Алтынай Асанбекова дегенде алгач “Жамгыр” аттуу ыр эске келет. Бул ырчы кыз гитарасын колго алып ар бир ырды жүрөккө жеткире ырдаганы менен жүрөгүбүздөн түнөк таба баштады окшойт. Мукам үнү, жандуу аткаруусу менен өз угармандарын таап, чыгармачылыктын чыйыр жолунда талыкпай аракет кылып келе жаткан ырчы жакында “Жаным” аттуу ырын угармандарына сунду.
– Алтынай, саламатсызбы? Кепти чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктарыңыздан баштайлы.
– Чыгармачылыкта, буюрса, аракет кылып жатабыз. “Жаным” аттуу ырымды угармандарга сунганбыз. “Жаным” ыры да “Жамгыр” ырындай эле байкеме таандык. Негизи бул ыр эки жыл мурун эле чыкмак. Мен бошобой калам, менин каалоом болгондо аранжировкачылар бошобой калышат, айтор, ошентип убакыт-сааты чыкпай жатып, эки жыл дегенде араң даяр болду. Ушунча болду, клиби менен чыгарайын деп клип тарттык, буюрса, ушул жуманын ичинде элге тартуулайлы деп турабыз. Андан сырткары жаңы ырлардын үстүнөн иштеп, кавер жазып, айтор, чыгармачылык менен алпурушуп жүрөм.
– Мамлекеттик жумушта иштээриңизди билебиз, ал жактан чыгып ырчылыкка баш-отум менен киришейин деген ойлор болбой элеби?
– “Азыр иштей берем, эгер аябай жетишпей мега жылдыз болуп кетсем, биротоло чыгармачылыкка кетем” деп тамашалап күлүп калам. Муну ата-энем укпасын (күлүп). Сиздерге маекке деле жумуштан чыгып келе жатам. Азырынча түшүнүшүп эле келе жатабыз. Ырчылардын жашоосу кечинде башталат деп коёт го. Той, концерттер көбүнчө кечинде болгон үчүн күндүз жумушка жетишип эле жатам. Болгону уйкудан бир аз кыйналам.
– Май айындагы Орусияга болгон гастролдук сапар кандай өттү?
– Быйыл 14-февралда алгачкы жеке концертим Москва жергесинде өттү. Негизи жеке концертимди 20-февралга Кочкор жергесине уюштуруп койгон болчумун. Анан ага чейин Мурадил Данияров “14-февралга карата Орусиянын шаарларын концерт менен кыдырып келбейлиби” деп сунуш киргизип калды, тобокелдик менен эле кетип калдым. Ал жакта 6 шаарды кыдырдык, мени аябай жылуу кабыл алышты, жакшы болду. Жаңы ырларды жаздырайын, иштейин, Кудай буюрса, жеке концертим менен башка жерлерди кыдырайын деп жакшы ниет кылып келдим. Иштегенге чоң түрткү берди. Эл жакшы кабыл алып жатса иштегиң эле келет экен. Келип, Кочкор жергесиндеги концертимди өткөрүп алдым.
– Буюрса, эми гастролдойт экенсиз да. Гастролдун каржылык жагы кандай болду?
– Чынын айтсам, биринчи ирет барып жатканга акчаны деле көздөп барган эмесмин, эл-жер көрөйүн, тажрыйба болсун деп эле бардым. Бирок Мурадил айткан суммасын чыгарып берди, баарына Кудайга шүгүр. Эл-жер көрүп, эс алып, андан сырткары каржы маселесин дагы чечип келсең абдан жакшы нерсе экен.
– Азыркы тапта продюсер менен иштешесизби?
– Азыркы менеджерим Данияр Чабалиевди алгачкы продюсерим деп коём. Бул киши мени тойлорго алып барып, эл алдына чыгып ырдаганды, сүйлөгөндү үйрөткөн жол көрсөтүүчүм болду. “Жамгыр” ырын жаздырып, клибин чогуу тарттырганбыз. Анан продюсер менен иштешип көрөйүн деген ой менен Канат Кадыржан байкебизге кайрылып, аны менен эки жыл иштештик. Ал да өзүнүн колдоосун көрсөтүп эфирлерге, жаңы жылдык съёмкаларга аралашуума жардам берди. Бирок эмнегедир экөөбүз иштешкен эки жылдын ичинде ыр жаздырып, клип тарттыра алган жокпуз. 2022-жылдын башталышы менен чыгармачылыкка аралашып, эки жагын түшүнүп, көнүп калдым, мындан ары өзүм эле иштейин деген ойго келдим. Себеби салыштырып көрсөм, продюсериң болсо деле жүктү өзүң көтөрөт экенсиң. Бир чети продюсериң болсо жоопкерчиликти ага артып коюп жүрө береримди байкадым. Өзүм эле иштейм деген менен, баары бир телефон чалууларга жооп берген, кайсы иште болбосун көмөкчү болгон бирөө керек болот экен. Анан кайра эле Данияр байкени менеджер кылып алдым.
– Көчөдө ачык асман алдында эле өнөрүңүздү тартуулаганыңызды көрүп калгам, муну эл да жакшы кабыл аларын байкадым...
– Негизи антип ырдаганга убактым деле жок. Майдын аягында ШКУнун жыйыны өтпөдүбү, ошол күндөрү шаардык мэриянын маданият башкармалыгынын сунушу менен көчөлөрдө көчмө концерттер өткөн. Мен дагы ошол иш-чаранын алкагында көчөдө ырдагам. Ооба, эл жакшы кабыл алып, токтоп уккандар көп болду.
– Жогоруда жумуштан чыгам дегенимди ата-энем укпасын деп калдыңыз. Алар чыгармачылыгыңызга кандай карашат?
– Ата-энем менин ырчы болуп кетишимди көп деле каалашчу эмес. Бирок азыр ойлору өзгөрдү. Музыкалык билимимди улантпай, Агрардык университетти аяктап, картографиялык-геодезиялык кызматта иштеп калышыма да алар түрткү болушкан. Бирок ырдагың келип, үйдө ырдасаң эл алдына чыккың келип эле талант деген жөн койбойт экен. Негизи чыгармачыл адамдар моюнубузга алгыбыз келбегени менен, биз элдин көңүл чордонунда болууну жактырабыз. Кол чаап, алкап койсо ого бетер ырдагыбыз келип калат. Кээде социалдык тармакка видео жүктөп алып деле эмне деген комментарий келиптир деп карай бересиң.
– Хейтерлериңиз барбы?
– Мурун жок болчу. Хейтерлер көрө албас адамдар болот окшойт деп ойлоп калдым. Мисалы, мурун үйдө отуруп эле гитара чертип боёнбой, карапайым болуп эле ырдап видео жүктөп койсом, мага эч жаман сөз жазышчу эмес. Азыр деле укмуш болуп кеттим деп айтуудан алысмын, бирок ырдап эл оозуна алынып, аздыр-көптүр таанылып калдым. Кичине көтөрүлүп келе жатканыңда көрө албастан жаман сөздөрдү жазышабы деп калам. Болбосо ошол эле ырды ырдап жатасың, ошол эле Алтынайсың. Кээде мага “үнүң деле жок экен, ырдабай эле койчу” деп жазышат. Мактангандай болбоюн, эгер менин үнүм жок болсо, жандуу ырдай албасам, анда мен ырдабай эле коймокмун. Бирок окшош көп сын-пикир жазылса аны туура кабыл алыш керек. Анткени көп киши ошондой пикирин жазып жатса, анда анын чындыгы бар. Ошол нерсеге көңүл буруш керек.
– Сизге ийгилик! Маегиңизге рахмат.
Динара Акимова