АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Айсулуу таштанды төккөнгө чыккан. Үйдүн бурчунда жашынып турган Эркин аны көргөндө куду биринчи жолу көргөндөй жүрөгү булкуп кетти. Боюнда бар неме аяр басып келе жатат. Колундагы таштандыны ыргытып, эки колун бөйрөгүнө таянып туруп калды. Асманды узакка тиктеди негедир. Эркин аны аябай сагынган экен, чыдай албай так каршысынан чыкты. Алгач селт этип алды да боюн жыйрый кетенчиктей берди.

– Айсулуу, качпа, баары бир сүйлөшөбүз.

– Сөзүбүз бүттү!

– Жок, менин айта турган көп сөзүм бар. Жок дегенде ичиңдеги балага кийин чындыкты айтышың үчүн мени угушуң керек. Сен да, мен да ата-энелерибиздин курмандыгыбыз. Биздин балабыз экөөбүздүн курмандык болбосун. Суранам, мени бир эле жолу ук. Андан кийинки жүзүмдү карабай койсоң макулмун.

Айсулууну ушул сөз токтотуп калды. Эшиктин туткасын кармаган боюнча токтоду да, бери бурулду. Каргашалуу окуяны билген күндөн тартып “мен Эркиндин жүзүнө кантип карайм?” деп ойлогон эле. Карады, эмнегедир өзү күткөн жек көрүү жүрөгүнөн чыкпай койду. Анын ордуна тереңден бир аёо сызылып чыкты. Мына, алдында турат! Ушунун келесоолугунан өзү зордукталды, атасы каза болду, ал аз келгенсип өзү муну баш отун жоготуп сүйүп калды. Жек көргөн душманы болушу керек эле да бул. Эмнеге жек көрбөй жатат анда? Ушул учурда өзүнө-өзү таарына түштү. “Эмне деген алсыз адаммын? Бетине түкүр, экинчи жүзүн карабай басып кет. А сен турасың, жалдырап...”

Карама-каршы сезимдерге алы жетпей калды. Ушунун баары көзүнөн жаш болуп агып жатты.

– Кел, отуралы.

Алгач таанышып жүргөндө отурчу скамейкага келишти. Отурушту. Эркин эмнеден баштаарын билбей башын кашып туруп калды.

– Айт, эмне айтайын дедиң эле?

– Мен сени сүйөм!

Айсулуу ордунан туруп жөнөмөкчү болгондо Эркин кармап алды.

– Тийбе мага!

– Макул, оозумдан чыгып кетти. Минтип айтканга да акым жок экенин билем. Мени кечирбейсиң, аны да билем.

– Ток этер жерин айт. Сен кантип бул нерсенин баарын пландадың?

Эркин үшкүрүп алды. Ойлонуп туруп кепти баштады.

– Менин атам менен сенин апаңдын мамилеси болгон экен, муну билдиң болуш керек. Кандай болгонун билбейм, бир күнү атам социалдык тармактардан сенин сүрөтүңдү карап жатып уктап калган экен.

Айсулуу окшуп жибере жаздады. Эркин аны байкаган жок, өз алдынча сүйлөй берди.

– Апам аны көрүп калып сени анын... Кыскасы, атам экөөңдүн мамилеңер бар экен деп ойлоптур. Апам жинди болуп кете жаздады. Ошол күнү мага көрсөттү сенин сүрөтүңдү. Ал сүрөт азыр да көз алдымда... Өзүмдү токтото албай калдым. Атамдын кылыгы белгилүү эле, бирок өзүнүн кыздарындай кыз менен мамиле түзгөнүнө жаным кашайды. Эх, Айсулуу, сен билбейсиң, мен өмүр бою апамдын көз жашы менен чоңойдум. Билдирип да, билдирбей да атамдын катын жандуулугунан азап чекти. Ошол учурда жиндилигим кармап кетти. Сенден апам үчүн өч алам деп чечтим. Балдарга телефон чалып, сени коркутуп коюу керектигин айттым. Менин оюмда караңгыда кармап алып жөн эле коркутуп коюу болчу. Бирок иш андай болбой калды. Эрик... Кыскасы, анын сага кылганын билгенде өзүмдү эң акмак адам катары сездим. Сен уят кандай кыйнаарын билбейсиң. Кайда барсам сенин көздөрүң ээрчип алды. Сен тууралуу билгенден тартып, сенин күнөөсүз экениңди билгенден тартып азап чектим. Анан... Бара-бара ал сезим сени аяган эле сезим эмес экенин, сени чын жүрөгүмдөн сүйүп калганымды байкадым. Сүйдүм сени! Көп кыздар артымдан ээрчиген, көбү ашык болгон, бирок мен эч кимге ашык боло элек болчумун. Биринчи жолу жүрөк кабынан чыгып кетчүдөй сого турганын билдим. Биринчи жолу бир адам эң кымбат, маанилүү боло аларын билдим. Барган сайын жинди боло баштадым. Өзүмдөн коркуп Америкага кетип калдым. Сүйбөй калдымбы сени? Жок! Ого бетер унута албадым. Унутуш үчүн башка кыздар менен мамиле курдум, болбой койду. Кайра келдим. Сени менен таанышып сүйлөшүп калганда баш тарта албасымды билдим. Эч кимге билгизбей үйлөнүп сени алып кетем деп ойлодум. Билбей калат дедим. Мунун баарын сени алдап эле үйлөнүп алыш үчүн кылган жокмун. Мен сени сүйдүм! Мага жеңил болду деп ойлойсуңбу? Жок! Ар күнү коркуп жашадым. Сени кучактап жатып да жоготуп алуудан коркуп жашадым. Ар күнү ушул акыркы кечтей эт-жүрөгүм титиреп жатты. Акыры баары бир билдиң. Жашообуз ала салды. Сени үйдөн таппай калгандагы абалымды сөз менен айтып түшүндүрө албайм.

Айсулуу бул нерсени укпаса деле Эркин түздөн-түз күнөөлүү деп ойлогон эмес эле. Бирок бул эмнени өзгөртөт? Бүттү да баары, эч нерсени кайра оңдой албайсың. Жашоону кайра жашай албайсың. Эркинди миң жолу күнөөлөсөң да аны сүйбөй коё албайсың. Эч качан жашоосунда болбогондой чийип жашап кетсе кана?! Эркин аны тиктеп турду. Бир нерсени күтүп жаткандай сезилди. Айсулуу үн катпай ордунан турду.

– Эч нерсе дебейсиңби?

– Эмне дейин?

– Билбейм, бир нерсе де, уруш, кыйкыр, ур, каалаганыңды кыл. Бирок унчукпай койбо.

– Бала төрөлгөндө кабар берем. Алып кет кааласаң. Каалабасаң, төрөт үйүнө таштайм.

– Эмне-ее?

– Менин атамды өлтүргөн адамдын тукумун бага албайм. Мен атамдын тиги дүйнөдө жүзүн карай албайм. Окуяны уккандан берки чечимим ушул. Кааласаң да, каалабасаң да ушул. Башка жүз көрүшпөйлү, мага келбе.

– Айсулуу!

Айсулуу кетип калды. Аркасынан жалдырап кала берди.

Айсулуу ээн үйдө эмне кыларын билбей жатып капысынан аяш апасы Калия эсине түшө калды. Ага телефон чалды, эмнегедир башынан өткөн окуяны айтып бергенге бирөө керек болду окшойт.

– Айсулуу, кандайсың?

– Калия эже, кандайсыз, мен...

– Сен Москвадасыңбы?

– Жок, үйдөмүн.

– Мага телефон чалчу эмес элең. Бир нерсе болдубу?

– Көп нерсе болду, Калия эже, жолугуп сүйлөшө алабызбы?

– Айсулуу, мен Бишкектемин, азыр бош убактым бар, билесиң да Ошко кайра учушум керек. Азыр жолуга алабызбы?

– Макул.

Бул аял эмнегедир өз апасынан да жакын сезилип турду ушул тапта. Түшүнсө ушул аял түшүнөт абалын...

Айсулуунун боюнда бар экенин көргөндө Калия таң кала түштү. Бул аялдын бир нерсени тез эле билип коё турган касиети бар эле. Бир ооз сөз айтпай эле анын абалын түшүнүп койду. Айсулуу ага жашоосундагы болгон нерсенин баарын айтып берди. Бала тууралуу чечимин да айтты. Аял секирип кетти.

– Сен чындап акылыңды жоготуп коюпсуң. Сени алып кетем. Бул жерде жалгыз депрессиядан өлүп калышың мүмкүн.

– Кайда?- деди Калияны таң кала тиктеген Айсулуу.

– Ошко алып кетем. Ал жакта мыкты дарыгер бар, эч нерсе дебе, каршылык көрсөтпө, болгону мени ук. Азыр такси менен барып экөөбүз кийимдериңди алабыз. Анан апаңа бир ооз айтып кой мени менен кетип жатканыңды. Мени айтсаң кабатыр болбойт.

– Калия эже, чын эле Ошко кетип калайынбы?

– Ойлонбо, ойлонуп жатып жинди болоюн деп калыпсың, эми сен үчүн мен ойлоном.

Чечкиндүү аял болчу Калия, дароо эле Айсулуунун үйүнө барып кийимдерин алды да, Ош шаарына учуп кетишти.

ххх

– Жолуктуңбу?

– Ооба, баарын айттым.

– Эмне деди?

– Эч нерсе деген жок. Бала төрөлгөндө кабар берем, алып кет деди. Болбосо төрөт үйүнө таштайм деди.

Сүйүн баласынын оозун тиктеп калды.

– Сен эмне дедиң?

– Макул дейм да.

– Ооба, балам, алып кел. Мен өзүм, сен экөөбүз эле сонун кылып багып алабыз,- деп карбаластап кетти.

– Мен ансыз кантип жашайм, апа?

Сүйүн уулун кучактай берди. Жүрөгү өрттөнүп жатканын сезди. Эне-уул кучакташып бир топко отурушту.

– Атаңа бардыңбы?

– Ооба, “мен жазамды алам, адвокаттарды кыйнай бербе” деди.

– Өмүрүндө биринчи жолу туура иш кылыптыр.

– Компаниясын сенин наамыңа өткөрүп берет экен, мындан ары сен үй кожойкеси эмес, компаниянын ээсисиң.

– Ооба, уктум. Менин да колумдан бир нерсе келе турганын канча жыл өткөндөн кийин болсо да моюнуна алыптыр атаң.

– Апа, эмнеге жашоо мынчалык татаал? Же биз татаалдаштырып алдыкпы? Атам менен сен мурун эле ушундай тил табышсаңар мунун баары болбойт эле да.

– Атаң эсине келиши үчүн, балким, ушул окуянын баары болушу керек болчу. Уулум, пенделер жашоонун баркын, ак менен караны билбейт экенбиз. Жашоонун даамын чыгарып жашай албай тоголоно берет турбайбызбы. Мен атаңдын окуясынан ушуну байкадым. Канча жылым аны оңдойм деп кетти, бирок ал Кудай каалаган күнү оңоло турганын билбей жан талаша бериптирмин. Андан көрө силерге жакшы апа болбойт белем. Силерди да мээримге суусатып чоңойттум. Адам колунда бар нерсени баалай бербейт экен. Атаңдын аркасынан чуркай бербей колумдагы үч балама көңүл буруп өксүк кылбай чоңойтсом болмок.

– Мен сенин көз жашың менен чоңойдум. Балким, ошол нерсе да таасир берип мен бул акылсыздыкка бардым окшойт. Эмнеси болсо да эми баары бүттү! Айсулуу мага кайрылбайт. Менин айымдан өз баласынан баш тартканы жатат. Бул кандай чоң жаза мен үчүн билесизби?

– Билем, балам, андан көрө билбей койсом жакшы болмок. Бирок бизди өлтүрбөгөн нерсенин баары күчтүү кылат дешет. Баары өтөт, жайына келет, кээде унутулат дагы.

– Хм, мен Айсулууну унутушум мүмкүнбү, билбейм...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА