Алпаруучу, тамада Урмат Борченов менен коомдогу көйгөйлөр, кыргыз тилинин абалы тууралуу олуттуу маек курдук. “Башкы душманыбыз – караңгылык. Аны менен жапа тырмак күрөшүшүбүз керек” дейт каарманым.
– Урмат, саламатсызбы? Учурда эмне менен алек болуп жүрөсүз?
– Алпаруучулук, үн коштоо, үй-бүлө, жалкоолук, интернетте саякаттамай. Өмүр ушинтип өтүп жатат. Аркабызда өзүбүз сыймыктана турган жакшы мурас калтырсак деген ойлор бар. Бирок ал ойлорду ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүрбөй эле, балким, убакыт ылайыктуу эмес, балким, мен өзүмдү көбүрөөк баалап алдым же мен такыр колунан эч нерсе келбеген адаммын. Бир аз ушундай кризис...
– Кандай нерсе жасагыңыз келет?
– Жашоомдун миссиясы – коомдун жашоосуна конструктивдүү, позитивдүү таасир берүү деп ойлойм. Ошол миссияга ылайык келген иштерди жасагым келет. Коомдо азыр башкы маселе – караңгылык. Бардык окуялар, экономикалык абал караңгылыктан кабар берип турат, аны менен жапа тырмак күрөшүш керек.
– Аз болсо да андай ишти жасап жатасыз. Мисалы, коомду өнүгүүгө үндөгөн берүүлөрдү, кыргыз тилинде катасыз сүйлөө боюнча видеороликтерди тартасыз...
– Ооба, жасап жатам. Мен жазган постторду окуп таасирленгендер бар. Бир жолу дүкөнгө кирип таң калгам. Дүкөнчү байке картон кагазга мен роликтеримде айткан ар бир сөздү жазып алыптыр. “Урмат, эмнеге роликтерди чыгарбай жатасың?” дейт. “Чыгарганда эмне, чыгарбаганда эмне, андай деле таасирин көрбөй жатам” десем, картонду көрсөтүп, “бул эмне анда?” деди. “Ушундай адамдар бар экен, кой, жасашым керек” деп калдым, бирок ал ишти уланта элекмин.
– Эмне себептен?
– Таасир бербей жатат деп ойлодум. Анын үстүнө азыр орусча аралаштырып сүйлөө же тилди өзгөртүп башкача сүйлөө мода болуп кетти. Айрыкча блогерлер модага айланган диалектилерде, адабий тилдин нормаларына жатпаган сөздөрдү сүйлөшүп, ошону жайылтып жатышат. Азыр кимдин-кимдин заманы, блогерлердин заманы болуп жатпайбы. Алардын чоң аудиториясы бар, бирок көпчүлүгү жоопкерчиликти сезишпейт. Мен аларга кээде сын айтып, кээде урушканга чейин бардым. Кээде телефонун колунан жулуп алып, “ө, ү, ң” орнотуп берип коёсуң. “Кыргызмын деп төш кагасың, эмнеге телефонуңда ө, ү, ң тамгалары жок?” дейм. Акыркы учурда менин да бетим калыңдап баратабы же урушкум келбей калдыбы, көңүлкош болуп баратам. Ар ким менен уруша бергенди туура көрбөйм, өзүңдү да аяшың керек экен. Демек, күрөшүүнүн башка жолдорун табыш керек. Кастык тилин эмес, балким, сүйүү тилин колдонуш керектир. Балким, өзүм ал деңгээлге жетпей жаткандырмын. Кыскасы, тыныгуу кармап турайын деп жатам.
– Ар кандай долбоорлорду, олуттуусун да, шоусун да ишке ашырып көрдүңүз. Эл кайсынысына тартылат экен?
– Аялдарга карата зомбулук көбөйүп кетпедиби. Бүгүн эле социалдык тармакта ошол тууралуу бирөө менен талашып-тартышып кеттик. Ал “журналисттер күнөөлүү, андай окуяларды жарыялап таратпай эле коюшпайбы” дейт. Журналисттер, блогерлер деле агартуучу роликтерди тартабыз. Бирок ага көңүл бурбай эле, өзүбүз ошондой негативдүү жаңылыктарды таратып, бирөөнүн төшөгүн, уруш-жаңжалды көп бөлүшүп жатпайбызбы. Демек, маселе өзүбүздө.
– Аялдарга карата зордук-зомбулук тууралуу айтсаңыз, көйгөйдүн курчушуна эмне себеп болууда?
– Тилекке каршы, жылдан-жылга коомду радикалдашуу, акылдан таюу, караңгылык каптап баратат. 30 жыл бою коррупция, караңгылык сыяктуу чоң-чоң көйгөйлөрдүн арасында өстүк. Ошон үчүн азыр калктын кызыкканы – болбогон бир жеңил контент. “К-тили” долбоорун баштаганда аудитория чогултуп алып, жакшы роликтерди тартам деп ойлогом. Кээде каражат, кээде команда, кээде эргүү жетпей калат. Бирөөнүн алдында милдеттенмелерим жок болгон үчүн ролик тартуу иши туруктуу эмес, көңүлүм, убактым болгондо тартылып жарыяланып жатты. Мындай аракеттерди жасап жаткан адамдар бар, бирок аз. Аз болгону аз келгенсип, андай роликтерди адамдар социалдык тармактардан бөлүшпөйт, айтышпайт. Мисалы, Назира Айтбекова олуттуу маселелерди көтөрөт, азамат, баа берем, эр жүрөк. Тилекке каршы, биз, эркектер, эр жүрөк эмес экенбиз. Зордук-зомбулук болуп жатат деп айтып чыккан эркек блогер, эркек ырчыны көргөн жокмун. Мындай маселелерде мырзалар пассивдүүлүгүн көрсөтүп келет, мен ушуга капамын.
Зордук-зомбулуктун себеби көп, түбү барып караңгылыкка такалат. Эң башкы душманыбыз ушул.
– Туура. Өзүңүз тууралуу сүйлөшсөк. Үнүңүз негизги куралыңыз да, ага кандай кам көрөсүз?
– Эч кандай кам көрбөйм, Кудайдын берген белеги. Менин үнүм кадимки кыргыздын үнү, баритон, эң көп жайылган үндөрдүн бири. Болгону бир аз тарбия керек, аракет керек. Менин оюмча, бул кесипти көп эле киши аркаласа болот.
– 2016-жылкы маегиңизде “15 жылдан кийин маданият министри болом” дептирсиз, кыялыңыз күчүндөбү?
– Жаш баланын сонун кыялдары болгон экен. Андай кыялым жок азыр. Маданият, илим, билим, дагы бир катар министрликтер, прокуратура, УКМК сыяктуу мекемелер жок болсо жакшы болмок деп ойлойм. Элди эл багат, элди эл өзү эле жыргатып өнүктүрүп алат.
– Балдарга тарбия берүү боюнча пикириңиз кандай?
– Балдарга мен ойлогондон дагы көбүрөөк убакыт, энергия, каражат, мээрим талап кылынат экен. Бизди эскиче тарбиялашкан да, ар бир баланын өз ырыскысы бар, көп балалуу болуш керек деп. Көп болгон жакшы, албетте, бирок сапаттуу тарбия берип, коомдун жүгүн аркалайм деген балдарды өстүрүш керек. Үй-бүлөнү пландаш керек. Менин бир кызым бар, буюрса, экинчи кызым да болот. Коомго жүк эмес, коомдун жүгүн аркалай турган уул-кыздарды тарбиялап өстүргүм келет.
– Жубайыңызга үйдө жардам бересизби?
– Идиш жууп, үйдү жыйнап, тамак ичкенден кийин үстөлдү жыйнап коё алам, маселе эмес. Бири-бирибизди чектебейбиз. Менимче, жубайың бир нерсе жасайм десе колдоо гана көрсөтүшүң керек. “Аялдын орду очок” деген – бул эски көз караш. Биз прогрессивдүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз. Үй-бүлөдө гендердик теңчилик эмес, гендердик гармония болушу керек, бири-бирин түшүнүү, сыйлоо, бирок эч кандай чектемей жок.
– “Аял жакшы – эр жакшы” дейт, чын эле көп нерсе аялдан көз каранды бекен?
– Келинчегимдин эң жакшы сапаты – аябай жакшы эне болуп жатат, мен ошого баа берем, азамат. Балким, эң жакшы жубай деп айтса да болот, бирок эң жакшы эне болуусу мен үчүн маанилүү болчу, мен кубанычтамын.
Перизат Музуратбекова