ОРУСИЯ: КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫН БАҢГИЗАТ БИЗНЕСИНЕН КАНТИП КОРГОЙБУЗ?

2020-жылга салыштырмалуу 2021-жылы Орусиядагы Кыргыз жарандары арасында баңгизат соодасына айыпталып кармалгандардын саны 71 пайызга өскөнү айтылат расмий маалыматтарда. Бул өсүштүн артында түрдүү тагдырлар, жаш улан-кыздардын абакка камалышы, алардын жакындарынын көз жашы жатат. Мекендештерди торго илген маселенин өзөгү эмнеде? Аны айланып өтүү мүмкүнбү?

Орусиядагы Кыргыз элчилиги: “Камалгандардын көбү 16-30 жашка чейинкилер”

–Бүгүнкү күнгө чейин ар кандай берене менен 985 Кыргыз жараны кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30 пайызы баңгизат сатуу, ташуу, колдонуу боюнча соттолгондор. 2021-жылы Орусияда баңгизат соодасына Кыргыз жарандары аралашкан 327 факты катталган, бул 2020-жылга салыштырмалуу 71 пайызга көп. 2022-жылдын 6 айында 200дөн ашуун улан-кыз кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Абакта отургандардын көбү 16-30 жашка чейинкилер. Орусиянын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез, оңой акча табуу максатында кылмыш жасаганын белгилешүүдө. Айрымдары билбестиктен мындай кылмышка аралашып калууда. Баңгизат менен соода кылгандар жаш улан-кыздарды көбүнчө социалдык түйүндөрдөн ири суммадагы акча сунуштап азгырышат. Алар “закладчик” (таңгакталган баңгизатты айтылган жерге каткан адам) болуп товарды бир жерден экинчи жерге жеткирген кызматың үчүн жумасына 10-15 миң рубль аласың" деп торуна илишет.

Оңой акча табуунун аркасында көптөгөн жаш тагдырлар талкаланууда. Баңгизат сатуу менен алектенгендер өзгөчө 2019-жылдагы пандемиядан кийин күчөдү. Учурда элчилик Орусияда иштеп жаткан Кыргыз мигранттарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Жыйынтык жакшы болушу үчүн бул иште жалпы коомчулук жардам берсе жакшы болот элек.

Калык Момунов, Талас облусунун тургуну: “Балам курьер болуп иштеп жүрүп камалып кетти”

– Балам Адилет Калык уулу 2021-жылдын 8-август күнү баңгизат ташууга шектелип кармалган. Уулум 18 жашта эле, Москвага кеткенине 2 ай болгондо ушундай окуя болуп кетти. Жаңы барганда жумуш таппай бир ай үйдө отуруптур. Кармалганда “ата, мен кармалып калдым” деп телефон чалган, эртеси тергөөчү чалып окуяны айтып берди. Ошол бойдон баламдын үнүн кечээ жакында уктум. Эч бир ата-энеге баланын азабын тарттырбасын. Силер баламдын абалын сурасаңар аны эстеп муунум калчылдап кетти. Балам энесиз өстү. Турмуш шартка байланыштуу мектепти да бүтпөй калган. Балам экөөбүз Казакстанда иштеп жүрдүк. Кийин кичи мекенибиз Таласка келгенбиз, көп өтпөй Москвага иштегени кеткен эле. Ал жакка эч ким жыргаганынан барбайт, “там салалы, ата, эл катары жашайлы” деп кеткен болчу. Кечээ сүйлөшкөнүмдө окуяны өз оозунан уктум. “Мага курулуш фирмасында иштеген жумушчуларга тамак ташыйсың дешкен. Тамактарды контейнер менен ташыйт элем, ошол контейнерлердин бирине баңгизат салып коюшуптур” деди. Кармалганга чейин “көлдүк таксист байкелер менен жүрөм” деп калчу. Бул ишке балам билип бардыбы же билбей бардыбы, айта албайм. Бирок кимиси болсо да анын жаштыгын, эч нерсе билбестигин пайдаланды. Бул ишке аны ким түртсө да өз уятында, мен алардын күнөөсүн көтөргүм келбейт. Мага окшоп жапжаш кыздары, балдары абакта отуруп сыздап жүргөн ата-энелер толтура. Бийлик өкүлдөрү, депутаттар ушул маселени тереңден изилдеп, талдоо жүргүзүшсө дейт элем. Эмнеге баары окшош сценарий менен камалып жатат?

Балам учурда Орусиянын Мордовия республикасындагы түзөтүү колониясында отурат. Баламды Кыргызстандын абагына которууга жардам берүүнү өтүнөм. Балдары камалган ата-энелердин баарынын талабы ушул.

Назарбек Кенжеев, прокурор: “Быйыл Орусия абагындагы 67 кыргыз жараны мекенине которулду”

– Башкы прокуратуранын алдындагы Эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгы чет өлкөдө соттолгон Кыргыз жарандарын Кыргызстанга которуу иштерин жүргүзөт. 2022-жылы Орусияда кылмыш кылып абакта отурган 67 жаран мекенине которулду. Орусияда ар кандай кылмыш кылып абакта отурган 1000ге жакын жарандарыбыздын жарымынын ата-эне, туугандары соттолуучуну Кыргызстанга которуп берүү арызы менен бизге кайрылышат. Бирок баңгизат менен абакка кесилген жарандарды которуу оңой иш эмес. Мисалы, Орусиянын мыйзамында баңгизат менен кармалгандарды 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган, ал эми Кыргызстандын мыйзамы боюнча 8 жылдан 12 жылга чейин соттошот. Орусиянын соту 9 жылга соттогон жарандын жаза мөөнөтүн Кыргыз соту 8 жылга кыскартып койсо жазалардын дал келишпестиги жаралат. Ушундан улам Орусия тарап соттолуучуну которуудан баш тартып коюшу мүмкүн. Андыктан биз тараптан “ал кылмышкер мекенинде толугу менен жазасын өтөйт” деген кепилдик болушу керек. Дагы бир маселе, кат алмашуу процесси узакка созулуп кетет. Мисалы, бизге соттолуучунун жакындарынан арыз түшкөндөн кийин Орусиянын Юстиция министрлигине “ушул соттолуучу тууралуу материалдарды бергиле” деп кат жөнөтөбүз. Ал министрлик жазаларды өтөө башкармалыгына, алар жергиликтүү бийликке кат жөнөтүп бизге жооп келгиче 1 жылдай убакыт кетип калышы мүмкүн. Андыктан чет өлкөдөгү жарандарды мекенине которуу иши татаал жана түйшүктүү иш.

Салтанат Митиева, жарандык активист: “Көпчүлүгү билип туруп кылмышка барышат”

– Мен көп жылдан бери Орусияда соттолгон Кыргыз жарандарына жардам берип, сот процессинде котормочулук кызматты аркалап жүрөм. Баңгизат менен кармалгандар мурун пандемияга шылтап “иш жок, бардык жумуш жабылып айла жоктон ушул ишке бардым” деп айтышчу. Бирок, байкасаңыздар, пандемиядан кийинки жылдарда деле баңгизат ташуу, сатуу иштери тескерисинче көбөйүп жатат. Бул кылмышка көпчүлүгү билип эле, жеңил акчага кызыгып, эрте баюу максатында барып жатышат. Баңгизат ташытуучулар курьер баңгизат ташый турганын, ар бир жеткирген таңгак үчүн 1000-1200 рублдан аларын башында эле айтышат. “Стажировкадан өтөсүң, биз айтканды кылсаң кармалбайсың, кармалсаң айып пул төлөп чыгып кетесиң” деп алдашат. Ишенимге кирүү үчүн башында курьердин банктык эсебине 30 миң рублга чейин акча которуп турушат. Акчага азгырылган жаштар көп акча болсун деп көбүрөөк таңгак ташып баратканда кармалып калышат. Эмне үчүн жаштарды азгырышат? Анткени алардын жашоого көз карашы толук калыптана элек, ишенчээк болушат.

Дагы бир маселе, учурда Орусияда абакта жаткан балдардын ата-энелерине “балдарыңарды Кыргызстандын абагына которуп берем” деген шылуундар алардан 3 миң доллардан 10 миң долларга чейин алып жатышыптыр. Орусиянын абагынан Кыргызстандын абагына которуу бекер. Болгону убакыт керек болот. Андыктан бардык ата-энелерге айта кетерим, шылуундарга алданбагыла.

Атыр Абдрахматова, акыйкатчы: “Баңгизатка байланыштуу камалган жарандарыбыздын укугун коргойбуз”

– Биздин акыйкатчы институтуна Орусияда баңгизат ташып кармалган мигрант жаштарыбыздын көйгөйүн айтып бул жылы 9 ата-эне кайрылган. Бирок көйгөй өтө чоң экенин билем. Учурда социалдык түйүндөрдөгү ар кандай тайпалардан башка жабыр тарткан ата-энелерди да издеп жатабыз.Бул көйгөй боюнча мен Орусия федерациясынын акыйкатчысы менен онлайн сүйлөшүүдө “жарандарыбызды баңгизат менен камоо системдүү көрүнүшкө айланып кетти, чогуу талдоо жүргүзүп көйгөйдүн негизги уюгун аныктайлы” дедим. Орусиялык акыйкатчы иштешүүгө дайым даяр экенин билдирди. Мындан тышкары Орусиянын кыргыздар көп жашаган аймактарында акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүн ачууну пландап жатабыз.Бул планды ишке ашырууга, албетте, мамлекеттин колдоосу керек, бирок ишке ашса жарандар менен тыгыз байланыш түзүлмөк. Негизи көпчүлүк ата-энелер “балдарыбыз билбей ушундай ишке аралашкан” деп жатышат. Социалдык түйүндөрдөн кадимкидей курьердин окуусун окутуп, үйрөтүп, анан жумушка алышат экен. Таксист, курьердин кызматы товарды бир жерден экинчи жерге жеткирүү гана.Товардын ичин ачып караганга акысы жок. Алар бирөө табыштаган товарды бир жерге жеткиргени барганда милиция кызматкерлери кармап кетип жатышпайбы.Системдүү көрүнүш дегеним ушул, балким, орустардын укук коргоо кызматкерлеринин жумушунда катачылыктар же мүчүлүштүктөр болушу мүмкүн. Эми мунун баарын тыкыр иликтеш керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА