НАРЫН: АЙЫЛДАШТАР УРУШУП, 6 АДАМГА ОК АТЫЛДЫ

Нарын районуна караштуу Хутор-Ак-Талаа айылында айылдаштар ортосунда жаңжал чыгып, натыйжада 6 адам денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Жабыр тарткан 3 адамдын абалы оор экени айтылды. Калган айыл тургундарына биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Окуядан кийин эки тарап бири-бирин күнөөлөп, арыз жазып башташкан. Биз аталган жагдайдын күнгөй-тескей тарабын ачып берүү максатында тараптардын пикирин уктук.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы: “Ок чыгарган үй-бүлө мүчөлөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилди”

– 2022-жылдын 7-июль күнү Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын тургуну К.Бнын үйүнө болжол менен 40-60ка чукул айыл тургуну чогулуп, сүйлөшүү үчүн келишкен. Дарбазасын каккылаган учурда үй ээси үйүнөн ок атуучу курал алып чыгып, үйдүн терезесинен топтошкон элге карай ок чыгарган. Чогулган эл К.Бнын үйүн таш менен ургулап жатканда К.Бнын бир тууган иниси автоунаасы менен келип элди сүзө качырып айдаган. Жаалданган эл автоунааны оодарып салышкан. Андан соң автоунаа белгисиз себептерден өрттөнүп кеткен. Бир аздан кийин К.Бнын бир тууган иниси спринтер унаасы менен келип элди ары-бери сүзө качырып кубалап, ок атуучу курал менен элди көздөй ок чыгарган. Аталган окуя боюнча Нарын ОИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Нарын шаардык соту баш коргоо чарасын карап, камак түрүндө бөгөт коюу чарасын тандап алды. Учурда Нарын райондук бийлик өкүлдөрү жана Нарын облустук милициясы аталган айылда эл менен жолугушуп, коомдук тартипти сактоо багытында айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жеңиш Ибраимакунов, Хутор-Ак-Талаа айылынын тургуну: “Чыр жер талаштан эмес, үй-бүлөнүн көп жылдан берки зулумдугунан чыккан”

– Элге ок аткан Кыдырмышевдердин үй-бүлөсү биздин айыл түптөлгөндөн бери эле жашайт. Учурда маалымат каражаттарында айыл тургундарынын чыры жер талаштан чыкты деп жүрөт. Бул туура эмес, чыр жер талаштан чыккан жок, 20 жылдан бери бул үй-бүлө айыл элин каалагандай басмырлап, ага каршы сүйлөгөн адамды сабап келет. Жабырлануучуларды коркутуп-үркүтүп, акча берип же сотторду сатып алып ушул күнгө чейин жоопко тартылбай келишкен. Байлыгына чиренген, бай манаптык басмырлоочу мүнөзү бар үй-бүлө. Кыдырмышевдер айыл элине тиешелүү 12 гектардан ашык жерди тосуп алышкан. Малдары абдан көп, 100дөн ашык ую, 500дөй кою, 4 үйүр жылкысы бар. Бир жолу чогулушта Адил Жумабеков деген айыл тургуну “эл жайыты жок кыйналды” деп Кыдырмышевдердин мыйзамсыз жайыт жерлерди тосуп алганын айткан. Бул сөздү ал үй-бүлөгө бирөө жеткирип барыптыр, алар үй-бүлө мүчөлөрү менен келип Адилди сабап кетишкен. Буга чейин эл алардын толтура жосунсуз жоруктарына чыдап келген, ушул окуя элдин жарылуусуна себеп болду. Айыл жаштары чогулуп барып “келгиле сүйлөшөлү” десе, "силер ким элеңер?" деп теңсинбей коюптур. Уруш чыгып ал үй-бүлөнүн мүчөлөрү ок атып, унаасы менен элди сүзүштү. Учурда 6 айыл тургунуна ок тийип, ооруканада жатат. Бир жигиттин өпкөсүнө ок тийген, дагы бир айыл тургунунун бөйрөгүн ок талкалап кетип, анын бөйрөгүн алдыртышты, бирөөнүн баш сөөгүнө ок тийген экен, дарыгерлер окту таппай, Бишкекке жиберишти. Биздин талап – бул үй-бүлө айылыбыздан толук көчүп кетсин, алардын биздин балдарга каршы жазган арыздары жокко чыгарылсын, ок тийген жабырлануучулардын дарылануусу толугу менен төлөнүп берилсин жана күнөөлүүлөр мыйзамдуу жазасын алышсын.

Нурлан Нарынбеков, жабырлануучунун агасы: “Инимдин өпкөсүн ок тешип кетиптир”

– Хутор-Ак-Талаа айылынын тургуну катары Кыдырмышевдердин үй-бүлөсүн жакшы тааныйбыз. Булар буга чейин деле көп адам менен урушуп, соттошуп суудан кургак чыгып келишкен. Бирөөнү сабап кетип, кайра ага каршы арыз жазып “мени урду” деп догурунуп ооруканага жатып алышат. Укук коргоо органдарында, акимчиликте, айтор, толтура жерде тааныш-билиштери бар. Бул жолку окуяда да “айыл тургундары өздөрү биринчи келип үйүбүздү таш менен ургулап терезе-эшигибизди сындырды, өмүрүбүзгө коркунуч жаралганынан ок атканга мажбур болдук” деп жатышат. Негизи эч ким үйүнө кирип барган эмес, айыл тургундары алардын үйүнө жеткиче эле аларга бирөө чалып “силерге баратышат” деп кабар айтып койгон экен. Үйүнө киргизбей эле чогула калышып аткылап башташкан. Ок тийген балдар анын үйүнөн 200-300 метр алыс турушкан. Аталган окуяда иним Эрландын өпкөсүн ок тешип кеткен. Жүрөккө 5 миллиметр жакын калган экен, Кудай сактаптыр. Операция болду, дарыгерлер “өпкөсү калыбына келет, абалы орто” дешти. Кыдырмышевдердин үй-бүлөсү окуядан кийин айылдан чыгып кетишти, учурда Нарын шаарында деп уктук. Ушундай окуялар болуп кетти, элдин бетин кантип карап жашамак эле, айылдан такыр эле көчүп кеткени туура болот.

Мукашев Кубанычбек, Хутор-Ак-Талаа айылынын айыл өкмөт башчысы: “Окуя болгондо мен иште эмес элем”

– 7-июль окуя болгон күнү мен эмгек өргүүсүндө болчумун. Айыл тургундары ок чыгарган үй-бүлгө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барып ушундай чыр тутанып кетиптир. Айрымдар “айыл өкмөт жайыт жерлерди мыйзамсыз ижарага берип элди кыйнап салды” деп жазып жатышыптыр. Чынында бул үй-бүлө жайыт жерлерди тосуп алып көп жылдан бери иштетип жүрүшкөн экен. Менин айыл өкмөт башчысы болуп келгениме бир жыл болду. Алар менен түзүлгөн ижара келишимин издеттирип таппай койдум. Бирок Кыдырмышевдердин үй-бүлөсү “бизде ижара келишими бар, ал үйдө сакталып турат” дешти. Алар үйүн таштап кетүүгө мажбур болгондуктан үйүндөгү документтерди көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. Азыр алар таштап кеткен турак жай милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда турат. Биз документтерди тактоо боюнча аталган жерге жер адисин жибердик. Ок чыгарган үй-бүлөнүн энеси келип айыл тургундары менен жолугат экен дешүүдө, бирок ал айым келе элек. Бир айылдан болгон соң баары тынчтык, ынтымак жолу менен бүтөт деген тилегибиз бар.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1023, 18-21-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан