Дилбар Райымбекова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “ООР КҮНДӨР ӨТТҮ, ЭЧ КИМГЕ БИЛДИРГЕН ЖОКПУЗ”

Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаев дүйнө салгандан бери 2 айдан ашык убакыт өттү. Үй-бүлөсүнүн абалын сурап, жубайы, ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Дилбар Райымбекова менен кино жана театрдын алпын эскердик. “Маратты түшүбүздө көрсөк ыраазы болуп калабыз” дейт Дилбар айым.

“МЕН ЭМИ 2 ЭСЕ КҮЧТҮҮ БОЛУШУМ КЕРЕК, КЫЗДАРЫМ СТУДЕНТ”

– Мараттын көзү өткөнүнө 2 айдан ашык убакыт болду. Башында келген-кеткендер болуп мынчалык сезилген эмес, кыркылыгы өткөндөн кийин аңгырап эле калдык. Түшүбүзгө бат-баттан кирет. Түш көргөнүбүзгө ыраазы болуп, жыт чыгарып, Куран окуп эс алып калабыз. Өлбөгөн жанга жашоо өтө берет экен. 2 кызым менен бири-бирибизди сооротуп жашап жатабыз. Сагынабыз, өзгөчө кичүү кызыбыз сагынып, Марат жаткан жаздыкты жыттап калат.

Мен кыркылыгы өткөндөн кийин жумушка чыктым. Көргөндөр көңүл айтып учурашкан сайын ден соолугум начарлап кетип, дарыландым. Өткөн жума кайрадан жумушка чыктым. Жакында эмгек өргүүсүнө чыгабыз. Кыргызды тоо дарылайт го, жаратылышка барып келсем жакшы болот деп ойлоп жатам. Андан кийин жумушубузда жаңы программалар бар, ошолорго катышып аралашып кетемби дейм. Азыр эми 2 эсе күчтүү болушум керек, себеби 2 кызым студент. Алар окууну бүтүп, жакшы жумушта иштесе, Кудайым аларга бак берсе деп тиленем.

“ТОЙЛОРДО ЫРДАП ДАРЫЛАРЫНА АКЧА ТААП ЖАТТЫМ”

– Мен Маратты баккандан кыйналган жокмун. Айыгып кетсин деп гана тилеп, ошону караан тутуп жүрдүм. Дары-дармегине акча керек болуп жатты. Чуркап тойго барып, эч нерсе болбогондой ырдайм да, акчасын алып келем. Ушинтип 2-3 күндүкүн чогултуп дарысын алган күндөр болду. Бир жолу тойдо жаштар кезек бербей коюп көпкө күттүм. Маратты кичүү кызыма каратып койгом, оюм үйдө болуп жатты. Ары-бери болуп жатып ырдабай кеттим. Андан чыккандан кийин дагы бир тойго бардым, ал жакта такыр башкача адамдар тосуп алышты, позитивдүү, жиберишпей кайра-кайра ырдатышты. Оору көп каражатты талап кылат экен, дарыларынын кымбаттыгын айт, чиркин. Ушундай күндөр өттү. Эч кимге билдирген жокмун. Өзү да башкалардын билишин каалачу эмес. Концерт коюуну да ойлонгом, ага Марат көнгөн жок. 2016-жылдан бери оору менен алпурушуп жүрсө да, анысын башкаларга билдирген жок. Сырттан келип босогону аттаганда эле башкача болуп, шалдырап жатып калчу. Дарбазадан чыккандан кийин өзүн түздөп, күч-кубаттуу Марат болуп калар эле, өзүнө дем бергенди билчү.

“ЖАШАГЫСЫ КЕЛДИ, ЖУМУШКА ЧЫГАМ ДЕП ЫР ЖАТТАДЫ”

– Марат жашагысы келди. Жумушка чыгам деп бир дептер ыр жаттады. Алаксып колуна көнүгүү жасап жатты. Намаз үйрөнүп, жатып алып эле намаз окуй берди. Акыркы 2 күн ушундай кыйналды, бирок анда да билдирген жок. Кайраттуу, чыдамдуу экен...

Акыркы жылдары психикалык жактан татаал, жан дүйнөнү аңтарган ролдорду ойноп койду. Бул да ага оор келди окшойт. Өзү да ишсиз тура алчу эмес. 2 күн бош болсо эле “тигиге чалайынчы, баягыда роль бар деди эле” деп режиссёрлорго чалып калчу. Геннадий Базаров байке менен байланышып калды. Байке “сага бир роль даярдап жатам, жакшы турушуң керек, Марат” деп айткан. Тынымсыз иштеп тасма, роликтердин биринин-артынан бирине тартыла берди, ооруп жүрүп ойноду. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан “Акыркы көч” тасмасы фестивалдарга катышты. Ал тасмада башкы ролдо эмеспи, өзүнүн өмүр баянын ойногондой болуп калыптыр. Тасма 4 айдай тартылган, Марат үчүн психикалык жактан оор болду. Акыркы жолу Улуттук банктын долбоорунун негизинде тартылган роликте Жусуп Баласагындын ролун жаратты. Бул ролик баарыбызга жакты, өзүнө да аябай жакты, кубанып келген. Режиссёру Руслан Акунду мактап, “режиссёр жакшы бала турбайбы, чоң кино тартууну ишенип тапшырчу бала экен” деп ыраазы болгон.

“КАРАКОЛДО ӨТКӨН ЖЫЛДАРДЫ АЛТЫН ДООРУБУЗ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ”

– Марат экөөбүз абдан жакшы жашадык. “Быйыл чогуу түтүн булатканыбыздын 25 жылдыгын, менин 75 жылдык тоюмду өткөрөбүз” деп тамашалап калчу. Тилекке каршы, ага жетпей калды. Биздин сүйүүбүздүн жакшы учуру Караколдо өттү. 2003-жылы Марат Ысык-Көл облустук театрынын директору болуп, биз Караколго көчүп бардык. Ошол жакта кыздарды жетелеп алып жөө басчубуз, панорамага барчубуз, Жети-Өгүздүн тоосуна чыкчубуз, сууга түшчүбүз. 2-3 досубуз бар, аларды чогултуп алып эс алчубуз. Ошол учурду эстесем жыргап кетем. Караколдо 7 жыл жашадык. Бал айы деп коюшат го, биздин бал айыбыз ошол жерде өттү, бири бирибизди барктаган, сыйлаган жылдар болду. Ошол учурду алтын доорубуз деп эсептейм. Бишкекке келгенден кийин мен филармонияда иштеп, Марат Кыргыз улуттук драма театрына директор болуп, көбүнчө өз жумуштарыбыз менен алек болуп калдык. Бирок бизге көңүл бурганды да билчү. Кечинде бизге тамак жасап берип да жүрдү. Ушинтип жакшы жашадык. Менин жиним келип баштаганда “жаңы ыр үйрөнчү, ыр жаздырчы, бош отурба. Искусство адамдары бош турса эле артка кетет” деп калчу. Мени да тынымсыз иштегенге үйрөткөн. Мени менен кеңешчү, “Кетмен-Төбөнүн кыздары кыйын, кыйынын алгам да мен” деп тамашалап калчу.

“Адамдын баркын көзү өткөндө билесиң” дешет, мен мурун эле билчүмүн. Жашым кичүү болгондуктан досторунун, кесиптештеринин сөзү мен үчүн сабак болчу. Чай берип жатып деле алардын айткан сөздөрүн акылыма түйүп алчумун. Алардын ар биз сөзү бүгүнкүнүн сөзү менен айтканда тренинг болчу. Ошондуктан да бактылуу сезем өзүмдү, бул адамдардан бийиктикти сезем. Салыштырганда өзүм теңдүүгө турмушка чыксам, мындайды сезбейт белем?..

Азыр да колдоп, абалымды сурап досторубуз, жакындарыбыз, бир туугандарым чалып турушат. Алар жакшы сөздөрүн айтып кубаттап турса, жумуштарымды жасап, көңүлүм көтөрүлүп дем күч байлап калам.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА