– Медер, чыгармачылыкка кандайча аралашып калгансыз?
– Чыгармачылыкка мектепте окуп жүргөнүмдө, тагыраак айтканда, 7-класстан баштап аралаша баштагам. Биринчи класстан баштап жакшы окугандыктан, атам ошол учурда Бишкекте жаңы ачылып жаткан 5-гимназияга алып келген. Айылда бейчеки эч жакка чыкпай жүргөн жаным үйдү сагынганымды сураба. Ошол сагынуу сезими менин чыгармачылыгыма чоң түрткү болгон. Баарынан апамды сагынганымдан эң биринчи "Апама" деген ырды жазгам. Андан кийин "Атама", "Туулган жер" деген ырларым биринин артынан бири жарала баштады. Ошентип, чыгармачылыкка болгон чоң кызыгуунун деми менен гимназияны бүткөн соң, Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүнө тапшырдым.
Университеттин төртүнчү курсунда окуп жүргөнүмдө "Кыргызстан обондоруна" журналист керек экенин угуп, барып иштеп калгам. Ошондон бери иштеп келатканыма быйыл беш жыл болот.
– Радиодо иштеп кетүү оңой болбосо керек?
– Албетте, ар бир иштин көзүн тапмайынча кыйынчылыктар болот эмеспи. Бирок, ошол кыйынчылыктардан улам такшалат экенсиң. Алгач 3 ай даярдоо курсунан өтүп жүрдүм. 3 айдан кийин гана эфирге чыгуучу жаңылыктарды даярдап бере баштадым. Жетекчилик жаңылыктарды даярдаган адам өзү окусун деген чечиминен кийин жаңылыктарды өзүм даярдап да, окуп да жатканыма бир жыл болду.
– Ди-джей болуп өзүңүздү сынап көрдүңүз беле?
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).