Нурсултан Майназаров, алпаруучу: “АЛПАРУУЧУНУН ЭРУДИЦИЯСЫ КҮЧТҮҮ БОЛУШУ КЕРЕК”

Каарманым – алпаруучу Нурсултан Майназаров. Орусиялык алпаруучу Валдис Пельш менен чогуу алып барган той, чет элдик артисттердин талаптары тууралуу башталган маек өлкөгө салым кошуу жолдору, Нурсултан мырзанын адамдык сапаттары тууралуу сүйлөшүү менен уланды.

– Нурсултан, салам! Шашып жүрөм эле дейсиз. Эмне менен алексиз?

– Саламатсыздарбы, жакында чоң ажылыкка аттанып жатам, буюрса. Ошол боюнча да чуркап жүрөм. Буга чейин кичи ажылыкка 6 жолу бардым. Мындан тышкары ар кандай иш-чараларды, тойлорду уюштурган командам бар эмеспи, ошол иштер боюнча жолугушууларда жүрөм. Тойлорду алып барам, билесиздер. Жакында орусиялык алпаруучу Валдис Пельш менен иштештик. Пельш адамгерчиликтүү киши экен. Актёр, продюсер, музыкант, телеканалдарда иштөө боюнча тажрыйбасы көп киши да, ага карабастан сылык-сыпаа, эл менен жеңил тил табышкан, “силерде ушундайбы?” деп өзүн көтөрбөгөн киши экен. Баарын эле мактай берет экен. Мени да мактап өттү. Мындан кийин да, буюрса, байланышыбыз уланат, иштешебиз дедик.

– Чет өлкөлүк артисттер менен иштешүү оорбу?

– Буга чейин көп артисттер менен иштештим. Алар “мен барсам, анда ушул шарттарды аткарыңыздар” деп өз талаптарын коюшат. “Мени ушундай унаа тосуп алсын” деп үлгүсүнө чейин айтышат. “Бөлмөнүн көлөмү ушундай болсун” дешет, техникаларга да өз талаптарын коюшат. Бул талаптарын аткаруу жеңил болбойт. Бирок ошол форматка да көнүп, үйрөнүп калдык.

– Алпаруучуга кандай сапаттар керек?

– Эрудициясы күчтүү, акыл-эстүү болушу керек деп ойлойм. Ошол эле убакта алпаруучулук жөндөмү болушу керек.

– Азыркы алпаруучулар тууралуу эмне айта аласыз?

– Бир адамды сындагандан алысмын. Себеби өзүмдүн кемчилигим көптөй көрүнөт. Өзүмдү сындап, өзүмдүн үстүмдөн иштеген дагы да маанилүү. Алып баруучулардын ар биринин өз аудиториясы, алпаруу мүнөзү, форматы бар, аларды карап жакшы сабак алса болот. Бир гана мактай алам. Баары менин устаттарым, баарынан жакшы нерсе үйрөнөм.

– Кемчилик деп калдыңыз, өзүңүздүн кемчилик, артыкчылыктарыңызды санап берсеңиз...

– Артыкчылыктарым – так болгонго аракет кылганым, бардык адамдар менен тил табышып кете алганым, мен деп өзүмдү бирөөдөн бийик көрбөгөнүм. Кемчиликтерим – кеч уктаганымды кемчилик катары көрөм. 12ден өтүп уктайм, эрте жаткандарга суктанам. Комфортту жактырам. Ар иште шарттары жакшы болушу керек деп турам. Мага ушул сапатым кемчиликтей сезилет. Кээде жок дей албай калам. Үй-бүлөгө аз убакыт бөлгөндөй сезилет. Бирок көп досторума салыштырмалуу көп убакыт бөлөм. Балдарга өз убагында туура тарбия берип калыш керек. Бул өтө чоң мээнетти талап кылат.

– Балдарыңыз канчага чыгып калышты?

– Улуу балам 4 жашта, кичүүсү 7 айлык.

– Жубайыңыз тууралуу айтсаңыз...

– Кудайга шүгүр, жубайым азыр эң чоң колдоо көрсөткөн адамым. Акыл-эстүү, жакшы келинчегим бар, анын көп артыкчылыктары бар.

– Мындан 10 жылдай мурда миллионер болом деген кыялыңыз бар болчу экен...

– Студент кезде миллионер болсом көп адамга жардам бермекмин деп маек бергем. Адам өскөн сайын, чөйрө кеңейген сайын биз чөйрөбүз, жан дүйнөбүз менен миллионер боло аларыбызды түшүнөт экенбиз. Көрсө, адам баласы өз даражасында мүмкүн болушунча адамдарга жардам берсе болот экен. Миллионер болгондо жардам берем деп күтүп жүрө берген туура эмес экен.

Динибизде да “берген кол алган колдон артык. Дайыма берүүчү кол болгонго аракет кылгыла” деп айтылат. Ошол эле учурда бере берип адамды алганга көндүрбөгөн, ал адамга өз келечегин түзүп кетүүгө аракет кылганды үйрөткөн жолдорун издеш керек.

– Мамлекетти алдыга сүрөйм, адамдарды таза тамак-аш менен камсыздайм деген да кыялыңыз бар эле...

– Мен мамлекеттик кызматкер болсом салым кошо алам деп ойлочумун. Алып баруучу болуп деле салык төлөп, коомдук долбоорлорду түзүп өлкөгө пайда тийгизсе болот экен. Баткенге барып айылдарды кыдырдык, пандемияда көп жардам кылдык. Кыялдардын ишке ашканы ушул. Алдыда дагы чоң пландар, долбоорлор болот, буюрса. Адамдын бир күнү менен экинчи күнү окшош болбошу керек деп айтылат го, ар дайым прогресс болуп турушу керек. 2021-жылдагы Нурсултан менен 2022-жылдагы Нурсултандын айырмасы болушу керек, жан дүйнө, аң-сезим, билим жактан, чөйрөнү кеңейтүү жактан. Өзүбүздүн чыгармачыл командабыз менен биз дайым адамдарга сапаттуу, таза кызмат көрсөтүүгө аракет кылабыз. Бул да салым.

– Албетте. Сизге ийгилик! Маегиңизге рахмат.

Эмне кылмаксыз?

– Өлкөнүн маданият министри болсоңуз...

– Биринчиден, адамдардын аң-сезимин өзгөрткөнгө багытталган долбоорлор менен иштемекмин. Кыргыздын каада-салт, үрп-адатын башка улуттарга кызыктуу боло тургандай кылып жайылтууга аракет кылмакмын. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды алдыңкы планга чыгаруунун үстүндө иштемекмин. Ушул сыяктуу иштерди аткармак болушум керек.

– Лотереядан 10 миллиард доллар утуп алсаңыз...

– Жарымын жаңы долбоорлорго инвестиция кылмакмын. Үй, унаа алмак эмесмин. Белгилүү бөлүгүн мектептерди салып кайрымдуулук кылмакмын. Жакырчылыкты жоюу багытында иштерди жасап, адамдардын пейилин да, курсагын да тойгузган жакшы. Ал акча да жетпей калат. 10 миллиард анча көп акча эмес.

– Жо Байдендин 80 жылдык юбилейин алып баруу сунушу түшсө...

(Күлүп) командам менен кыргыздарды уят кылбай тургандай кызмат кылып бермекпиз.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан