Актёрдук кесипке ээ болуу үчүн бир канча атактууларыбыз билим алып, нечен жыл тажрыйба топтогондон кийин гана киного тартылуу укугуна ээ болушкан болсо, кээ бирлери ымыркай кезинен эле шоу-бизнеске аралашып келишет. Алардын арасында ичинен оргуп чыккан чыныгы талантынын күчү менен келгендери да, ата-энесинин колдоосу менен келгендери да бар. Анда “Дүйнө жылдыздары” рубрикабыздын бүгүнкү санында кичинекей кезинен эле атак-даңкка ээ болгон киноактёрлор тууралуу сөз кылмакчыбыз...
ЛИНДСЕЙ ЛОХАНЖаш актриса жана белгилүү ырчы Линдсей Лохан 1986-жылы 2-июлда Нью-Йорк шаарында төрөлгөн. Линдсейдин кичинекей чагынан эле атактуу болууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Анткени, атасы Майкл Лохан бир нече макарон чыгаруучу ишканаларды жетектеп, Голливуддагы кээ бир долбоорлорго демөөрчү болуп келген. Ата-энесинин колдоосу менен таланттуу кыз үч жашынан баштап рекламалык роликтерге тартыла баштайт. Сары чачтуу, бетин майда сепкил баскан Линдсей ошол кездеги талабы эң жогору жарнама аткаруучулардын бири болууга жетишкен. Бешиктен бели чыга элек экенине карабастан 60 рекламалык роликке тартылып, телерадио берүүлөргө да чакырыла баштайт. 10 жаш курагында кино дүйнөсүнө алгачкы кадамын таштап, “Другой мир” сериалына тартылган. Мындан көп узабай эле 1998-жылы атагын алыска тараткан “Ловушка для родителей” комедиясында өзү жалгыз эле эгиз кыздардын ролун аткаруу менен “Жаш актриса”, “Жаш жылдыз” номинацияларына ээ болгон. Балалыгы башкалардан өзгөчөлөнгөн Линдсей аткаруучулукка биротоло берилип кетпестен мектепте да жакшы окуган. Ар тараптуу таланттардын ээси болуп, 2002-жылы ырчылык менен да алектенүүгө жетишкен. Азыркы тапка чейин Линдсей 21 гана жашта экенине карабастан 20дай кинотасмаларга тартылып, 2 альбомун чыгарганга жетишти.
АЛЕКСАНДР ГОЛОВИН
Александр Головин 1989-жылы 13-январда Чехияда төрөлгөн. Атактуу актёр болуу Сашанын балалыгындагы кыялы эле. Баарыбыз балалыкта сүйүп көргөн “Ералаш” киножурналында жөнөкөй бала Санёктун катышкандыгы тууралуу билебиз. Бул тасмага “Ералаштын” дагы бир каарманы Аня Цуканованын жардамы менен келип, актёрлук кесипке алгачкы кадамын таштаган. Тамашалуу киножурналга тартылуучулардын баары эле жаш балдар болгондуктан, шериктерин өздөрүнө тандатып коюшчу. Ошондо Аня Сашаны тандаган экен. Ал кезде Саша болгону 9 жашта болсо да, режиссёрлордун купулуна толгон роль жарата алган. Бул тасмалар атактуулукка жетелеген жол болуп, аты эл оозуна алына баштайт. Мындан көп узабай эле 10 жаш курагында “Бледнолицый лжец” фильмине тартылган. Андан тышкары “Сволочи”, “Кадеты”, “Повелитель луж” фильмдеринде баш каармандардын ролун аткарат. Бир нече рекламалык роликтерде, сериалдарда да чеберчилик менен ойноп, атактуулуктун желегин желбиретип келет. Андан тышкары Саша “Норд-Ост” мюзиклында дагы ойногон. Учурда актёрдук кесиптин артынан түшүп, дагы да болсо тажрыйба топтоп келет, “Кадетство” сериалындагы Максим Макаровдун образын чагылдырып, жаш кыздардын жүрөгүн жаралап, жылдызы жанып турган убак.
МЭРИ КЕЙТ жана ЭШЛИ ОЛСЕНДЕР
Эгиз кыздар Мэри Кейт менен Эшли 1986-жылы 13-июнда Лос-Анжелес шаарында төрөлүшкөн. Кийинки жылы эле 9 айлык эгиз кыздарды биринчи жолу “Полный дом” сериалындагы Мишель Теннердин ролуна экөөнү алмак-салмак тартышкан болчу. Ушундай жол менен шоу-бизнеске аралаша баштаган Мэри Кейт менен Эшли кийинки өткөн 21 жыл аралыгында бир канча кинолорго чеберчилик менен тартылуунун артынан атак-даңкка жетип отурушат. 1991-жылы атасы Дэйв Олсен кыздардын эски менеджерин ишинен айдап, анын ордуна Роберт Торнду кызматка алган. Торн жаңы компания ачып, Эшли менен Мэри бул компаниянын жетекчилери болуп калышкан. Ошентип, Голливуд тарыхында эң жаш продюсерлер деген атка конуп, атактары алыска тарайт. Ушул эле жылы “Продаётся братик”, “Я самая симпатичная” компакт-дисктери жарыкка чыккан. Мэри жана Эшли Олсендер катышкан “Прячься, бабушка, мы уже едем” фильмин кээ бир каналдардан жаңы жыл түнү да көрсөтүп калышат. Таланты ар тараптуу Мэри Кейт менен Эшлинин “Приключения МК-А” компакт-дискинен тышкары китеби да бар. Кино жаатындагы 20 жылдык эмгеги бир топ бийиктиктерди багындырууга өбөлгө болду. Андан тышкары модалуу кийимдердин дизайнын чыгаруу менен да алектенип келишет. Учурда эгиздер чыгармачылык менен кызуу иштешип, ата-энеси ажырашып кеткендиктен, апасы менен Калифорния штатында турушат.
ДМИТРИЙ ИОСИФОВ
1965-жылы 22-октябрда жарык дүйнөгө келген. Күтүүсүздөн эле киного келип калганын Дмитрий мындайча баяндаган: “Муз үстүндө бийлөө мектебинде жүргөнүмдө мени балдардын арасынан тандап алып эле Арлекинонун ролуна бекитип коюшкан. “Ичим ооруп жатат” деп качканыма карабай кайра апкелип, Буратинонун ролун беришти. Кечке эле узун сабиз сыяктуу мурунду мага ченеп көрүп, кайра чечип эле жатышкан. Көрсө, киного тартылып жатыптырмын”. Алгач тартылуудан баш тартып качып жүргөн болсо, мындан кийин анын жашоосу өзгөрүлүп, кинодон башканын баары кызыксыз болуп туюла баштайт жана “Красная шапочка”, “Капитан Сорви-Голова” тасмаларына да тартылган. Учурда үч баланын атасы Москва шаарында турат. Бир кезде “Приключения Буратино” фильминен тушоосу кесилген актёр азыркыга чейин бул кесипти аркалап келет. Тартылган кинолорун санабаганда, режиссёрлук да жагы бар. Мисалы, “Убойная сила” сериалынын, “Последний герой”, “Двенадцать негритят” теледолбоорлоруна режиссёрлук кылган.
МАКОЛЕЙ КАЛКИН
Маколей Калкин тууралуу билбегендер аз болсо керек, анткени, жалпы эле кино тарыхында аты кала тургандай эле актёр десек жаңылбайбыз. Маколей 1980-жылы 26-августта Нью-Йорк шаарында туулган. Шоу-бизнеске 4 жаш курагында эле аралаша баштаптыр. Ал эми 8 жашында биринчи жолу киного тартылат. Кастингге катышкан 200 баланын арасынан эң татыктуу экенин далилдеп, 90-жылдардын башында бардык киносүйүүчүлөрдүн жандүйнөсүнөн орун алган “Один дома” фильмине тартылат. Бул болсо кино жаратуучуларга 285 миллион долларлык киреше алып келсе, Маколейге 5 миллион доллар жана атак-даңк тартуулады. Көп узабай 1992-жылы “Один дома-2” жарыкка чыккан. Мындан кийин дагы бир канча кинолордо роль жаратканы менен көпчүлүктүн эсинде кичинекей болуп туруп үйүнө уурулукка келген адамдарды тузакка түшүргөн акылдуу бала Кэвин катары кала берди. Бирок, жеке жашоосунда таттуу турмуш кечип жатат деп айтууга да ооз барбайт. Анткени, ата-энеси ажырашып, психикалык жактан оорулуу апасы анын колунда калат. Маколей 17 жашында үйлөнүп, эки жылдан кийин кайра ажырашып кеткен. Ал аз келгенсип, оорулуу апасы үйүн өрттөп жиберип, бир кабатта жашаган кошуналарын да оор жоготууларга алып келген. Ушундай турмуштун соккуларынан кийин Мактын карьерасы 6 жылдык үзгүлтүккө учурайт. Кийин кайра экран бетине “Клубная магия” фильми менен кайтып келген. Мында белгилүү дүйнөлүк түнкү клубдар промоутери Майкл Элигдин ролун жараткан. Ушул киного тартылгандан кийин “Калкин түнкү клубдарга көп барып, наркомандар менен мамилелеш боло баштаган” деген сөздөр да тараган.
ДРЮ БЕРРИМОР
Дагы бир кичинекей чагынан эле аты алыска тараган жаш актриса Дрю Берримор 1975-жылы 22-февралда Лос-Анжелес шаарында төрөлгөн. Кичинекей чагында атасы мас абалында үйбүлөсүнө кол салып, алардын арасында Дрю дагы мындай кордукту көрүп чоңоёт.
Дрюнун кинокарьерасы ымыркай кезинде эле башталган. 9 айлык наристе кезинде рекламалык роликке тартылган болсо, 2 жашында алгачкы жолу “Неожиданная любовь” киносуна катышат. Беш жылдан кийин ийгилик коштоп, Спилбергдин “Инопланетянин” фильмине тартылуу менен атагы алыска тарайт. Ушундан кийин “Американын чыныгы супер жылдызы” деген атка конгон. Популярдуулуктун кесепети тийдиби, айтор, Дрю ар кандай кечелерге баруу менен бирге спирт ичимдиктерин колдоно баштаган. Мунун айынан карьера жолунан четтеп, керек болсо үстүндө үйү жок калганга чейин барат. Айласыздан батирге чыгып, акысын төлөө үчүн аягында даараткана тазалоочу болуп да иштеген экен. Мындай турмуштан тажагандыктан, 1989-жылы өзүнүн жанын кыюуга да аракет кылган. Бактыга жараша, бул ою ишке ашпай, жаңыча турмуш баштоого түрткү берет. Бул окуядан кийин Берримор: “Мен кайрадан жашоого келдим, бул күн менин экинчи туулган күнүм”,- дейт бул тууралуу. Андан бери 20дан ашык кинодо ойноп, кайрадан өз жолуна түштү. 1994-жылы турмушка чыгып, 2 айдан кийин эле ажырашып кеткен эле.
КАРЛА ДИАЗ
Карла Каролина Морейро Диаз 1991-жылы 18-ноябрда Бразилиянын Сан-Пауло шаарында төрөлгөн. Азыр Карла 16 жашта. Ал эми бир ай ичинде тапкан акчасы 5 миң доллар экен. Бирок, өзү мынчалык чоң суммадагы акча таап жатканынан кабары да жок дешет. Учурда Карланын чыгармачылык эсебинде 92 рекламалык ролик, 6 сериал жана 2 көркөм фильми бар. Каролина рекламаларга эки жарым жашынан баштап эле тартыла баштаган. Көп узабай эле “Нас было шестеро” теленовелласына катышат. Ал эми 5 жашында сериалдарга тартылып, Аргентинанын эпопеясы “Девушкиде” өзгөчө роль жаратып, популярдуулукту багындырат. 2000-жылы көпчүлүккө белгилүү “Семейные узы” сериалына катышкан. Анын талантын байкаган актриса Джованно Антонелли “Клон” көп сериялуу фильмине катышуу сунушун киргизген. Ал эми бул кинодогу Жадинин кызы Хадижаны кимдер тааныбайт?! Учурда болгону 16 жашта экенине карабастан жаш актриса үйбүлөсүн эч нерседен кем кылбай багып да келет.
НАТАЛИ ПОРТМАННатали Портман 1981-жылы 9-июнда Иерусалимде төрөлгөн. Балалыгында бийге кызыгып, ийримдерге катышып жүрчү. Бирок, кийинчерээк актриса болууга бел байлайт. 1994-жылы Наталинин катышуусунда биринчи дебют фильми “Леон” жарыкка чыккан. “Леон” актрисага кең келечектүү карьера тартуулады. Мындан кийин эле анын катышуусунда Робертс Де Ниро жана Аль Пачинолор менен биргеликте “Схватка” фильминде, “Красивые девушки”, “Марс атакует”, “Все говорят, что я люблю тебя” кинолору арты-артынан чыга баштаган. Учурда дагы карьерасын көтөрүүгө күчтүү аракет кылып келет жана өзүнүн айтуусунда, бүт өмүрүн актёрлук кесипке арнап, болгон күчүн киного жумшамакчы.
Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева