АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

– Эркин, бул абалдан экөөбүздү иш гана куткарат. Компаниянын иши менен алек бололу. Адам максат койгондо гана жүрөгүндөгү ооруну унутуп калат.

– Макул, сиз айткандай болсун. Баса, атам мына бул китептерди сурады. Даярдап койсоңуз, алып барып берейин. Эртең жолукканы барам.

– Макул...

ххх

Учак асманга көтөрүлүп бара жатты. Айсулуу эмнегедир жүрөгүндө бир шоола пайда болгондой сезди өзүн. Куду караңгылыкта жүрүп эми гана бир аз шоола көргөн адамдай эле абалы. Сулуу жүзүнүн нуру өчүп турган кызды карап Калия улутунуп алды. “Эх, Анвар, ушул кызың үчүн көп курмандыкка бардың эле, кандай кылсаң да кызыңды бактылуу кылуу колуңдан келбеди. Бирок сени эч күнөөлөй албайм. Мен башынан эле өз азабымды өзүм көтөрөм деп чечкем. Сүйүү – кээ бирөөнө чексиз бакыт болсо, мендейлерге жүк болот тура. Мен кызыңа жардам бергенге милдеттүүмүн. Эң оор абалымда сен гана мени колдодуң эле”.

Ош шаарына Айсулуунун биринчи келиши эле. Эмнегедир эли бактылуу сезилди, жылмайып күлүп тосуп алган адамдар көп, шаардын абасында да бейпилдик бардай сезилди. Таксиге түшүп алып Калиянын үйүнө барышты. Чакан, уядай жайлуу үй экен. Короосунда гүлдөр толо. Короодон майыптар коляскасында отурган 15-16 жаштагы баланы көргөндө селт дей түштү.

– Калия эже, бул ким?

– Менин уулум,- деди Калия. Балага барып бир нерселерди сүйлөгөндөй болду. Ал дагы апасына бир нерсе деп жаткандай, бирок түшүнүксүз булдуруктады. Айсулуу эмне дээрин билбей босогодо туруп калды. Бала ага кылчая карап күлгөндөй сезилди. Калия уулун далысынан таптап бир нерсе деп жоошутуп, анан бери бурулду.

– Жүрү, үйгө кирип жайланыш. Чарчап келдиң, же биринчи чайканып аласыңбы?

Мындай камкордукту Айсулуу чоң энесинен гана көргөн эле. Ага тыпыйган бөлмө бөлүп берди, бардык ыңгайын карап күйпөлөктөп жатты. Келгенине эки-үч күн болсо да Калия уулу тууралуу үн каткан жок. Уулунун аты Анвар экенин укканда Айсулуу таң кала түштү. Үчүнчү күнү кечинде Калия Айсулуунун бөлмөсүнө кирди.

– Айсулуу, уктай элексиңби?

– Жок, кириңиз.

– Кандайсың, бир аз өзүңө келип калдың окшойт, ээ? Ичтейиң ачылып, бетиңе кызыл жүгүрүп калды.

– Ооба, өзүмдөн-өзүм жинди болуп, уктай албай кыйналып жаткам. Сиз куйган уколдордун да таасири окшойт. Азыр өзүмдү жакшы сезип калдым. Сиздикинен бир аз алаксып, жүрөгүм ордуна келгенсип калды. Сизге рахмат!

– Эч нерсе эмес, кызым.

Калия ойго чөгүп калды. Бир маанилүү нерсени айткысы келгендей, бирок баштай албай жаткандай.

– Бир нерсе болдубу?

– Айсулуу, ата-энеңе байланышкан бир сырды айтышым керек болуп турат. Мен муну эч бир адамга айткан эмесмин. Атаңдан башка эч ким билбейт. Бирок каза болоруна жакын мага телефон чалып, “Айсулууга бардык чындыкты айт, ал сенин оозуңдан уксун” деген. Каза болгондон бери 7 жыл өттү, мен дагы деле сага ооз ачып бир нерсе дей албай келе жатам. Ошко чакырганымдын себеби да ушул.

– Ата-энемдин аркасында ушунча сыр бар экен дейсиз, жашоомдо ал сырларды ачып бүтө алчудай эмесмин,- деди ызалуу күлгөн Айсулуу. – Сизди угуп жатам...

– Кайсы жерден баштасам...

– Эң башынан баштаңыз.

– Туура, эң башынан айтып берүүм керек. Анвар экөөбүз ал сенин апаңа жолукканга чейин кыз-жигит элек. Экөөбүз баш кошууга да даярданып жүргөнбүз. Альфия менен Анвар мен аркылуу таанышышкан, шорума көрүнүп аларды тааныштырган элем. Курбум менен жигитимдин ортосунда сүйүү пайда болот деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бирок убакыттын өтүшү менен экөө бири-бирине ашык экенин билдим.

– Өх, Калия эже, бул жашоодо бирине-бири туруктуу адамдар жокпу? Эмнеге эле ушундай чиеленишкен тагдырлар болуп калат?

Калия Айсулуунун сөзүн укпагандай алды жакты тиктеп сүйлөй берди.

– Мен Анварды катуу сүйүптүрмүн. Андан кийин жашоомдо эч бир эркек болбой тургандай байланып калыптырмын. Мындай оорулуу сүйүүнүн эч кимге кереги жок. Курбум жигитимди тартып кетти, мындай караганда баналдуу көрүнүш! Бирок мен үчүн тагдырымдын оор сыноосу болду. Анвар ачык, калп айта албаган, жүрөгү назик адам болчу. Мени канчалык аяса дагы Альфиядан баш тарта албады. Андан эмне тапты, мага ушуга чейин табышмак. Муздай муздак, сулуулугунан башка эч нерсеси жок аялды мынча эмне жинди болуп сүйдү, ал жагы табышмак. Балким, мен көрө албаган, Анвар гана көргөн жакшы бир сапаты болсо керек. Кыскасы, Анвар мага ачыгын айтты, “мен аны сүйүп калдым, кечир” деди. Анвар экөөбүз биздин курстагы алдыңкы студенттерден элек, мыкты врач болгонго даярданып жүргөнбүз. Мен окуумду эптеп бүтүп Ош шаарына келе бердим, ординатурамды Ошко котортуп алдым. Жашоомду карьерама арнадым, көп кишилерди айыктырдым, үй алдым, баары элдикиндей болду. Бирок Анвар деген жарам айыкпай койду. Колумду сурап, көзүмдү караган жигиттер деле болду, бирок мен эмнегедир эч бирин жашоомо алганга баатырлык кыла албадым. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” деген мен болдум.

Ортодон жылдар өттү, сен төрөлдүң, Анвар менен Альфия бактылуу жашап жатышканын кулагым чалып жүрдү. Жарам айыкпаса да карттанып калганда, жашоо кайра мени сенин атаң менен жолуктурду. Оор жол кырсыгына кабылып Ош шаарындагы мен башкарган реанимация бөлүмүнө түшүп калган экен. Өз колум менен операция жасадым, баары ийгиликтүү болду, Анвар мага аябай рахматын айтты. “Мага экинчи өмүр бердиң” деп ыраазы болду. Ошол убакта биздин ортобузда мамиле башталып кетти, ал борборго үй-бүлөсүнө кеткен убакта менин бир айлык боюмда бар экенин билдим. Бир четинен кубаныч эле, экинчи четинен жалгыз бой, турмушка чыкпаган аял үчүн өлүм менен бирдей эле уят болчу. Мен баарына чыдадым. Эч кимге баланын атасын айткан жокмун.

Уулум төрөлдү, тилекке каршы, тубаса майып деген диагноз коюшту. Айла жок, атаңа уулубуз тууралуу айтканга аргасыз болдум. Ал дагы колунан келген нерсенин баарын жасады, чет өлкөгө жиберди, тапкан-ташыганынын баарын уулунун айыгып кетүүсү үчүн жумшады. Альфия бул нерсени билбейт болчу, бирок өмүр бою Анварды жетиштүү акча таппайсың деп күнөөлөп келди. Байкушум эмне кылсын, жан талаша иштеп биз үчүн да канатын каккылап жүрдү. Атаң адамгерчиликтүү болчу, “баланын атасы менмин” деп деле айтмакчы болду. Бирок дайыма мен токтотуп келдим. Жарым жан балама дагы да болсо сөз тийбесин, эл оозунда болбосун дедим. Атын Анвар койдум, фамилиясын өзүмдүкүн жаздырдым. Өх, мен эмнелерден гана өткөн жокмун, Айсулуу, ата-энем, урук-тууганымдын баары бет карашпай кетти. Бул жашоодо атаңдан башка эч бир адам мени колдогон жок.

Кийин Альфия менен Аскардын окуясын уктум. Атаң анда дымын чыгарбады. Ичтен сызып жүрө берди, кийин сенин окуяң болду. Атаң оор кабыл алды. Анткени сени аябай жакшы көрөр эле. Бизге эки-үч күнгө келгенде сени сагынбаш үчүн кийимиңди ала келип жыттап жүрчү. “Кызымдын жыты жанымда” деп дайыма бардачогуна салып койчу. Уулун деле жакшы көрдү, бирок сен ал үчүн өзгөчө элең. Каза болорун билдиби, сенин бир тууган иниң бар экенин “жетишпей калсам сен айт” деп айтып жүрдү.

Калия дагы далай нерселерди айтты. Айсулуу жашоонун татаалдыгына таң берип отуруп укту. Демек, майыптар арабасындагы бала анын бир тууган боору экен да. Демек, анын атасы деле периштедей таза эмес тура. Апасында эле күнөө деп ойлоп жүрсө, эң чоң жаңылыштыкты атасы кетирген экен да. Бирок муну жаңылыштык деп айтууга болобу?

– Кызык, менин бир тууганым бар... Бул башкача сезим экен.

– Ооба, Анвар сенин бир тууганың. Ал дагы эжеси экениңди билет. Сүрөттөрүңдү көрсөтүп айтып жүрчүмүн. Сен биз менен бир аз жашасаң аны жакшы билип каласың, сүйлөгөнүн да түшүнөсүң. Ал так атасындай кең пейил бала.

Айсулуу жашоосундагы дагы бир сырга кандай карай турганын билбей дендароо. Бирок күндөн-күнгө инисин жакшы көрүп бара жатты. Жакшылап караса атасына аябай окшош экен. Калия жумушка кеткенде аны карап, тамак берип, экөө абдан жакын болуп кетишти. Бир күнү Калия сөз баштап калды.

– Айсулуу, сага биздин шаар жагып калды, балким, бул жакта каласың?

– Билбейм, эже, азыр келечегим тууралуу ойлонгум келбейт.

– Сени бир жакшы адам менен тааныштырайын. Кыргызча айтканда, табып же психолог деп койсоң деле болот. Кыскасы, ал тоо арасында жашайт. Мен такыр жашоодон үмүтүн үзгөн бейтаптарымды ошого жөнөтөм. Мен ага уулумду дарылатам деп жүрүп жолугуп калган элем. Чыгыш медицинасынын адиси. Мен сени ошого алып барайын.

– Менин эч нерсем оорубайт да, Калия эже.

– Жан дүйнөң ооруп жатат, айыкпасаң бул өмүр бою жара катары калып калат. Менин тагдырымды кайталаба, сен Эркинди аябай сүйөсүң!

– Коюңузчу?

– Сүйөсүң, андан башка жашооңдо эч ким болбой турганы да белгилүү. Сен атаңдын кызысың, ал дагы жалгыз апаңды сүйдү. Ошонун курмандыгы болуп кете берди.

– Бирок сизден бала жаратты, ошол да сүйүү болдубу эми?..

– Ал менин сүйүүмдүн айынан болду. Мен өкүнбөйм буга, абдан ыраазымын.

– Сиз менен сүйүү тууралуу сүйлөшкөн да кызык экен. Негизи кызыктуу адамсыз. Кызык, атам сиз менен жашаса кандай болмок?

– Хи-хи-хи, аны билбейм, сурайлы десек кеч калдык,- деди Калия күлүп...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА