Айтымында, Бишкек ЖЭБин көмүр менен камсыз кылууну "Кавак" улуттук компаниясы колго алат. "Кавак" – Кара-Кече жана Миң-Куш көмүр кендерин эффективдүү иштетүүнү уюштурат деп быйыл жазында түзүлгөн ишкана. Расмий маалыматка таянсак, быйылкы жылытуу мезгилинде Бишкек ЖЭБине 1,5 миллион тоннанын тегерегинде көмүр керектелет. Учурда мекемеде 225 миң тоннадай көмүр запасы бар экени айтылган. Буга чейин Бишкек ЖЭБине көмүрдүн басымдуу бөлүгү Казакстандан ташылчу. Бекмурзаевдин айтымында, көмүр импорттоого мамлекеттик бюджеттен 32 миллион доллар жумшалчу.