КЕЛБЕТТҮҮ БОЛГУҢ КЕЛСЕ, БАССЕЙН МЕНЕН ДОС БОЛ

Билип ал

Эркектер “ички сулуулук баарынан бийик турат” деп миң ирет кайталап, ишендиргенге аракет кылышпасын, сулуу аялды көргөндө баш бурбай коё алышпайт. Эми бул алардын деле күнөөсү эмес дечи. Кудай аларды ошондой жараткан да. Ошол эле Кудай аялзатын дайыма эркектин жанында жүрсүн, таянычы болсун, тукумун уласын, көргөн сайын көзүн сүйүнтүп турсун деп жаратса керек эле. Эркекти башкарып, мээсине чай кайнатканды амалкөй аялзаты кийинчерээк өздөштүрүп алган. Кыскасын айтканда, аялдын сулуулугу эркектердин көңүлүнөн тыш калбайт. Демек, кандай абалга туш болбойлу, кандай шартта жашабайлы дайыма сулуу бойдон калууга көнүшүбүз керек. А бул нерсе оңой эмес. Барпы акын бекеринен “болор болбос баш баккан, сенин бөдөнө тумшук мамагың...” деп боздобогон чыгар. Аялзатынын сыймыгы болгон ушул орган, аны кантип дайыма жакшы формада алып жүрүүгө болору тууралуу сүйлөшөбүз.

Келбетти калыбына келтирем деп арыктаганга аракет кылып диета кармаган, спорт залдарда өзүн кыйнаган кыздар көп. Бирок эсиңизде болсун, арыктоо ашыкча майлар пайда болгон курсактан, белден эмес, чү дегенде эле эмчектен башталат. Демек, сиз белди ичкертип бүткүчө көкүрөгүңүз баягы шилекей агызган формасын жоготуп алары турган кеп.

Салмагыңызга кошулган 1 килограмм ашыкча салмактын болгону 20 граммы гана эмчектерге кошулат да, 10 килограмм арыктачу болсоңуз, ар бир эмчек 200 граммдан салмак жоготот экен. Мындай “сюрприздерге” баш оорутуп, капалангандан көрө салмакты дайыма бир калыпта кармап жүрүүгө аракет кылганыңыз оң.

Жылмаюудан айымдардын көкүрөгү тик көрүнүп, жагымдуу формага келе түшөт. Бул тамаша эмес, окумуштуулардын көп жылдык байкоосунан улам келип чыккан далил. Жылмайып турганда эмчек жагымдуу көрүнүп калат. Анан эми айым каткырып жаткандагысын элестетиңиз!

Эркектердин шилекейин агызам десеңиз, бүкүрөйбөй дайыма далыны жана ийинди түз кармаңыз. Жумшак, ичине чөгүп кетчүдөй болгон креслолорду акырын гана тышка чыгарып салыңыз. Мындай отургучтарда үргүлөп отурсаң ыңгайлуу дечи, бирок алар эмчектин формасын бузат. Тегиз, катуу отургучтарда далыны түз кармап отуруу ыңгайлуу. Мындайда сиздин келбетиңиз эч бир жигиттин көңүлүнөн тыш калбайт.

Адистер эмчектин формасын калыпка келтирүүнүн көптөгөн жолдорун иштеп чыгышкан. Албетте, андай процедуралардын акчасы да кымбат. Бирок ошол эле адистер андай кымбат процедураларга караганда эмчектин формасын калыбына келтирүүдө кадимки эле салкын суунун таасири күчтүү экенин моюнга алышат. Демек, сууда сүзүү аялзатынын келбетин калыпка келтирүүнүн эң оңой жана жагымдуу жолу. Келбеттүү болом десеңиз, бассейн менен дос болуңуз!

Астра Айдарова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Nyrkiz
2012-08-10 20:54:18
Эн туура жазылган
0
jasminka
2013-03-31 08:11:34
кыска болуп калыптыр жыйынтыгы. максат сууга тушуубу же сууда физикалык кыймыл жасообу?
0
jomik_kg9595
2014-02-10 04:33:19

Ким билет ит билеби...
0
Barbaristka
2020-04-02 23:58:40
Урматтуу админ ушул тема тууралуу дагы маалыматтарды кошуп койсонуз кандай болот а то жыйынтыгы тушунуксуз болуп калыптыр.
0
admin_portal
2020-04-06 14:57:42
Barbaristka, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан