«АКЧА КЕРЕК БОЛГОНДО ПАЙДА БОЛГОН СҮЙГӨНҮМ...»

– Салам, Нургүл, кандайсың?

– Жакшы, ким бул?

– Мен, Нурлан.

Сүрөтүңдү ачып карап нес боло түштүм, үстүмдөн ылдый муздак суу куюп жибергендей, болгон энергияң кагылып түшүп калгандай сезим болот го, шалдырап алсыздай түшөсүң, ошондой сезим болду. Сүрөттө Нурлан экен. 10 жылдан кийин тынчымды алды. Так 10 жыл мурун ыйлатып, сыздатып, өзүмдү өзүмө жек көрдүрүп, өзүн сүйдүргөн бойдон мени таштап кеткен. Кайрадан пайда болду, баркымды билгенин айтты, мени чындап сүйөрүн түшүнгөнүн, айтор, жооп бербегениме карабай, бардык социалдык тармактардан таап алып, билдирүү жазып жалдырап, болгон жылуу сөзүн айтып, кайрадан мени өзүнө жакындатып алды. Өзүмчүл, адамдарды алдап кетүүгө шашкан, өзүнө пайда алып калууну гана көздөгөн, кереги жок кезде тепселеп туруп артка кылчайбай кетип калган Нурлан дагы эле ошол бойдон экен. Мен да ошол бойдон экенмин, баёо, жылуу сөзгө алданып калган, сүйүүгө ошол 18 жаштагыдай ишенген бойдон экенмин. 10 жыл мурда да ушундай ишенчээк болгонумдан ал мени алдап кеткен. Жылуу сөзү менен жибитип, сүйдүрүп алып, дайым акча алып жүрдү. Бир учурда атам банкрот болуп акча бере албай калдым. Ошондо мени адам катары көрбөй кетип калбады беле.

“Мени таштабачы, кетпечи, мен эми сенсиз жашай албайм, сени сүйөм” деп бутуна жалынып ыйлаганыма карабай, эң жаман сөздөрдү сүйлөп, “тепселеп” туруп таштап кеткен. 10 жылдан кийин деле андан эч кандай өкүнүүнүн караанын көргөн жокмун. Сөздөрү да, жашоо образы да өзгөрбөптүр.

– Жаным, туулган күнүмдө мага эмне белек кыласың?- деди 2 күн калганда.

– Билбейм, ойлоно элекмин

– Жан, мен бир спорттук костюмду көрүп койгом да, аябай жагып жатат.

– Макул, ошону белек кылайын, канча сом экен?

– 25 миң сом.

– Макул, жаным,- ошол сен айткан кийимди алып берүүгө макул болдум. Мүмкүнчүлүгүм бар болчу, анын үстүнө менин ага деген сезимдерим кайрадан ойгонуп калган болчу. Ушундай белек суранып жатса, демек, менин туулган күнүмө өтө чоң белек даярдап жатат деп башымда ар кандай белек, сюрприздерди кыялданып толкунданып алгам. Акчаны ага которуп койдум. Эртеси ошол спорттук костюмчан сүрөткө түшүп жөнөттү да, рахмат айтты. Туулган күнүм жакындады, эмне белек берет болду экен деп ойлоп толкундана бердим. Ал күн келди, эртеден кечке күттүм анын сюпризин. “Сюрприз” болду чындыгында, анын белеги эмес, билдирүүсү да жок. Кечиндеги көңүл калган абалымды көрсө болмок, дагы бир жолу соолудум.

– Кандай, Нурлан?

– Жакшы, кандайсың? Эртеси эч нерсе болбогондой муздак жооп берди ушинтип. Анан жарылдым.

– Бул эмне деген мамиле? Ушунча сөз короттуң мени кайтарып алам деп, туулган күнүмдө бир жакшы сөз жазып койсоң болбойбу?

Мен күткөндөн да жаман болду мындан аркысы, ушунчалык кайдыгер жооп берди, ага ишенген өзүмдү жек көрүп кеттим.

Уруштук, айтылбашы керек болгон сөздөрдү айттык, бири-бирибиздин көңүлүбүздү көбүрөөк оорутканга аракет кылдык.

Бир жумадан кийин эч нерсе болбогондой кайрадан пайда болду.

“Жан, салам”, “Жан, жооп берчи”, “Жан, кыйнабачы”, “Сени сагындым”... Кайрадан бал тилге салууга өттү.

– Жан, үч жүз миң керек болуп жатат,- бир күнү жолугушууда мага башын жөлөп отуруп ушинтип айтты. Жүрөгүм ооруп чыкты. Бирок уруштан, сөз коротуудан пайда жок экенин түшүнүп калгам.

Өч алгым келип кетти. Аны да ойнотоюн деп ойлодум.

– Макул. Эмки айда болуп калат, ошондо берейин.

– Жаным, жалгызым, эркем менин...

Сүйгөнүм акча берет деп ишенип азыр жакшы сүйлөп, жакшы мамиле кылып жүрөт...

Нургүл

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aysu
2022-10-05 09:30:00
Жообун айтып кой,кызык болуп кетти)
+1
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА