Эламан Нурболот уулу, көк бөрүчү: «ЖУБАЙЫМДЫ ИНСТАГРАМДАН ТАПТЫМ»

Суусамыр өрөөнүнөн чыккан мыкты жаш көк бөрүчүлөрдүн бири Эламан Нурболот уулу үйлөндү. Ал былтыркы оюн сезонун Талас облусунун “Ынтымак” командасында жеңүүчү болуу менен аяктаган. Ден соолугуна байланыштуу оюн талаасынан оолак жүргөн көк бөрүчү 4-июлда сүйүктүүсүнө баш кошту. Таттуу түгөйлөргө бакыт каалап, кепке тарттык.

– Салам, Эламан, куш боо бек болсун! Кечээ айылда той өткөрүп жатабыз дедиң эле. Бишкекке келип калдыңарбы?

– Чоң рахмат. Ооба, жубайым колледжди бүтүп жаткан. Экзамени бар эле, ошондуктан шашылыш келе бердик. Буюрса, “5ке” тапшырып чыкты.

– Жакшы, жубайыңды тааныштырып өтсөң.

– Келинчегимдин аты-жөнү Саламат Жаңыбаева. 2003-жылкы, Токтогул районунун Терек-Суу деген айылынан болот. Ага чейин ата-энелерибиз жолугуп сүйлөшүшкөн. 4-июлда кыргыздын салты менен ата-энесинин алдынан өтүп алып келдик. 5-июлда үйдө чакан той болду, айылдагы аксакалдардан бата алдык. Бүгүн 7-июлда заманбап тоюбуз өтүп жатат.

– Кантип табышып калдыңар эле?

– Президенттин кубогуна арналган турнирди утурлай сбордо жүргөн кез болчу. Ошол учурда Инстаграм аркылуу таанышып калганбыз. Бир айдай телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Анан жолугуштук, ошентип жылдызыбыз келишип калды. Бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп, анан баш кошолу деген чечимге келдик. Саламат мени сыйлайт, үйүнөн алган жакшы тарбиясы жакты.

– Саламат, конгон тууруң туруктуу болсун! Эламан жүрөгүңдү кантип багындырды? Үйдөгүлөр турмушка чыгам дегениңди башта кандай кабыл алышты?

– Рахмат! Башында маани деле берген эмесмин. Бирок Эламандын айткан сөзүнө турган, жоопкерчиликтүү, кишини сыйлай билген чыныгы мырзалык сапаттары жакты. Үйдүн кенжесимин. Башында “жашсың, коё тур, эрте турмушка чыгып эмне кыласың?” деп каршы болушту, анан акыры көнүп калышты.

– Көк бөрүчүнүн жубайы болом деп ойлодуң беле? Көк бөрүгө кызыкчу белең?

– Көк бөрүчүгө турмушка чыгам деген такыр оюмда жок болчу. Башында Эламандын көк бөрүчү экенин деле билчү эмесмин. Маңдайга жазганы ушул экен. Мурун көк бөрүгө кызыгуу деле жок болчу, эми кызыга баштадым.

– Эламан, ата-энең келиндүү болуп кубанып турган чагы экен да?

– Менден улуу эжем бар, эркек балдардын улуусу менмин. Алгачкы жакшылыгы болуп ата-энемдин кубанычында чек жок, жетине албай сүйүнүп турушат. Апам, бир туугандарым Саламат тууралуу мурун эле билчү. Атам жакында билди.

– Өзүңдүн ден соолуң кандай, бутуң жакшы болуп калдыбы? Оюн талаасына кайтуу тууралуу ойлонуп жатасыңбы?

– Кудайга шүгүр, жакшы. Жакын арада коюлган темирин алдырам. Ооба, буюрса, кийинки сезондо ойнойм деп турам. Өзүм да оюндарды сагындым.

– Маегиңерге рахмат. Бактылуу болгула!

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1022, 8-14-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан