ДИНАРА ЫСЫКЕЕВА

Алпаруучулук өнөрү менен жакындан бери учурдун популярдуу телеберүүсү “Бравону” орус тилинде алпарып жаткан Динара Ысыкеева менен тааныштырабыз.

Ысыкеева Динара 1985-жылы 27-мартта Бишкек шаарында төрөлүп-өскөн. Учурда Кыргыз-Орус славян университетинин 4-курсунун студенти. Бош убактысында китеп окуганды жакшы көрөт.

– Динара, “Браво” долбооруна кантип келип калдың?
– Мен кичинекей кезимде Ассоль Молдокматованын бир да берүүлөрүн калтырбай көрүп, алпаруучу катары ага аябай баа берчүмүн. Чоңойгондо мен да Ассолдой мыкты телеалпаруучу болууну кыялданып келгем. 21 жашымда Ассоль Абдыкалыевнанын студиясына келип, Ассоль эжеден сабак ала баштагам жана азыр да сабак алып келем. Биринчи түз эфирге “Салам, Кыргызстанда” кичинекей репортаж даярдап чыккам. Ал эми “Бравого” мурунку алпаруучулары кеткенден кийин Ассоль эже алардын ордуна алпаруучу болууну сунуштаган. Мен ойлонбостон дароо эле макулдугумду бергем.
– Түз эфирде алып баруу кыйын болуш керек?
– Түз эфирде алып барган оңой иш эмес. Эфир башталаар алдында сүйлөй турган сөзүмдү 5-6 жолу кайталап даярданып алып анан чыгам. Анын үстүнө, Улуттук каналды бир эле Бишкек шаары эмес, республикабыздын бардык эли көрөт. Жөн эле алпарбастан, көрүүчүгө мыкты маанай тартуулоону да билиш керек.
– Карьераң УТРКдан башталдыбы же?..
– Буга чейин менчик телеканалда иштеп тажрыйба топтогом. Баш-аягы менен санаганда теледе иштеп жатканыма 2 жыл болуп калыптыр.
– “Браводо” чогуу алпарган Эрмек менен пикир келишпей урушуп кеткен учурларыңар болобу?
– Кудай сактасын. Эрмек менен эфирге алгач келгенимден бери эле жылуу мамиледебиз. “Браво” баштала электе кантип сүйлөөрүбүздү, кимден кийин ким суроо берээрибизди алдын-ала сүйлө­шүп алабыз. Кээ бир учурларда эфир убагында жаңылып кеткен учурларыбыз болот.
– “Бравону” орус тилинде алпарасың, кыргыз тилинде сүйлөйсүңбү?
– Мен орус мектепти аяктагам. Мектептен кийин жогорку окуу жайды да орус тилинде окуп келатам. Бирок, үйдө жүргөндө кыргыз тилинде эле сүйлөйм.
– Сүйлөшкөн жигитиң барбы?
– Ушул убакка чейин сүйүү деген нерсени ойлоно да элек экенмин. Мектепте окуп жүргөндө да балалык сүйүүгө кезикпептирмин. Учурда сүйлөшкөн жигитим жок.
– Жакынкы арада турмушка чыгуу тууралуу ойлоно элексиңби?
– Жакынкы 5 жылдын ичинде турмушка чыкпайм деп жатам. Бирок, аны да убакыт көрсөтөт. Алгач кыялымдагы жигитке жолугайын.
– Кыялыңдагы жигит кандай болду экен?
– Акылдуу, ыймандуу, сүйкүмдүү, эң негизгиси, түшүнүктүү жана жөнөкөй болушу керек. Анан албетте, менин жумушумду колдой билүүгө тийиш.

Маектешкен Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 243, 29-июнь-5-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан