чоң рахмат, ишиңизди ийгиликтер коштосун!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА