Гүлшайыр Садыбакасова: «АГК» ТОБУ ТАРАБАСА, МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ СҮЙЛӨШӨМ»

Чыр дүйнө

Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун 35 жылдык тарыхында буга чейин кездешпеген окуя өкүм сүрүүдө. 16 жыл топто кызмат кылып, кыргыздын кыйласына аты таанымал Кенже Дүйшеева “Кыз-Бурактын” турмушка чыккан кыздарынан топ ачкан эле. Ырчынын бул кадамына устаты Гүлшайыр эже катуу нааразы болуп, “Кенже “АГК” тобун жок кылбаса, сотко берем” деп жатат.

– “Ийгиликтин эрте-кечи жок” дейт эмеспизби, Гүлшайыр эже, маек башында Эл артисти наамын алышыңыз менен куттуктап кетейин...
– Рахмат. “Эл эмгегин жер жебейт” дегендей, маданият кызматкерлери быйыл буга чейин болуп көрбөгөндөй кубаныч ээси болдук. Президентибиз 60 маданият кызматкерине мамлекеттик сыйлык ыйгарды. Бизде алчубузду алдык деп жатып алмай жок. "Дагы деле элге кызмат кылсам экен" деп башкача дем, өзгөчө күч менен чыгармачылык казанында бууракандап жатам. 2011-жылы “Кыз-Буракка” 35 жыл толот. Ошол мааракени жакшылап өткөрүп алалы деп көп иштерди баштадык.
– Эми сөздү шакиртиңиз Кенже экөө­ңөрдүн ортоңордогу пикир келишпестикке бурсак...
– Кенжени улуу кызымдай көрүп, бир туугандарыма бербеген материалдык, моралдык жардамдарды берип келдим. Кенже “Кыз-Буракка” келбегенде, Мырзакеден ары күйөөгө тийип, бир үйдүн кожойкеси болмок. “Кыз-Бурактын” артынан Кенже деген атка ээ болду, кадыр-барк күттү, көп иштерге жөндөмдүүлүгү ачылды. Турмушка аттанарда да "кой, бул жетим кыз эле" деп топтун каражатына, тактап айтканда, 8000 долларга той өткөрдүм. Кудаларымды Бишкекте, анан Ошто эки жолу коноктодум. Мурдагы жылы эч нерседен кем болбосун деп өзүм минип жүргөн Мерседес машинамды белек кылдым. Бирок акыркы учурда Кенженин талабы күндөн-күнгө күчөп, алым жетпеген нерселерди айта баштаган эле.
– Мисалы, эмнелерди?
“Үй сатып бериңиз” деди. Мен жаш кезде өзбектердин махаллаларында эле батирлеп жүрүп, элүүгө чыкканда араң азыркы үйгө ээ болгом. Мен “Кенже, колумдан келгенине жардам берем. Эгер мен сага үй алып берсем, топтун бир жылдык каражаты кетет. Топту кайрадан жандандырып кете албай калам” деп түшүндүргөм. Түшүнүшкөндөй эле болгонбуз, анан турмушка чыккандан соң тескери иштерди кыла баштады.
– Сиз ошондо Кенже эже, Гүлнара эже, Айжамал биригип “АГК” деген топ түзүп алгандарына нааразы болуп жатасыз да?..
– Ооба, “Кыз-Бурактын” маркасын пайдаланып, мага бир ооз кеңешпестен топ түзүп алгандарына жиним келип жатат. “Кыз-Бурак” – мен түзгөн долбоор. Ошол долбоорду уурдап алып жатышат. Долбоорумдун кимдир бирөөлөр тарабынан кайталанышын каалабайм. Кыргыз патенттин кызматкерлери жана юристтер менен сүйлөшсөм, топ болуп кайра эле мурдагы кыздардын чыгышы мыйзамсыз экен. Мен өмүр бою Кенженин жакшы жактарын чыгарып келгем. Эми терс сапаттары бар экенин өзү көрсөтүп отурат. Топ түзгөнүн “эжеме кыйындыгымды көрсөтөйүн” деп жасаган аракети деп түшүнөм. Бул анын кыйындыгы эмес. Үчөөнү тең топто жүргөндө эле популярдуулукка жеткиргенмин. Кенже башка иш баштап элге алынса, анан таң калсам болот эле. Анын үстүнө Айжамал Жаңы жылды тосуп алып эле Москвага кетет. Булар максатсыз топ уюштуруп, кыжырымды келтирип жатышат. Кандай болгон күндө да мен Кенженин устатымын, апасымын, иш кыларда алдымдан өтүп коюш керек экендигине акылынын жетпей жатканына капамын.
– Алдыңыздан өтсө, топ түзүүгө уруксат берет белеңиз?
– Баары бир уруксат бербейт элем. Үчөө жаңы чыгып келе жаткан жаштардан үч башка топ түзүп, кыйын экенин көрсөтүшсүн. Кыздардын бул жоругуна мен эле эмес, көптөгөн артисттер таң калып, “бул эмне кылгандары, ушулардын баарын сиз чоңойтуп, өстүрдүңүз эле, уяттары жок турбайбы?!” деп таң калып жатышат. Бек деле туура көргөн жок. Үч кызды алып келип, менден кечирим суратты.
– Бек байке туура көрбөсө, эмне үчүн “Шерине” деген ырды чогуу ырдап чыгыптыр?
“Келиңиз, чогуу ырдайбыз” деп Кенже жанымды койбой койду, ошон үчүн ырдадым” дейт.
– Элге “АГК” деген топ түзүлгөнү айтылып калды. Кыздар жаңы ырларды жаздырып, концерт берип иштей беришсе, сиздин аракетиңиз кандай болот?
– Анда укуктук талаада сүйлөшүүгө туура келет. Айжамал менен Гүлнара “келгиле, ушундай топ түзөбүз” деп Кенже кыйнады” деп жатышпайбы. Кенже жеке ырчы катары ырдай берсин, бирок тобун таратышы керек!
– “АГК” тобу “Кыз-Буракты” басып кетет деген коркунуч жокпу?
– Андай ой жок. Топко заманбап стиль менен иштеген күчтүү үндүү кыздар топтолду. Бул кыздар башкача агым менен кадам ташташты.
– Кенже эже турмушка чыккандан кийин деле топто ырдай берсе, макул болот белеңиз?
– Кайра алганымда туура болбой калмак. Анткени жашы 35тен ашып калса, үй-бүлөлүү болсо дегендей... Мурда эле көрүүчүлөрдөн “баары жаш кыздар экен, Кенже алардан жашы жагынан бир топ эле айырмаланып калыптыр. Курамды алмаштырбайсыңбы?” деген сөздөрдү укчумун.
– Буга чейин эне-бала катары жакшы иштешип келгенсиңер да же “АГК” тобу пайда болгуча эле ортоңордо жарака кетти беле?
– Кенже кээде айтканыма карама-каршы иштерди жасачу. Мисалы, өткөн жылы “биз дайыма ноябрда концерт берсек жакшы акча түшөт го” десем, болбой эле "октябрда" деп туруп алды. Жыйынтыгында каражат аз түштү. Негизи, акыркы эки жылда мага такыр эле моюн бербей калган.
– "Кенжеге сеп бердим" деген элеңиз. Бирок эч кандай сеп бербеген деп да угуп жатабыз, кайсынысына ишенсек болот?
– Мен Кенженин намысын бийик коюш үчүн сеп бердим деп айтсам айткандырмын. Бирок анын баары Кенженин атын жакшылаш үчүн айтылган сөздөр. Кенже өзү “эже, тойду өткөрүп бериңиз, септи мен камдайм” деген эле. Ошондой эле болду.
– "Коомдук иштерге аралашып, "Ата Мекен" партиясынан депутат болом" дедиңиз...
– Мындан беш жыл мурун саясатка аралашпай эле коёюн деп чечкем. 2005-жылы Кызыл-Кыя шаарынан депутат болом деп катуу күйгөм. Депутат болуш үчүн адамдар колдо бар таза дагы, кир дагы мүмкүнчүлүктөрүн жан талашып пайдаланат турбайбы. Мисалы, мен жөнүндө “Гүлшайыр кыздарын Дубайга алып барып, бир-эки айлап сатып келет экен” деген ушак чыгарышты. Же Дубайга бир жолу барсамчы! Өзүмө келе албайм десең. "Ушундай сөздү уккуча, саясатка аралашпай өлсөмчү!" деп жан дүйнөм ооруган.
– Сиз анан актанууга аракет кылдыңыз беле?
– Кантип актанам?! Атайын бир адам ушундай ушактарды ойлоп тапса, экинчиси аларды элге таратат турбайбы.
Азыркы учурга келсем, “Ар-намыс” партиясы “бешинчи болуп бериңиз?” деп, андан сырткары “Ак шумкар”, “КСДП”, “Бүтүн Кыргызстан” партиялары чакырышты. Бирок мага “Ата Мекендин” алып барган иштери жакчу эле, ошон үчүн “Ата Мекенди” колдодум.
Бир күнү “Кыз-Бу­рактын” экс-ырчыла­ры чайга чакырып калышты. Барсам, “сизди жөн чакырганыбыз жок. Гитарада ойноп кеткен Айгүл деген кызыңыздын жолдошу Текебаев "бир келип кетсинчи" деп жатат” дешти. Ошентип, Өмүрбек Чиркешович экөөбүз жолугуп сүйлөштүк. “Сиздин туулуп-өскөн жериңиз Ноокат эмеспи, ошол жерден жардам бериңиз” деди. "Күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр" деп макул болдум. Келинчеги Айгүл топто гитара чертип бир аз гана ойноп кеткен. Татынакай, акыл-эстүү кыз эле. Саясатка эч аралашпайм деген мени Өмүрбек болбой жатып 54-кылып тизмеге кошуп койду. Жыйынтыгын өзүңөр көрдүңөр, эл “Кыз-Бураксыз” калабыз деп коркушту окшойт. Эгер депутат болуп кетсем, анда топ Сайкалыма калмак.
– Аткаруучу директор кылып эмнеге Сайкалды дайындаган жоксуз?
– Сайкалым уюштуруу иштерине жаштык кылат го деп 10 жылдан бери үйүмдө жашап, “Кыз-Бурак 2” тобунун продюсери болуп жүргөн Жылдыз деген кызды администратор кылып койдум. Аткаруучу директор деген кызматты алып салдым. Анткени ушул кызматка келген адам өзүн менден да бийик коюп алат экен. Сайкалдын акыркы 1-2 айда топ үчүн кылган эмгеги көңүлүмө толду. Байкабаптырмын, кызым чоңоюп калыптыр. Өзү чуркап кийим тиктирип, ырларды жаздырып жатат. Байкашымча, Сайкал топту жөн эле колуна салып көтөрүп кетчүдөй.
– “Турмушка чыккан кыздарды кайра топко албайм” деп айтып келесиз. Сайкал турмушка чыккандан кийин ырдайм десе аласызбы?
– Эми Сайкал үчүн уруксат да, кантип албай коё алам? Эгер жолдошу каршы болбосо эле эшик ачык.
– Атайын келип маек куруп бергениңизге рахмат, Жаңы жыл жалаң гана жакшылыктарды алып келсин.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (63)
izabel
2010-12-29 09:41:55
Эмии оздору билишет да, бирок Кенженики туура эмес болуп калган окшойт.
0
aiko8908
2010-12-29 11:33:20
Кимиси туура айтып жатканына да ишенбей калдым!
0
aiko8908
2010-12-29 11:35:05
Негизи мага Кыз бурак тобу эч жакпайт!
0
Cyldyzka
2010-12-29 20:16:59
Gülşayır eceniki tuura bular uşul topton ataktuu boluştu da anı unutup kalışkangooooooooooooo
0
kuttum seni
2010-12-30 01:24:34
Тушунбойм эй ушу Гулшайыр Садыбакасовага.. Кенже кыз бурактын артынан атактуу болду дейт. А кыз буракты ушундай денгээлге жеткирген ким? КЕНЖЕ! Буларды эшектей эле иштетсе керек убагында. Кайсы бир тойдон коруп калдым кыздарын башкарган деле КЕНЖЕ, башкасын кылган деле КЕНЖЕ. Менин эмгегим дейт, А КЕНЖЕ деле Сайкалга коп нерсе уйротту го.. Эми КЕНЖЕ мне олгучокту Кыз буракта журушу керепи? Азамат АГК тобун ачып туура кылды.. Булар деле озунчо журуусу керек да. Айпери да жон жерден кеткен жок да
+1
kuttum seni
2010-12-30 01:31:06
Жетим кыз деп... тим эле .. корот элем Сайкалы ушинтип журсо.. Садыбакасова туура эмес кылды..Кайра колдоп койсо болмок..Коооп кетти бул эжекем озу.. Мунусу баш болуп, кызы тош болуп.. Мурда аябай сыйлайт элем, азыр...оздорунун авторитетин оздору бузуп эле олушту го ((( Мне болсо да ийгилик... Особенно АГК тобуна!!1
+1
Fernando
2010-12-30 03:21:02
Gulshaiyr dos Emi andai (Booit Andai boushu mumkun emes) lichno maga (Kyz buraktyn keregi jok)
0
Fernando
2010-12-30 03:29:39
Gulshaiyr ketsin Gulshaiyr ketsin ketsin ketsin (jetim)
0
Nurmat
2011-01-04 00:53:34
урушпай мушташкыла.
0
Bishkek
2011-10-25 19:06:14
кыз бурак тобу негизи жакпайт ырларын да укпайм
-1
applemac
2012-01-23 08:35:08
гулшайыр бут кыздардын согун чыгарып ишчу, арасынан кенже баш которду да ошого ее это очень коробит,бирок экоо тен ото тажаал айымдар ошон учун бирин бири кемирип жатышат да
0
UMTUL
2012-05-08 23:38:39
Gulshaiyr ejenin bul ishi tuura emes, barry adamga teng karashy kerek eleda, turmushka chykkan kyzdardy topton ketirgensong alarda oz aldyncha ish kyluusu kerekda, men AGK tobun koldoimun!
0
gooool
2013-09-22 00:23:36
Бул эже мурдаа эле жакчу эмес,эми такыр жакпай калды!!!...фу...эч бир жыздыз калган эмес,кулкусу жасалма.Топ боюнча айтсам,эмне иши бар бул эженин алар менен,топ тузушсо жакшы экен,улантып ийгилике жетишишсин,кайра колдобойбу,мен ойлойм бул коро албастык,ачык эле коро албастык.Кенже эже кыйын экен коро албай жатат,эже аман эле болунуз,каарыганда коп калжындабаныз...
0
URTI
2015-01-15 04:48:24
Кыз-бурак Кенже эжесиз эч кандай популярдуулукка жете албай калды го деп ойлойм.
0
miia
2015-01-15 07:30:09
кызык ушул комментарийлерди окуй бекен э.мага эч кимиси жакпайт
0
№ 425, 24-30-декабрь, 2010-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан