АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Айсулуунун бир гана өч алам деген ою калды. Ичи жалындап күйүп жатты. Атасы каза болгондо бир нерсени сезгендей болгон. Бирок аягына чейин ойлоно албаган, кийин жашоосунда Эркин пайда болду, андан кийин бул нерсе такыр башынан чыгып кетти. Тилектин сөздөрүнө кулак салбады, анын үйүнөн чыгып түз эле апасынын үйүнө жөнөдү. Кызынын кубарган жүзүн көрүп Альфия дароо эле бир нерсе болгонун түшүндү.

– Сага эмне болду?

Айсулуу апасын тиктеген боюнча тура берди. Жүзүнөн көзүн албай бир топко тиктеди.

– Сенин атам кантип өлгөнүнөн кабарың барбы?

– Айсулуу, мен сага бул ишти унут деп канча айттым...

– Сен унут, мен унутайын, эч ким эч нерсе болбогондой жашай берели, ээ? Кызык, өтө кызык болду бул жагы...

– Өткөн иш өттү, сен өзүңдүн жашооң тууралуу ойлончу, кызым.

– Өткөн жок эч нерсе!- деп чаңырып жиберди кыз апасынын колун кага. – Өткөн жок! Үстүн жаап койсо эле өтүп кетпейт, ар ким кылган иши үчүн жооп бериши керек. Сен дагы...

– Мен?

– Ооба, сен! Сенин Аскар деген депутат менен байланышың болбогондо, ал акмак сенден кызыгы тараганда сенин жаш кызыңа көзү түшпөгөндө, анын аялы билип калып уулу аркылуу зордуктатпаганда, ушунун баары болбогондо менин атам тирүү болмок. Менин атам! Анвар!

Альфиянын оозунан сөзү түшүп калды.

– Сен соосуңбу? Эмне деп жөөлүп жатасың?

– Ооба, апакеси, окуя дал ушундай болгон. Сен, мен болбогондо атам дагы да жашамак. Топурактын алдына да жапжаш боюнча көмүлмөк эмес. Сен экөөбүз күнөөлүүбүз баарына.

Айсулуунун жалын бүркүп турган көздөрүнөн көзүн ала качты апасы. Шалдырап турду. Окуяны майдалап укканда ого бетер өлгүсү келди.

– Мен бир шектендим. Анан кайра бул ойдун аягына чыккым келген жок. Атаң кимдир бирөөлөрдүн изине түшкөнүн айткан эле...

– Атамды өлтүрүштү! Акмактар, таш боорлор, өздөрүн сакташ үчүн ушундай ишке барышты. Мына баарыңар билдиңер. Билип туруп сен, апа, менин Эркинге турмушка чыгуума каршы болгон жоксуң. Кантип, апа?

– Мен иш мынчалык экенин билген жокмун. Болгону мен ал Аскардын уулу экенин билдим. Атаңдын өлүмүнө байланышы бар экенин билген эмесмин. Эгер билсем кантип токтотпоюн сени, кантип ачык айтпайын? Сен аны сүйүп калганыңды билгенден кийин жок дегенде сени бактылуу болсун дедим. Менин бактысыз экеним жетиштүү, жок дегенде кызым бактылуу болсун дедим. Жабылуу аяк жабылуу боюнча калат деп ойлодум. Менин болгон катам ушул.

– Мен кечирбейм сени, апа. Бир өмүр мен сени кечирбейм! Эркинди да кечирбейм!

– Айсулуу...

– Апа, ичим бопбош, эч нерсе калбагандай, бардык нерсемди бирөө колу менен жулуп алгандай бопбош. Кечээ эле баары жакшы эмес беле? Бактылуу элек... Мен мындан ары кантип жашайм? Ичимдеги боштукту кантип толтурам? Кимге ишенем? Эмнеге ишенем?

– Кызым, кечир мени. Мен сүйдүм, болгон катам ошол. Атаң бере албаган сезимди башка бирөөдөн таптым. Токтоно албай калдым. Акыл токтотконумда баары кеч болуп калды.

– Атам, байкушум атам...

Айсулуунун ыйлагысы келди. Бирок ыйдын баары түгөнүп калгандай эле. Сыртка жөнөдү.

– Сен кайда, Айсулуу?

– Тозокко!

Эшикти тарс жаап чыгып кетти.

Өзүнүн үйүнө жакындаганда тааныш добушту укту. “Айсулуу” деп чакырып жатты Эркин. Артына бурулуп карабай туруп кадамын тездете берди. Эшикти бекем жапты.

– Мени укчу, жаным, мен мындай болорун билген эмесмин. Мени угушуң керек. Биздин балабыз бар, сен менин аялымсың!

– Жогол дедим!

– Кетпейм мен, эшикти ачмайынча ушул жерде отурам.

– Милицияга кабар берем. Кетип кал дедим!

Эшиктин алдында бир канча саат отургандан кийин Эркин айласы жок апасына жөнөдү. Сүйүн баласынын өңүнөн эле баары ачыкка чыкканын билди.

– Айсулуу баарын билип калдыбы?

– Ооба, апа, эми эч кандай сыр жок. Мен дагы жокмун.

– Антип айтпачы, балам.

– Айсулуу баарын билет, апа, мен жазамды алгандан деле коркпойм. Болгону ичиндеги балага залал бербесин деп тилеп жатам. Жок дегенде түшүндүрсөм баланы алдыртам деген оюнан кайтат беле?.. Мен ал баланы аябай күткөм, апа...

– Эмне дейт?

– Баарын билем деди. Атаң да, сен да жооп бересиң деди.

Сүйүн отуруп калды, башын акырын чайкады.

– Атаң жазасын ансыз деле алды, уулум. Мындан артык жаза болобу?

– Эмне болду?

– Реанимацияда жатат, инфаркт деп жатышат. Эми жаш катыны аны чындап эшикке чыгарып салат. Мындан артык жаза болобу?

Баары бир атасы да, Эркиндин жүрөгү солк эте түштү. Дароо туруп жөнөдү.

– Кайда барасың?

– Ооруканага да.

– Сени киргизбейт, эч кимди киргизбей жатат. Эртең өзүнө келгенде барасың.

– Эч бир жерге батпай жатам, апа, дүйнө куушурулуп бараткандай, дем жетпей жатат.

Эркинди апасы кучактай калды. Баласынын бир аз болсо да жүгүн жеңилдеткиси келди. Бирок ал жүк кайдан жеңилдесин?..

ххх

Палатада өңү купкуу болуп жатты Аскардын. Көз алдында бүт өмүрү чууруп өтүп жатты. Жеттим деген жеңиштери, кылдым деген иштери азыр эч нерсеге арзыбай калганын байкады. Аялдарды куурчак кылгандан башка алгылыктуу иш кылбаптыр. Эл ага ишенип тапшырган депутаттык кызматын да аткарбаптыр. Жөн гана куру пафос менен бакылдап сулуу сүйлөп, анан акча жыйып, же ал нерседен ырахат албай беш күндүк өмүрдү өткөрүп жибериптир. Күйөө да, ата да боло албаптыр. Бир куру кыялдын жетегинде, кооз ирмемдердин аягы бүтпөчүдөй жашаптыр. Алдаптыр, алданыптыр, жашоосунда кымындай да таза жер калбаптыр. “Оо, Кудай, менин күнөөлөрүмдү кечир! Акмактыгымды кечир!” деп жалынып жибергенин да сезбей калды. Канчадан бери дилине, оозуна Жараткан келбеген экен.

Эшик ачылып уулу Эркин кирип келди. Көргөн көзүнө ишенбей карап калды.

– Ата, кандайсың?

– Сен кайдан?

– Келдим.

– Мени угуп келдиңби?

Аскардын көздөрү жашылдана түштү. Ыйлап жибербей араң карманып турду.

– Жок, ата, мен башка бир иштер менен келдим. Апамдан уктум. Өзүң кандайсың?

– Жакшымын, уулум, сен келдиң...

Аскар уулунун колдорун кармап өөп алды. Жыттагысы келди. Кандай болсо да тукумум тура. Баары бир мага кайрылып келет экен го деген ойдон жүрөгү жибип турду.

– Ата, Эрик түрмөдөн чыгыптыр. Амнистия менен чыккан экен. Окуянын баары белгилүү болду. Сот кайра арыз менен ал ишти карап баштайт жакында. Айсулуу арыз жазыптыр. Колунда Эриктин айткандары бар. Жооп бере турган мезгилибиз келди.

– Эмне-е?

Аскардын көзү чакчайып кетти.

– Кантип, ал акмактын атасына канча акча бердим.

– Бир жума мурун атасын атып кетишиптир. Эриктин атасы каза болуптур. Бирок болгон ишти Эрик аягына чейин чыгарам, Аскар менен Эркинди түрмөнүн түбүндө чиритем деген экен.

– Уулум, мындай болбойт, бир нерсе кылышыбыз керек.

– Мен өзүм барам, ата, сенин күнөөң жок экенин айтам. Ден соолугуң да мындай болуп калыптыр.

– Жок, башка бир жолу болуш керек...

– Жол жок башка. Мен өзүм барам.

– Балким, Айсулуу сен үчүн арызын кайра алар?..- деди Аскар дагы деле үмүт кыла.

– Жок, ата, өзүм деле мындай жүк менен жашай албай калдым. Мен жазамды алам. Айсулуусуз эркиндикте жашап эмне, жашабай эмне? Мен баары бир түрмөдөмүн. Аны көрбөй жашоо да бир түрмө.

– Апаң анын боюнда бар деген эле?

– Ооба, эркек,- деди Эркин сыймыктана. Бирок кайра эле жүзүн булут баса түштү.

– Атасынын күнөөсүн баласы тартат деген чын экен да, ата. Мен сенин күнөөңдү тарттым, уулум да менин күнөөмдү тарта турган болуп жатат. Айсулуу баланы алдырам деген. Бирок убакыт өтүп кеткен деп врачтар болбой жатат. Бирок төрөлсө да аны таштап кетерин айтты. Мына ушундай, ата. Сен, мен, менин уулум. Макул экөөбүз дейли, наристеде эмне күнөө?

– Кечир мени, уулум.

– Кечиргенде эмне, ата? Бизди эми бир гана Кудай кечирсин. Сени билсин дедим. Баса, качан чыгарышат экен?

– Эртең.

– Жаш аялың алып кетер сени...

– Билбейм, апаң келбейт бекен?

– Апам келбейт, ата. Мындан ары аны да жайына кой. Жок дегенде эми эч кимге зыян бербей жаша, ата. Жок дегенде эми жашооңду оңдо.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1032, 16-22-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА