“КУМТӨР” ЭМИ ТУРИСТТИК ЖАЙГА ДА АЙЛАНАТ

"Кумтөр” алтын кени туристтер саякаттап келүүчү жайга да айланат. Бул тууралуу 23-июнда Бишкекте маалымат жыйынында Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун жетекчиси Елена Калашникова билдирди. Анын билдиришинче, бул жаатта “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги менен келишим түзүлдү.

– Каалаган жаран кенге барып, ал жерде эмне иштер жасалып жатканын көрө алат. Бул өндүрүш туризми. Мисалы, Казакстанда стратегиялык жай болуп саналган “Байкоңур” станциясына экскурсияга баруу абдан популярдуу. Бизде андай кылууга эмне үчүн болбосун?- дейт Калашникова.

Маалыматка таянсак, “Кумтөргө” бир күндүк саякаттын баасы 500 доллардын тегерегинде болот.

Айта кетсек, Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду Министрлер кабинетинин чечими менен түзүлгөн. Фонд 2022-жылы ишке ашырылат деп буга чейин 34 долбоор сунуштаган, мунун 10у инфратүзүмдүк, 9у маалыматтык долбоор.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан