Зуридин Нурматов: «COVID-19 ДАГЫ ДЕЛЕ КООПТУУ, ВАКЦИНАНЫН 3-ДОЗАСЫН АЛУУ ЗАРЫЛ»

Кыргызстанда, өзгөчө ордо калаада COVID-19 кайра баш көтөрүп жатканы кооптондурбай койбойт. Пандемия башталгандан бери коронавирус өзгөчө жайдын ысык күндөрү күчөй турганы байкалууда. Бул ирет эпидемиологиялык абалга кандай баа берсек болот? Кооптонууга негиз барбы? Ооруну токтотууда жалпы калкты эмдөөнүн мааниси жөнүндө Вирустук инфекцияларга көзөмөл жүргүзүү боюнча илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов менен маектештик.

– Зуридин мырза, бүгүнкү COVID-19 оорусуна байланыштуу дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал кандай?

– Дүйнө жүзү боюнча жарым миллиарддан ашуун киши COVID-19 менен ооруду, анын 6 миллион 345 миңден көбү каза болду. Кыргызстанда болсо 200 миңден көп адам ооруга чалдыгып, 3 миңдейи каза тапты. Жер шаарында үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап пандемиянын төртүнчү толкуну мурда болуп көрбөгөндөй катуу жүрдү. Эгер мурдагы жылдардагы көрсөткүчкө ылайык күн сайын оорунун 500 миңден жаңы учурлары катталып келсе, бул ирет 700 миңге чыгып кеткен көрсөткүчтү байкадык. Бизде болсо апта сайын оорунун 3-4 жаңы учурлары катталып келсе, май айынан тарта COVID-19 кайра күч алып жатканына күбө болуп жатабыз. Демек, бул оору таптакыр жоголду дегенди билдирбейт. Анализдеп келгенде 70-90 пайыз бейтаптарда оорунун белгилери байкалбай өтүүдө. Бейтапканага кайрылган гана жарандар каттоого алынууда. Алардын көпчүлүгү вакцина албагандар. Азыркы учурда вирус түпкү мүнөзүн улам өзгөртүп, мутацияга дуушар болууда.

– Вирустук инфекцияларга көзөмөл жүргүзүү боюнча илимий-практикалык борбор тарабынан COVID-19дун түрлөрүнө жараша кандай изилдөөлөр жүргүзүлдү? Эмне себептен ар бир аймактагы эпидемиологиялык жагдай бири-биринен кескин айрымаланып жатат?

– Жыл сайын илимий изилдөө иштеринин темасын бекитип, ошого жараша иш-чаралар жүргүзүлөт. 2020-жылы коронавирус боюнча изилдөө иштери башталып, азыркыга чейин уланууда. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен 3 бөлүктөн турган изилдөө жүргүздүк. Мында 14 миңден ашуун адамга байкоо салдык. Ошондой эле Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын микробиология жана эпидемиология боюнча илимий изилдөө институтунун өкүлдөрү менен бирге 13 миңдей жарандын оору таржымалына 2 этапта изилдөө жүргүздүк. Ал жарандар кандайча ооруга кабылганына, канчасында ооруга каршы иммунитет пайда болгонуна жана канчасы эмдөөдөн өткөнүнө көңүл бурдук. Алсак, 2020-жылы «Кара июль» деген ат менен тарыхта калган убакта 31 миңден ашуун адам ооруду. Бир айдын ичинде 3 миңдей бейтап каза болду. Ошол убактагы изилдөөлөрдүн жыйынтыгына ылайык, 13-14 миң адамдын 30,8 пайызында ооруга каршы антителалары бар экени аныкталды. 2021-жылы апрелдеги изилдөөнүн жыйынтыгында бейтаптардын 70 пайызында антителалар иштелип чыгыптыр. Ошол эле жылы ноябрь-декабрдагы байкоолор 92,3 пайыз антителаларга ээ адамдардын санын көрсөттү. Анткени 2022-жылдын башында 1,5 миллион адам эмдөөдөн өткөн болчу. Эң кызыгы – изилдөөлөргө катышкан адамдардын 65 пайызындагы антителалардын деңгээли төмөндөп кеткени байкалды. Аны калыбына келтирүүдө вакцинанын 3-дозасын алуу маанилүү экени тастыкталды.

– Чет өлкөлөрдө улам COVID-19дун жаңы штаммдары чыгып жатат. Акыркы аталышы «Омикрон» деп белгиленди. Ушуну менен вирустун мутациясы токтойбу? Оорунун башка түрлөрү чыкпайт дегенге кепилдик барбы?

– Вирустун өзгөрүшүнө, ал тарабынан чакырылган ооруларга алдын ала божомол жүргүзүү татаал. Коронавирустун чыгышын, анын пандемияга айланып кетерин эч ким так кесе айта алган жок. Дүйнөлүк апаат башталгандан бери эки жыл жети айга созулуп келүүдө. Болбосо башында жарым жылда басаңдайт деген божомолдорду айтышкан эле. Тилекке каршы, ал оңунан чыккан жок. Ошондуктан так айтуу кыйын. Вирус келечекте дагы кандай өзгөрүлөт, биз так айта албайбыз. Бактыга жараша илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында вакциналар иштелип чыгып, Кыргызстан жетиштүү көлөмдө камсыздалды. Эмдөөнүн жардамы менен оорунун өлүмгө алып келген учурлары азайды. Кыргызстанда 2022-жылдын май-июнь айларында эч ким каза болгон жок. Бул вакциналардын эффективдүүлүгүнөн кабар берет. Калк арасында жамааттык иммунитет канчалык бат калыптанса, ооруну жеңүү ошончолук оңой болот.

– Эмдөөдөн өтпөгөн, иммунитети төмөн, тобокелчилик топторуна кирген жарандарга экинчи жолу ооруну жуктуруп алуу кандай коркунучтарды жаратышы мүмкүн?

– Эң туура суроо. Мындай коркунуч бүгүнкү күндө бар жана ал өкүнүчтүү жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Биз жүргүзгөн иликтөөлөргө ылайык жарандардын 10 пайызында антитела жок. Бул эмнени түшүндүрөт? Кыргызстандын 7 миллион калкынын ичинен 700 миң адам коркунуч тобунда турат дегенди билдирет. Алар эмдөөнүн эффективдүүлүгүнө ишенбей, вакцина албай жүргөн жарандар болушу мүмкүн. Мындан улам биз эмдөө иштерин күчөтүп, элге туура жана тастыкталган маалыматтарды жеткиришибиз кажет. Вакциналар – организмдеги ооруга каршы антителаларды иштеп чыгуунун бир жолу. Ооруп, сакайгандарда да антитела пайда болот. Бирок дарт кандай өтөт? Күчөп кетпейби? Вакцина турганда илдетти баштан өткөрүү керекпи? Анализдеп көрсөк, антителаларга ээ болуунун эң жөнөкөй жана коопсуз жолу – эмдөөдөн өтүү. Ага байланыштуу вакцина албай жүргөн жарандарга кайрылып кетким келет. Вакцина алыңыздар! Анткени эмдөө оорунун күчөп, орду толтурулгус учурлардан сактайт.

Маалымат үчүн: 12-июлга алынган маалыматка ылайык, Кыргызстан боюнча вакцинанын 1-дозасы менен 1572653 жаран, 2-дозасы менен 1341312 жаран жана 3-дозасы менен 239079 жаран эмделди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА