КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Аялга жылуу мамиле жасоо, көңүлүн көтөрүү, ортодогу түшүнүк менен сый жат көрүнүш сымал Мараттын жадында сиңип калгандай. Карлыгачтын көз алдына Мараттын кагып-силкип, кол көтөрүп жибергени эле тартылат. “Ынтымакта жашасак болбойт беле, сөзсүз урушуп-талашып жашаш керек беле? Үй-бүлөлүк жашоо ошол экен деп баарын эч нерсе болбогондой кабыл алып жүрө бериптирмин” деп ойлонгон келин өзүнө таң калып жатты. Ойлонуп көрсө, өзү үчүн эч качан жашабаптыр. Кичинесинен эжесинин балдарын багып жүрүп чоңойду. Студент кезде деле жарытылуу окуп, эки-жакты көрбөптүр. Эжесинин үйүндөгү бардык жумуш анын моюнунда эле. Эки күндүн биринде “конок тособуз, окуудан суранып кел” дей берген эжесин эстеди. “Эмнеге бир ирет мен окушум керек, же бир жакка барышым керек деп айта албадым? Милдеттүүдөй жумуш жасачу экенмин” деп ойлонду. Балалыгы, жаштыгы бала багуу, жумуш жасоо, айтор, түйшүк менен өтүп кетиптир. Анан “жашың өтүп баратат, турмушка чык” деп шаштыра башташты. Артынан чуркап сөз айтып жүргөн балдардан эмнегедир Маратты тандаганы да таң калычтуу. Сүйүшүп-күйүшүп үйлөндүк дегени менен, Марат үйлөнгөндөн кийин эле кыз-жигит кездегидей сый мамиленин бет кабын чечип салганын эми аңдап отурат. Үй-бүлөлүк жашоо башталганы үй салабыз деп Орусияда тытынып иштеп жүрүштү. Эптеп үй курушту, анан балдар менен алек болуп отуруп калды. Бир саамдан бери терең ойго чөмүлө терезеден сыртты карап турган Карлыгач Байыш жанына келгенде чочуп кетти.

– Эмне болуп кетти, эмне мынча чочуп?

– Эч нерсе болгон жок, жанатан тынчтыкта турганга эле чочуп кеттим. Сен мынчалык эрте ойгончу эмес элең го,- Карлыгач дароо сөздү бурду. – Сага сонун тамак даярдап койдум, жүрү,- ашкананы көздөй басты, өтмүшүн ойлонуп турганын Байышка билгизгиси келбей.

ххх

Уулун күтүп түнү менен уктабай соксоюп отурган кемпирдин таңга маал көзү илинип кетти. Качан күн бетине тийгенде ойгонду. “Ой, күн чыкканча уктап мага эмне болгон?” деп күбүрөнгөн кемпир жоолук-башын түзөп оозгу бөлмөгө чыкты. Уулунун бут кийими жок.

– Кайдан да келинди сурадым эле, унчукпай жата бербепмин да. Эми каякка кетти экен?- кемпир өзүн күнөөлөп жатты. Ар нерсени ойлонгон неме очоккананы, короону, огородду, үйдүн айланасын карап чыкты. Санаасы тынып үйдө отура алчудай эмес, самоорун жагып коюп көчөгө жөнөдү. “Айылга келгенде көбүнчө классташы Тагайдыкына барчу эле. Алгач ушуга барып көрөйүн, билгени бардыр” деген кемпир көчө бойлой шашкалактай басып келе жатты. Аңгыча алдынан уюн кезүүгө кошуп келе жаткан Тагай чыкты.

– Апа, кандайсыз?

– Жакшы, балам, айланайын. Сага келе жаткам.

– Маратты издеп жатасызбы?

– Ооба, балекетиң алайын, түнү менен уктаганым жок,- кемпир башын жерге салды.

– Апа, сиз сарсанаа болбой бара бериңиз. Ал бир аз ичкен эле, үйдө уктап жатат. Каап, сиздин сарсанаа болуп жатканыңызды билсем түндө телефон чалып кабарлап койбойт белем.

– Ий, алдыңа кетейин, эми өзүң байкап, акыл-насаатыңды айта көр. Эмне окуя болгонун айтса керек.

– Мага эч нерсе айткан жок. Эмне болду, тынчылыкпы?

– Ы-ы...- кемпир ушул сөздү оозунан чыгарып жибергенине өкүнүп кетти. – Келинчеги менен урушуп кетиптир,- кемпир окуянын баарын айтууну туура көргөн жок.

– Эми, апа, ага сарсанаа болбоңуз. Андай уруш-талаш болбой жүрдү беле? Кайра жарашар. Карлыгач деле кайда барсын балдар менен?- Тагай кемпирди жубатууга аракет кылды.

– Ошондой эле болсун, балам. Досуң жаныңда экен, санаам тынып калбадыбы. Мейли, мен барайын, балдар ойгонуп калышпасын.

– Эмне балдарды да чогуу алып келиптирби?

Кемпир үнсүз башын ийкеди да, бурулуп үйүн көздөй жөнөдү.

Балдар ойгонуп, аларга чай берип жатты, бирок ою дале уулунда. Качан келип калат деп бирде дарбазаны, бирде саатты карап жатты. Марат түшкө маал келди. Келип эле чоң тамга кирип чакан сумкасын көтөрүп сыртка чыкты.

– Ай, сен кайда?- кемпир жетип келди.

– Шаарга, апа.

– Кечээ эле келбедиңби, шаарга эмне бар?

– Барышым керек, жумуштарым бар. Балдарды карап туруңуз, мен кайра 2-3 күндө келип калам.

– Балам, айланайын, бир нерсенин ичинен чыга көрбө. Кеткен катын кетти, ажырашкандан дүйнөдө жалгыз сен эмессиң го. Карыган мени кыйнай көрбө. Өлөрүмдөн башка өсөрүм калган жок.

– Апа, болдуңузчу, жөн эле ар нерсени ойлой бербеңизчи. Эмненин ичинен чыкмак элем?

– Эми, балам, ачууң менен барып...

– Коркпо, апа. Акылсыз кадам жасасам өткөндө ошол көргөн жеримде экөөнү тең жок кылат элем го.

– Ок, кокуй, андай сөз сүйлөбө! Жайына кой, эмне кыласың. Сенин да маңдайыңа жазганы тургандыр. Балам, маңдайга жазган тагдырдан эч ким качып кутула албайт. Ушундай болушу керек болгондур, демек, болду. Сынба, балам, чыйрал, күчтүү бол. Аялдын кеткенине сынып, ичип жаман жолго түшүп кетсең мени айтпай эле коёюн, могу балдардын көрөр күнү эмне болот?- кемпир чебелектеп колунан келишинче уулуна акыл айтууга аракет кылып жатты.

– Сарсанаа болбоңуз, бат эле келип калам. Жумуштарым чыгып калды,- апасын бекем кучактап өөп койду.

– Ата, каякка?- сумкасын кармап турган атасын көрүп балдары эки бутуна жармашып калды.

– Мен шаарга барып силерге планшет алып келейин, ыйлабай чоң апаңардын тилин угуп тургула, ээ?

– Планшетпи?- деп бири сурады.

– Чын элеби?- экинчиси аны улады.

– Ооба, чын эле, силер ыйлабай туруп тургула...

Балдар муюп калышты, Марат жолго чыгып, кайрадан Бишкекти көздөй сапар алды.

ххх

– Нурзат таңдан бери жигиттерден чалуу күттү. Эч чалуу келбейт, чалса телефондору өчүк. Качан үй өрттөндү деген жаңылык чыгат деп улам кабарларды карап коёт. Көзүнө андай кабар илинбеди. Бир ордунда отура албай тынчы кетип турду. Аңгыча Тимурдан чалуу келди. “Тимур ооруканага түшкөн го, аялы деп мага чалып жатышса керек” деп ойлонууга жетишти. Өрттөтүүгө дити барган неме ушул учурда телефонду алууга даай албай өзүнчө алдастап кетти. Бирок бат эле текеберлиги алдастоосун жеңип, “эмне коркосуң, алар өз кылгандарынын жазасын алышты” да деп ойлонду.

– Алло...- тааныш үн, Тимур өзү чалып жатат.

– Ии, угуп жатам.

– Нурзат, бүгүн адвокаттарыбыз менен жолугушабыз, унуткан жоксуңбу? Менден эмне каалайсың, баарын ал,- деди Тимур.

– Унуткан жокмун, пайда көрө турган ишти да унутчу белем? Күт мени,- телефонду шарт өчүрдү Нурзат.

– Демек, кечээ түнү эч нерсе болгон эмес, мен аларга тездеткиле дебедим беле,- телефонун алып чыгып дагы чалып көрдү. Дале өчүк экен. “Нурзат, күт бир аз. Кечээ болбосо, бүгүн болор. Ага чейин Тимурдун мээсин эзип турайын жөн турбай” деп ойлонгон Нурзат адвокатына жөнөдү.

Кечкурун Тимур менен Нурзат адвокаттарынын коштоосунда жолугушту. Бөлүшө турган мүлктөрү тууралуу сөз болмок. Нурзат ала турган мүлктөрүн окуп отурду. Тизмени ушунчалык узун жазыптыр. Тимур унчукпай угуп отурду.

– Бүттүңбү? Мен макулмун,- деп гана койду.

Нурзат алая карап калды...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА