«БЕКНАЗАРОВ КАЧКЫНДАРДЫН АДВОКАТЫБЫ?»

Окурмандын ою

– 7-апрель окуялары боюнча сот процессинин 20-декабрдан тартып улантылары айтылууда. Спорт Ордосунан башталган кылым соту (минтип атасак шоуго айланып кетпедиби), менин баамымда, бир жактуу каралоо, күнөөсүз адамдарды аңга тыгуу, ак кызматын өтөп келген аскер кызматкерлерин айыпкер кылуу аракеттери менен коштолууда. Буга баары күбө. Бирок эмнегедир окуяга түздөн-түз тиешелүү адамдарды бүгүн соттон көрөөалбай отурабыз. Кандуу апрелден кийин эң негизги күнөөлүү деген 6 адам качкын болуп кетсе, сот жообуна тартылып, бирок башталар алдында 3 саясий фигура көз жазгырып, өлкөдөн чыгып кетти.
Ошол кезде Бекназаров кеп салып: «Апрель окуясына күнөөлүүлөр сөзсүз жазасын алышы керек. Аянтта элге ок аттыргандар бүгүнкү күндө Кыргызстанда. Алар өз жазасын тартышы керек. «Альфанын» тагдырын сот чечет. Күнөөсү болсо, жазага кириптер болот, ак экендиги такталса, акталып чыгат»,- деп билдирген эле. Бүгүнчү? Анын баары тескерисинче ишке ашып жатат. Тагыраак айтканда, бүгүнкүүкүндөөчет мамлекеттерде жүргөн күнөөлүүлөргө сырттан айып тагууга абдан кызыкдар болгон фигуралар бар. Бул демилгенин башында Азимбек Бекназаров турганы сокурга деле белгилүү. Эгер Бекназаровдун эңсегени ишке ашса, соттон качкандарга сырттан айып угузулуп, алар эркиндикте доорон сүрө беришет. Себеби алар баш калкалап турган мамлекет Кыргызстанга апрель күнөөлүүлөрүн кайтарып бербейт.
Бул ортодо Бекназаров алар менен кадимкидей соода жүргүзүп, чечимди сырттан чыгартып коюуга болгон күчүн жумшайт. Мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Кечээ бирди, бүгүн башканы айтып, сөзүүменен кылган иши дал келбей жаткан адамдын былыгын бир Кудай билбесе, эл анын анык жүзүн кийин билип алар. Мындай иренжиткен жүзү менен качып кеткендердин «жашыл» акчаларын, андан соң көңүлүн алып, «силер кабатырланбагыла, бул жакта мен турам» дебейт деп ким кепилдик бере алат?

Аманкул Азимов,
Ооган согушунун ардагери

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
arlekino
2010-12-17 16:32:16
Бул адам деги пенсияга качан кетет.. (карангы адамдай)
0
nurlann
2010-12-19 08:41:15
толк жок бул адамдан кыргызстанга
0
ilgez
2010-12-19 10:53:57
аксыда канча адамдын убалына калды???
0
UvE
2010-12-19 12:40:03
Абдан сабатсыз киши, кантип бул бийлике аралашып калды, даже нормально окуганды да билбейт.
0
nur1989
2010-12-20 13:56:23
Начар киши. Жургон жери чыр. Оштогу окуяда бироо да келип турган жокк го... Бийлик дегенде биринчи барып баш боло калышат!!! Бийлик дагы тийди Ошко кана келгени. Баары олуп буткондон кийин келип, Кыргызстандагы болбогон бюджеттеги акчаны чакалап чачып жатышат
0
freid
2010-12-21 11:44:54
Апрелдеги окуядан кийин кимге бак жылмайды? Бекназаровго. Бакиевчилерди бирден чыкырып кадимкидей соодалашып, камайм болбосо акча бер деп байлык топтоп алды дешет го. Аз-ыр посол болгусу бар! Ну конечно!
0
Арина
2010-12-21 17:41:41
Жалаң эле негатив го! Бекназаров "акем" эми кызматтан да кетти! Кимди жамандайбыз туугандар анда?
0
sonykg
2010-12-22 08:04:26
Arinaga. oshol negativder pozitiv bolmoyuncha jamandaganybyz jamandagan. Birok, ...!
0
IBM
2010-12-24 01:19:46
Azimbek agabyzdyn bilimi tuuraluu bilbeit ekem, birok anyn kyrgyz eli uchun kyzmat kylam, dep jurogu el dep sokkon adam emes ekenine toluk kozum jetet. Sebebi, (1000000 kiin). Bashkalar buga biilik berbegende 3chu jolu revolutsia kylmak, a el baikushchu...?
0
kutush
2010-12-24 11:30:57
Бугунку биликке келгендерди карап туруп Азике эн туура кылыптырсыз деп калдым.Мына убактылуу окмот да ,ткхникалык окмот да эч кандай отчет бербей кетип калышты.Бакиевчи жаны бийлик кресло бошогонуна суйунуп алардан отчет алмакк тугул жакшы бар деп узатып койду.Мына бугунку кыргыз бийлигинин жузу.Элди эмес оздорунун керт башын ойлогон адамдар келди бугун бийлике,Бакстын эрке балдары жана Макстын достору.Отунбаева да Атамбаев да 90 баланын арбагын сыйлабады.Баары бийлик учун абийрин сатышты.
0
Gulirka
2011-01-08 22:48:22
чабандын жардамчысы озун ойлойт мен дегенди
жакшы корот
0
№ 424, 17-23-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан