D витамини – жашоо үчүн зарыл болгон процесстерге катышуучу биологиялык активдүү кошулма. Изилдөөчүлөр гормон деп да белгилеп келишет. D витамини тууралуу көптөгөн пайдалуу маалыматтарды сиздерге сунуштайбыз. Материалды даярдоого үй-бүлөлүк дарыгер Элнура Валижан кызы менен косметолог Алина Шерматова көмөк көрсөттү.
D ВИТАМИНИ ТУУРАЛУУ КАНТИП БИЛИШКЕН?
Бир кылым мурун итий (рахит) оорусунун дабасын табуу үчүн эксперименттерди биринин артынан бирин жүргүзүшкөн. Алгач 1914-жылы америкалык биохимик Элмер Макколум балык майындагы А витаминин аныктап, бул оорунун дарысы деп чечкен. Бирок 1922-жылы андан башка зат – D витамини таасир этип жатканын изилдеп чыккан. Бул төртүнчү болуп аныкталган витамин болгондуктан латын алфавиттик катарындагы төртүнчү турган D тамгасы менен аталып калган. Кийинки жылы эле күн нурунан D витаминин алууга болорун билишкен.
ИШТЕШИ
D витамини өз кызматын аткарышы үчүн сөзсүз май, өт ферменттери, ошондой эле кальций жана фосфорго бай тамак-аш керектелет.
Күндүн ультра-кызгылт нурлары териге тийери менен тери астында D3 витамини синтезделе баштайт да, канга өтүп, кан менен боорго барат.
Тамак-аш же капсула менен кирген D витамини ичке ичегиде кальций менен кошулуп кальцитриолду (D витамининин активдүү формасын) пайда кылат. Ал боорго, бөйрөккө барып сиңет.
ТАМАК-АШТАГЫ D ВИТАМИНИНИН БУЛАГЫ:
Майлуу балык, икра, боор, жумуртка сарысы, сыр, сүт азыктары, жашыл буурчакКҮН НУРУНАН D ВИТАМИНИН АЛУУ
Асел Ишенбай кызы