«ЖАЛГАН КӨРСӨТМӨ БЕРИП КАМАТЫП ЖИБЕРГЕНИМ ҮЧҮН КЕЧИР»

– Моюнуңа аласыңбы, жокпу?

– Мен түрткөн жокмун, өлүп кетейин, өзү секирип кетти...

– Сени көрүшүптүр, терезеде турганыңды моюнуңа ал!

– Мен эмес... Ал секирип кеткенден кийин терезеден карагам.

– Эй, акмак, моюнуңа ал! Кылмышкер эч качан “мен өлтүрдүм” деп моюнуна албайт башында, "кылган жокмун" дейт.

– Мен чын эле түрткөн жокмун...

Сурак бөлмөсүндө менин көзүмчө эле 2-3 милиция кызматкери шектүүнү ушинтип кыйнап, бети-башына койгулап жатышты. Бири чыкса экинчиси кирип тебет, экинчиси чыкса үчүнчүсү кирип кыйнап баштайт. Айтор, жигитти сурак бөлмөсүндө таң аткыча сабап, акыры күнөөсүн моюнуна алдыртып тынышты. Биз да окуянын күбөсү катары курбум экөөбүз таң аткыча ШИИБде отурдук.

Окуя мындайча болгон. 2015-жылдын май айлары эле, курбум экөөбүз шаардагы көчөлөрдүн биринде жайгашкан үч бөлмөлүү батирлердин биринен бир бөлмө ижарага алып жашап калдык. Биз жашаган батирдин башка бөлмөлөрүндө бир эже жана Жанара деген кыз жалгыз жашачу. Эртең менен кетип, кечинде жумуштан келгендиктен күндүз эч кимисин деле көрчү эмеспиз. Жанараны 2-3 жолу эле көрдүм. Түнт, оңою менен адамга ачыла бербеген кыз эле. Бир күнү Жанара жасанып, атыр себинип күн батканда үйдөн чыгып кетти. Биз уктап калган элек. Түн жарымда Жанаранын шыңкылдаган үнү чыкты. Бөлмөмдөн чыгып карасам ал бир жигит менен келип, кире бериште бут кийимин чечип жатыптыр.

– Акырын болгула, элдин баары уктап жатат!

– Бул менин жигитим, азыр бат эле кайра кетет...

– Көпчүлүк менен жашагандан кийин билесиң да, түн жарымда үйгө киши ээрчитип келген болбойт.

– Ооба, билем, бат эле кетет дебедимби...

– Коридордун жарыгын өчүрүп койгула!- деп кирип кеттим. Экөө акырын басып ашкана тарапка кирип кетишкен.

Ошондо экөө ашканада чай ичип сүйлөшүп отурушуптур. Көп өтпөй эле үйүбүзгө тапырап милиция кызматкерлери кирип келишип, баарыбызды ойготушту. Эшиктин алдында эл толтура, ызы-чуу, “Тез жардам” кызматынын унаасы турат. Уйкусураган бойдон ашканага кирсем милиция кызматкерлери Жанаранын жигитинин колуна кишен салып жатышыптыр. Жанымдагылар “силердин балконуңардан бир кыз секирип кетти, бирөө түртүп жиберди окшойт” дешти. Уккан кулагыма ишенбей чуркап барып терезени карасам көйнөгү түрүлүп жерде Жанара жатат. Түнкү саат 02:00дө милиция кызматкерлери батирде жашаган курбум экөөбүздү окуянын күбөсү катары суракка алып кетишти. Үйдө курбум экөөбүз эле болчубуз, жаныбыздагы бөлмөдө жашаган эже айылга ата-энесиникине кетти эле. Ошентип Жанаранын жигити кыйноого алынганына өз көзүбүз менен күбө болуп отурдук. Эч нерсе дей алган жокпуз, жаш элек, бизди да камап койсочу деп корктук. Таң атканда милиция кызматкерлери Жанаранын ооруканада каза болгонун айтышты. Ого бетер үрөйүбүз учту, нес болдук, кечээ эле тирүү жүргөн адам бүгүн жок болсо таң калычтуу экен. Милицияда эртеси түшкө чейин отурдук. Күтө берип тажаган биз милиция кызматкерлерине:

– Байке, биз кете берсек болобу?

– Жок, батирде силерден башка эч ким болбоптур, үчөөңөрдүн бирөөңөр түртүп жиберишиңер мүмкүн.

– Коюңузчу, эмне деп жатасыз?

– Бул жигит кылмышты моюнуна албаса силерди да шектүү катары кармайбыз,- дешти.

Түнү менен уктабаганыбыз аз келгенсип камалып кетебизби деп да корктук. Курбум экөөбүз тиги жигитке каршы көрсөтмө берели, болбосо бизди коё беришпейт деп кеңештик. Экөөбүз келишип алып “ооба, ушул жигит түртүп жиберген” деп көрсөтмө бердик. Тиги жигит “мен түрткөн эмесмин, калп айтпагыла, кыздар” деп ыйлаган бойдон калды. Биз чыгып кеттик, ошол бойдон артыбыздан батирге эч ким издеп келген жок, тергөөчү да келбеди. Балким, кийин тергөөчү келип окуянын чоо-жайын териштирсе чындык калкып чыгат беле деп ойлойм.

Бир жылдан кийин биз менен чогуу жашаган эже менен жолугуп калдым, ал баягы жигиттин 11 жылга камалып кеткенин айтты. Аябай жаман болдум. Жүрөгүм уйгу-туйгу болуп, анын “жалган айтпагыла, кыздар” деп ыйлаганы улам эсиме түшөт. Кошуна бөлмөдө жашаган эже менен Жанаранын мамилеси жакшы болчу. Көрсө, ал кыз буга чейин 2-3 жолу балкондон боюн таштайм деп аракет кылыптыр. Бир жолкусунда ошол эже кармап калып ата-энесине чалып, алар айылдан келип алып кетишкен экен. Жигити да сурак учурунда “биз урушкан жокпуз, жөн эле ойноп терезеге чыгып “азыр боюмду таштап жиберем” деп тамашалап жатты, мен чындап эле боюн таштап жиберерин билген жокмун” деп окуяны айтып берген эле. Кыз каза болгон күнү узун, денесине чыпташкан кара көйнөк кийип жүргөн, мен терезеден караганда көйнөгү санына чейин түрүлүп жерде жаткан болчу, балким, чын эле өзү көйнөгүнүн этегин көтөрүп боюн таштаганга даярданган деген ой келет. Анан да эч кандай талаш-тартышын көрүп, ызы-чуусун уккан жокпуз, экөө тынч отуруп эле ушул окуя болуп жатат. Окуяга көп жыл болуп кетти. Бирок мени дагы деле уятым тынч жашатпай келет.

Бул окуядан кийин мен турмушка чыктым, балалуу болдум. Жакында эле жашоомдо бир окуя болду. Бир тууган байкем бирөөлөрдүн жалаасы менен абакка отуруп калды. Байкем Ысык-Көлгө эс алганы кеткен эле, уктап жатсам таңкы беште чалышты:

– Алло? сиз Сагынга ким болосуз?

– Карындашы болом, эмне болду?

– Сизге милициядан чалып жатабыз, агаңыз кыз зордуктоого шектелип азыр суракта отурат.

– Коюңузчу, кандай кыз, анын аялы, бала-чакасы бар!

– Билбейм...Өзү менен сүйлөшүңүзчү,- деп телефондун трубкасын байкеме берди.

– Сагын байке, эмне болдуңар?

– Алтынай, мен, мен... Түндө достор менен Ысык-Көлгө келгенбиз, кыздар менен эс алып эле жүргөнбүз... Бирөөсү зордуктады деп арыз жазып салыптыр. 2-3 күн чогуу эле эс алган элек.

– Байке, эмне кылып жүрдүңүз ал жакта, жеңем, балдарыңыз укса эмне дейт, уят эмеспи?!

– Алтынай, эч кимге айтпачы суранам, үйдөгүлөр укпасын! Андан көрө мени куткарып кетчи?..

– Кантип?

– Жүз миң сом табыш керек болуп жатат, кызга 70 миң, милицияларга 30 миң берет экенбиз...

– Менде акча жок, байке, жолдошум иштебейт, балама памперске акчам жок отурам! Кандай адамсыз деги, 3 балаңыз, аялыңыз үйдө отурса жаш баланын жоругун кылып?

– Эми эмне кылайын, ушундай болуп калды?..

Ары жактан "сүйлөшүп бүттүңбү, келе телефонду" деген үн угулуп байланыш үзүлүп калды.

Агамдын ал “кылмышы” кийин үйдөгүлөргө чейин угулуп, ата-энем мал-жанын сатып аны куткарып чыгышты. 4 ай абакта отуруп арыктап, жүдөп кетиптир. Аны менен кезиккени барганда байкемди эмес, баягы жигитти көргөндөй болдум. Андан бери турмушумда көп эле жамандыктар болду, жашоомдо жамандык болгон сайын ошол каматып жиберген баланы эстейм. Кудайдан күндө ал баланын амандыгын, ата-энесине өмүр тилечү болдум.

Турмушка чыгып, жолдошум менен келишпей ажырашып кеттик, балам оорулуу болуп калды. Ойлоп көрсөм, жашоомдогу кара тактардын баары ошол окуядан кийин болуптур. Милициянын имаратанын жанынан өткөндө дайыма ошол жигиттин кейиштүү кебетесин эстей берем. Сенин соттолуп кеткениңе менин күнөөм бар, бул дүйнөдө кечире алсаң кечир мени!

Алтынай

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА