Айзада Жамгырчиева, алпаруучу: “СЕНСИЗ ЖАШАЙ АЛБАЙМ ДЕЧҮ, АЗЫР ЖАКШЫ ЭЛЕ ЖАШАП ЖҮРӨТ”

Алпаруучу, ырчы, актриса, тыпылдаган тың кыз Айзада Жамгырчиева гезитибиздин башкы бетин көркүнө чыгарды. Маекте каржылык эркиндиктен тарта жан дүйнөнүн кризисине чейин сөз болду.

– Айзада, кандайсыз? Дайыма эле убакытка таксызбы? Айтылган убакыттан бир мүнөт да кечикпей келдиңиз.

– Жакшы, рахмат. Ооба, азыр эң чоң байлык – бул убакыт. Өз убактымды сыйлайм, башкаларды да менин убактымды сыйлоого чакырам.

– Сизди күчтүү айым деп сыпаттаса болсо керек, мынча күчтү, энергияны кайдан аласыз?

– Эркектери алсыз коомдо аялзаты күчтүү болот. Жанымда ишеничтүү адам жок болгондон кийин күчтүү болууга аргасызмын. Анан да мени көрө албаган, мага ишенбеген адамдар, хейтерлерим мени курчутат. Энергия тууралуу айтсам, азыр нумерологияга кызыгып жүрөм. Менин саным 5. Бул сан энергияга бай экен. Биз уктабасак деле энергиялуу жүрө берет экенбиз. Экинчиден, жасап жаткан жумушум өзүмө жагат.

– Чыгармачылык кризиске туш болосузбу?

– Азыр ушундай учур болуп жатат. “Кош келиңиздер” автордук берүүмдүн сезонун жаптык. Эми Айзада жаңы идея “төрөш” керек, менде болсо кризис. Чыгармачылык эле кризис болуп турсун, каржылык эмес.

– Алпаруучулук боюнча өзүңүзгө кандай баа бересиз?

– Өзүмө берген баам аябай төмөн. 10 балл деп алып карасак, өзүмө 4 деген баа бермекмин. Мындан да эртерээк англис, итальян, кытай тилин үйрөнсөм атаандашы жок алпаруучу болмокмун. Ушуга өкүнө берем. Азыр да кеч эмес, ошонун үстүнөн иштеп жатам. Жеке жашоодо деле, жумушта деле өзүмө баам төмөн. Өзүмдү сүйбөгөнүмдү билип, анын үстүнөн да иштеп келем.

– Каржылык жактан эркин аялга башка эмне керек болот экен?

– Каржылык эркиндикке жеткен айымдарга деле сүйүү керек, жанына жакшы мырза керек. Азыр мырзалардын көпчүлүгү өзүнө ишенбегендер болуп жатпайбы. Айымдын көзүндө мырза авторитет болушу керек. Авторитет болушу үчүн ал жеткиликтүү акча табышы керек. Азыркы мырзалардын көбүнө авторитет жетишпей жаткандай. Ушундай жигит жолукпай жатпайбы. Көпчүлүгү “аппетити чоң, каржылай албайм, бул кыз эркиндикти талап кылат” деп жакшы көрсө да келип тааныша алышпайт. Аракет кылган мырзалар да бар. Негизи мырзалык сүйүү эле аялды бактылуу кылат экен. Канчалык сенин карьераң өсүп кетпесин баары бир аялдык бакыт балада жана күйөөдө деп ойлойм. Убакыт өткөн сайын ошого умтула берет экенсиң. Мурун кичинекей балдарга көп маани берчү эмесмин. Азыр көчөдөн көрсөм деле эзиле берем, энелигим ойгонуп жатат окшойт, мырзалар (күлүп). Буйрук болсо ал күн да алыс эместир. Адамды бактылуу кылган бул сүйүү эле.

– Жалгыздыктан коркосузбу?

– Ооба, корком. Үй-бүлө кургум келет. Күйөөгө тийбей калгандан корком. Азыр үйгө барсам жалгызмын да. “Түндө жумушуң сени жылытпайт” деген сөз бар го, ошол менин жашоомо эми келип жатат. Ушундай атмосфера жан дүйнөнүн кризисине да түртө берет. Бирок аманчылык болсо жаманчылыктын баарын жеңебиз.

– Экинчи аял болгонго көз карашыңыз кандай?

– Көз карашым түз эле. Адам ошентип чечсе, демек, анын чечимин сыйлаш керек. Бирок өзүм боло албайм деп ойлойм. Анткени сүйгөнүмдү бирөө менен бөлүшкүм келбейт. Негизинен болмок эмесмин, аябай жакшы көрүп калсам болуп калышым деле ыктымал. Жашоодо эч нерсени болбойт деп айтпаш керек.

– Бир каналга унааңызды тааныштырып чыккандан кийин эле алпаруучу Назира Айтбекова “мага деле унаа, батир белек кылгылачы. Өз күчүм менен алдым деп мактангым келип жатат” деген пост жазган. Көпчүлүк сизге багытталды деп түшүнгөн. Сиздин жообуңуз...

– Чындыкты бир гана Кудай билет. Адам иштесе баары мүмкүн. Мага окшоп тынбай иштесе андай автоунааны бир жылда эле алууга болот, мен 4 жыл акча чогулттум. Жашоомдо эркектерден гүлдөн кымбат белек алган эмесмин. Алгансың деп бирөө айтса, мага келип беттештирсеңиз болот. Ушундай тарбияда өскөнбүз, бирөөдөн бир нерсе алдыңбы, сөзсүз жообун беришиң керек. Азыркы жашоодо бекер эч нерсе жок. Алганды да үйрөнүш керек экен. Алган кыздар азаматтар, бул дагы талант. Менин колумдан келбей жатпайбы. Келсе мен деле башкача жашоо кылмакмын, Майамиге барып эс алып дегендей. 6 саат бийик така менен туруп, бутум шишип үйгө келип ыйлаган учурларым болот, “ушул мага керекпи, күйөөгө тийип шүгүр деп жашай бербеймби” дейм. Бирок жумушумда бактылуумун.

– Бир айлык кирешеңиз канча, сыр болбосо?

– Сиз укпай эле коюңуз, мен айтпай эле коёюн (күлүп). Ар кандай. Сезон болгондо жакшы эле, 4-5 миң доллардай, сезон жокто анын жарымы деле чыкпай калат.

АКЫРКЫ ЖОЛУ...

– Эмнеге өтө кубандыңыз?

– Дос кызыбыз 50 миң доллардын тегерегиндеги баага жаңы Лексус алды. Өзүм алгандай кубандым.

– Эмнеге ыйладыңыз?

– Кечээ ресторанда тамак жеп отуруп кыздар менен урушуп кеттик. Мага жинденгенге болбойт, муундарым калчылдап, буттарым тырышып калат. Ошондо ыйладым.

– Эмнеге таң калдыңыз?

“Сени сүйөм, сенсиз жашай албайм” деп жүргөн жигиттин менсиз жакшы эле жашап жатканын көрүп таң калдым.

– Эмнеге көп акча кетирдиңиз?

– Негизи тамакка көп акча кетирем, тамактан аябайм. Кечээ эле ресторанда отуруп бир чайнек чай, италия тамагын жегем, 100 доллар болуп кетти. “Үйдөн макарон эле кууруп жесем болмок” деп туруп акчаны берип кетип калдым (күлүп).

– Эмнеге таарындыңыз?

– Аябай таарынчаакмын. Бирөө башкача карап койсо деле таарына берем. Кечинде досума чалып “тамак ичели” десем, ал “жок, укташым керек” деп койду. Ошого эле таарынып калдым. Азыр жазбай, чалса албай жатам. Ал түшүнгөн деле жок, эмнеге антип жатканымды. Кээде ошентип өзүмдөн-өзүм таарынып, кайра бир күнү жазылып калам.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан