Бул сапар ырчы Данияр Эрматовго журналист эмес, кесиптештери суроо узатышат. Чыгармачылыкка жаңы аттанып жаткан ырчылар менен маектешип калганда баары бир ооздон ушул ырчы мырзага ыраазычылык айтып калышат. “Жардамын аябайт” деп макташат. Суроо узаткан ырчылар да “жаркылдаган жакшы жигит” деп баса белгилеп жатышты. Анда эмесе, Данияр мырзага берилген суроолордун жообун бирге окуйлу, окурман.
Каныкейдин суроосу:
– Данияр, бирөөгө үнүңдү жогору көтөрүп сүйлөгөнүңдү көргөн эмесмин, ар дайым жаркылдап жылмайып жүрөсүң, мунун сыры эмнеде?
– Дайыма күлүп турганым, баарына жакшы мамиле кылганым – биринчиден, тарбиядан болсо керек. Ата-энем мени баарына жакшы мамиле кылууга тарбиялаган. Жүзүмдөгү жылмаюуну айта турган болсом, өзүмдү кыйнап-кыстап деле жасалма жылмайып жүрбөйм. Негизинен, кичинемден эле ушундаймын. Эми жылмаюу дагы бир сүннөт экен. Чынын айтсам, мунун сырын өзүм деле билбейм.Гүлжигит Сатыбековдун суроосу:
– Төрт менен торттун ортосунда эмне айырма бар?
– Экөөнүн тамгалардан айырмасы бар. Төрттө “ө”, тортто “о” тамгасы.
– Жерге түшкөн сары жалбыракты койлор эмне деп жешет?
– Бул логикалык суроо окшойт. Жерге түшкөн жалбыракты койлор эч нерсе дебей эле жешет (күлүп).Айнура Салахидинованын суроосу:
– Жубайың Айсалкын экөөңөр дуэт ырдап көрбөйсүңөрбү, буга кандай карайсың?
– Канча бир жылдардан кийин, балким, ырдап калышыбыз мүмкүн. Азырынча такыр андай оюбуз жок. Негизи Айсалкын ырдаганга кызыкпайт. Ырчылык деле ар бир адамдын колунан келе бере турган нерсе эмес, ага кызыгуу, талант керек дегендей. Балким, аракет кылса ырдап кетет. Бирок андай нерсе планыбызда жок.
– Үй тиричилигинде жубайыңа жардам берип, бала карашасыңбы?
– Жок, үй жумуштарына эч качан жардам бербейм. Айсалкын өзү кылат. Ал эми баланы карашам, азыр ушул учурда дагы бала карап отурам (күлүп). Өзүңдүн балаң ушунчалык таттуу болот экен. Кааласаң да, каалабасаң дагы карайт экенсиң. Өзүм да өтө баласаакмын.Алтынай Нарбаеванын суроосу:
– Курмангазы Азыкбаев адамдардын мүнөзүн музыкалык аспаптарга, Түмөнбай Колдошов жакшы кездемеден тигилген көйнөктөргө салыштырам дейт. Мен кулк-мүнөз жүрүм-турумду өзүмдүн ырларыма салыштырам. Данияр, сен эмнеге салыштырасың?
– Ушул суроого чейин адамдардын мүнөзүн эч нерсеге салыштырып көрбөпмүн. Азыр ойлонуп отуруп аба ырайына салыштырып көрдүм. “Кабагына кар жаап калыптыр” деп айтышат го, анын сыңарындай кээде жамгыр жаайт, кээде күн ачылат, кээде бүркөк, кээде чайыттай ачылып жаркырап жакшы маанайда жүрүп калат.
– Адамда бир орган бар, бирок ал адамдын өзүнүн эсине келбейт. Эмне болушу мүмкүн?
– Бул өтө кыйын суроо экен. Бул адамдын мээси болуш керек деп ойлоп жатам. Себеби бутуң басып жүрөт, көзүң жумулат, бир нерсени көрүп, кулагы угуп жатат. Ойлоп көрсөк, көбүнчө мээни эстебейт экенбиз.Жумагүл Райимжан кызынын суроосу:
– Чыгармачыл инсанда эң биринчи кайсы сапат мыкты болуш керек?
– Эң биринчи адамгерчилик бийик болушу керек. Негизи эле мен дайыма айтып келем. Чыгармачылыкта үч сапат бири-бири менен тирешип туруш керек. Бири – талант, экинчиси – аракет, ал эми үчүнчүсү – адамгерчилик. Ушул үчөө теңме-тең болуп турса, анда ал адам сөзсүз түрдө ийгиликке жетишет. Ушулардын бири эле аз же жок болуп калса, адамды артка тартат. Аябай таланттуу, аракетчил болуп туруп адамгерчилиги болбосо, аны эч ким колдобойт.Алмаз Шаадаевдин суроосу:
– Данияр досум, чыныгы дос дегенди кандай түшүнөсүң?
– Чыныгы дос деген, Алмаз досум, өзүңсүң. Сени дос болууга татыктуу деп эсептейм. Чынчыл, досуна күйгөн, барга көппөгөн, ылдыйда жөлөк, өйдөдө өбөк болуп, жамандык-жакшылыкта ар убак жаныңда турган, кандай жагдай болбосун эч качан өзгөрбөгөн адамды чыныгы дос деп билем.
– Жашоо эмнеси менен кызык?
– Адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин ар бир адамдын жашоосу күнүмдүк ар кандай окуялары менен кызык. Ар бир күнүбүз бири-биринен өзгөчөлөнүп тургандыгы менен кызык.
– Менин кайсы ырымды жактырасың?
– Көп эле ырларың жагат. “Жаным, ай” деген эң алгачкы ырың өзгөчөлөнүп турат. Ошол ырың чыккан кезде таанышканбыз. Мен “Токто, жаным” деп ырдап чыкканда сен “Жаным, ай” деп ырдап чыккансың. Ошол ырың менен сени тааныгам. Бекжан Темирхандын суроосу:
– Жашоодо абдан жакын деп эсептеген адамдан көңүлүңүз калган учур болгонбу?
– Жакын адамдарга аябай жакшы мамиле кылып, колдоо көрсөтүп жүрүп эле алардын мага кылган мамилесинен көңүл калган учурлар өтө көп болгон. Мурун “мен ушундай кылсам, эмнеге аны баалабайт?” деп капа болчумун. Азыркы тапта эч качан көңүл калбайт, жашың өйдөлөгөн сайын ой жүгүртүүң дагы өзгөрөт экен. Ал билбесе, Кудай көрсө болду деп калат экенсиң.Венера Назаралиеванын суроосу:
– Данияр, өзүңдү тааныдыңбы, таптыңбы? Китеп окуйсуңбу?
– Ар дайым эле өзүмдү тааныйм, өз жолумдамын деп эсептейм. Чынын айтсам, китеп көп окубайм. Мурун окуп калчумун, азыр кээде интернеттен гана бир аз окуп коём.
– Мени үйлөнгөнүңдө тойго эмнеге чакырбай койдуң эле (күлүп)?
– Чындыгында, сизди тойго чакырышым керек эле. Той берген адам түшүнөт дейт, сизге окшогон жакын инсандарым, туугандардын арасынан дагы чакырылбай калгандар болуп калган. Чакырбай калганымды өзүм дагы билем, кечирим сурайм. Буюрса, кийинки жакшылыктарда катташабыз.
Динара Акимова