Жусупбек Коргонбай уулу, Жогорку Кеңештин депутаты: «ӨЛКӨНҮ 30 ЖЫЛ «ЗОРДУКТАГАНДАР» АЗЫР ТӨРДӨ ОТУРУШАТ»

Жусупбек Коргонбай уулу – бул депутаттын парламентте айткан сөздөрү такай талкууда болот. Өзү айтмакчы, бир тарабы тепкилейт, экинчи тарап мактайт. Эл өкүлү “өмүрдө бир эле жолу жашайбыз, буга чейин хит болгон сөздөрүмдү кайра кайталап айтып коё берем, андан намыстанбайм” дейт.

– Саламатсызбы, Жусупбек мырза? Көпчүлүк сизди эмоционалдуу депутат катары тааныды окшойт. Жашоодо кандай адамсыз?

– Саламатчылык, жашоодо деле эмоционалдуу адаммын. Адилетсиздик болуп жатса, жакшы сөз айтсаң түшүнбөсө кызуу кандуулугум ойгонуп кетет. Кээде мени алдап жаткандарын билип турсам да билмексенге салып, калптарын угуп коём. Кээде ачуу болсо да чындыкты бетине айтканга туура келет.

– Өзүңүз сынды анча көтөрө албагандай сезилесиз?

– Сын жөндүү, адилеттүү айтылса кабыл алам. Бирок шайлоого катышкандан бери оппоненттеримдин куру дооматтары тажатты. Мен өмүрүмдө мамлекеттик жумушта айлыкка иштеп же бюджеттик уюмдардын тендерине катышып акча жеп жүргөндөрдөн эмесмин. 30 жыл мамлекетти “зордуктап” келгендер азыр кымыйып төрдө отурушат. Ошолор мени каяктагы бир коррупционерге теңеп акыл үйрөтүп, сындап жатса эмнеге унчукпай отурушум керек? Ийгиликке бизнесте ак эмгек кылып мээнет менен жеттим. Мен өмүрдө бир эле жолу жашайм, айта турган сөзүмдү ичке топтобойм, сактабайм, бетине эле тайманбай айта алам. Куулугум, митайымдыгым жок, Кудайдан башка эч кимден коркпойм.

– Ийгиликке бизнес аркылуу жеткем деп калдыңыз, эмне бизнес?

– 1990-жылдары Орусияда миграцияда жүрдүм. Бир жолу курсташым экөөбүз Екатеринбург шаарына кеткени Бишкектин темир жол вокзалына келдик, билетибиз жок. Ал убакта профессору, юристи, мугалими, баары Орусияга чаар сумкаларын көтөрүп иштегени кетип жаткан учур эле. Биздей жүргүнчүлөрдү “безбилетник, зайчик” деп коюшчу. Курсташым экөөбүз туруп деле кете беребиз деп поездге чыксак Алтынбек Сулайманов туруптур. Ал ошол убакта Орусияга кроссовки ташып, сатып иштечү экен. Үчөөбүз поезддин ажатканасынын жанында бири-бирибизге жөлөнүп уктап барганбыз. Анда мен жүк ташуучу болуп иштечүмүн, кийин Орусиядан досторду таап курулуш материалдарын сатып иштеп калдык. Ошентип өзүм теңдүү курдаштардын арасынан биринчи болуп 5-курста окуп жүргөндө Ош шаарынан эки бөлмөлүү батир алгам. Кийинчерээк элди жумуш менен камсыздайын деп насыя алып, Ноокатта кол кап, таш кесчү шаймандарды чыгарган заводдорду ачтым. Бирок өндүрүш токтоп калды, анткени өзүн актабай калды, Кытайдан контрабанда менен келген товарлар биз чыгарган буюмдардан арзан болуп бизге киреше түшпөй калат экен. Ойлоп көрсөм, мен да бизнестин кыйын жолун, өндүрүш тармагын тандап алган экенмин. Башкаларга окшоп тойкана, ресторан салсам деле болмок да. Курулуш тармагында үлүштөрүм бар, ал иштерди саясатка аралашкандан кийин башкаларга өткөрүп бердим. Мени колдогон олигарх атам же байкем болгон жок. Турмуштун көп кыйынчылыгын көрүп өз күчүм менен бутума турдум.

– Бала кезиңизде тентек, энергиясы ашып-ташып бир орунда тура албаган, мушташка жакын болсоңуз керек?..

– 7-класска чейин жалаң “5” деген баага окугам. Ооба, шоктук жагынан да биринчи атаман элем. Тентектигимдин айынан 7-классымда жашы жете электерди тескөөчү инспектордун каттоосуна туруп калып, милиция кызматкери болуп иштеген байкенин колунан кармап алып “атама айтпаңызчы” деп ыйлаганым эсимде. Ошол окуя мага психологиялык сокку болгон окшойт, кийин окуум начарлап “4”, “3” деген баалар аралашып кетти. Шоктугум менен ыраматылык апамды көп ыйлаттым. Атам мени “өтүң айрылганча шоктоносуң” деп урушчу.

– Апаңыз Баатыр эне болгонун айтып калдыңыз.

– Ата-энемдин көзү өтүп кетти, менин депутат болгонумду көрбөй калышты. Чет өлкөгө чыкканда апама биринчи белек алчумун, атама автоунаа алып бердим. Эми муну менен ата-энемдин эмгегин актап жибердим дебейм, бирок аларды ыраазы кылганга жетиштим. Атам 40 жылдай колхоздо башкы мал доктур болуп иштеди. Апам математик эле, 50 жылдай мектепте иштеди, мектеп директору да болду. Апам Баатыр эне, өзүбүз 5 бир тууганбыз, ата-энебиз 4 жетим баланы бизге кошуп багып чоңойтуп, бир туугандай эле өстүк. Өзүмдүн 2 уул, 2 кызым бар. Келинчегим прокурор, мен саясатка аттанганда “үйдө балдарды карап эле отурчу” дедим. Анда прокурордук мүнөз бар, бирок анысы мага өтпөйт (күлүп). Апам “сени менен жашаган аялга медаль тагыш керек” деп көп айтчу. Менин мүнөзүмө анча-мынчалар чыдай бербейт. Бирок жубайым экөөбүз 20 жылдан бери 4 баланы тарбиялап ынтымакта жашап келебиз.

– Балдардын тарбиясында эмнеге басым жасайсыз? Эркин өсүшү керекпи же ата-бабадан келаткан айрым тыюулар колдонулганы туурабы?

– Эркиндик деп биротоло чектен чыгып кетпеш керек. Эркиндиктин да, тарбиянын да чеги болгону жакшы. Балдарга зыян экен деп былтыртан бери уюлдук телефон колдонууга тыюу салып койгом. Телефон жөнүндө сүйлөгөндө эле кичүү баламдын көздөрү жайнай түшөт. Бүгүн кичүү балам “ата, канча жолу отжимания жасасам телефон бересиз?” деп күлдүрдү.

– Интернеттеги социалдык тармактарда көп сындалган депутаттардын бирисиз, өзүңүз тууралуу мындай талкууларга кандай реакция кыласыз?

– Саясатта көп нерседен көңүлүм калды. Өзүм депутат болуп келгиче саясатчылар көзүмө жакшы көрүнчү, эми чыныгы жүздөрүн көрдүм. Азыр Ак үйдүн ичинен эч кимге ишенбейм. Акырын, кымыйып отуруп накта кошоматчылыктын техникасын мыкты өздөштүрүп алгандар бар. Ал эми интернетте мени каралагандарга кимдер буйрук берип жатканын билем. Алар менин депутат болгонумду көрө албагандар жана шайлоодогу атаандаштарым. Көрө албастык кыргыздын канында бар, кичине көтөрүлсөң эле башталат. Жаңылып айткан ар кандай сөзүм үчүн мени сындаган чала блогерлерге ал сөздөрүмдү кайра кайталап айтып коё берем, андан намыстанбайм.

– “Камчыбек Ташиевге теңелбегиле, ага теңелем деп бутуңар сынып калбасын” деп парламентте эскертүү бердиңиз. Бул кошоматчылык катары сезилип калат деп чочулаган жоксузбу?

– Видеону көрүп чыксаңыз, мен аны депутаттарга эмес, министрлерге айттым. Ташиев сүйлөгөндөн кийин аткаруу бийлигинин башка мүчөлөрү да депутаттарга кыйкырып башташты. Ошондо айтылган сөз болчу. Мен ал киши менен 10 жылдан бери таанышмын, Экөөбүз тең Бокс федерациясында вице-президент болобуз.

– Жан дүйнөңүз аңтар-теңтер болгондо ким менен сырдашасыз?

– Эч кимге сырымды айтпайм, жан дүйнөм кыйналганда телефонду өчүрөм да “жок болуп” кетем. Ойлоном, толгоном, өзүм менен өзүм сүйлөшөм. Дүйнөдө 190дон ашуун мамлекет болсо, мен анын 80-90 мамлекетин кыдырып чыктым. Бизден кедей мамлекетте жашаган, бирок бактылуу элди көрдүм. Биз да пейилибизди оңдосок өнүгөбүз, бири-бирибиздин жетишкендигибизге сүйүнөлү, мактайлы.

– Маегиңизге чоң рахмат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1020, 24-30-июнь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан