КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Коркпо, уулум, мындай алсыроонун далайы баштан өткөн. Эртең эле туруп кетем, карылык дегениң ушул экен, дайыма жүгүрүп жүрө албайсың. Бир күнү бутуң ооруп, бир күнү кан басымың көтөрүлүп башың ооруйт. Коркпо, айланып кетейин,- деп алайган уулун башын өзүнө тартып төбөсүнөн өөп койду.

Марат эшикке чыгып ойлонуп отуруп калды. Артына кылчайып караса апасын, деги эле аялзатын кадырлап, ырыстуу сый көрсөтпөптүр. Кичинесинен эрке өсүп, кийин деле өз билгенин кылып апасынын маңдайын жарылта сүйүнтө албаганына кейиди. Апасынын ушундай кейиген абалда дүйнөдөн өтүп кетишин ойлоп коркуп кетти. Тура калып шашыла басып дарбазадан чыгып кетти да, бир заматта досунун унаасын айдатып келип калды. Апасынын айтканын укпай, анын ой-боюна койбой көтөрүп унаага салып, райондук ооруканага алып жөнөдү. Апасын текшертип дары-дармегин алып келди. Жүрөгү ылдыйлай түштү. Марат ушул күндөн тартып апасын капа кылбоого аябай далалат кыла баштады. Мурдагыдай бей-жай бир жакка кетип калуу, курулай санаага батыруу деген нерсе токтоду. Үйүн, короо-жайын тазалап, колунан келген тамагын жасай коёт. Бүгүн таң эрте туруп самоор жакты.

– Ой, самоор жагылып калганбы? Сени жакшы бала кылыш үчүн мурда эле ооруп койсом болмок экен,- үйдөн чыгып келе жаткан кемпир кубанып уулун тамашалап калды. Ансыз да уулунун акыркы учурдагы камкор, үйгө карамдуу болуп өзгөргөнүнө ичи жарыла сүйүнүп жүргөн.

– Кызматты сизге кылбасам, башка кимге кылат элем? Көзүңүздөгү кубанычты көрүү кандай бакыт?- Марат жетип келип апасын кучактап колунан өөп койду.

“Кээде жашоодогу болгон жагдайлар адамды жакшы жакка багыттап коёт деген чын бейм. Аялы кеткени ары-бери урунуп-согулуп жатып Маратка дагы акыл кирди көрүнөт. Кадимкидей өзгөрдү. Ээ, Кудайдын кудурети, ушунун баары болуш үчүн ушинтип аялы кетип, эки бала менен бой калыш керек беле? Кудайым, мага дем-күч бер. Ушуларга караан болуп жүрө турайын”. Кемпир уулдары келгенче ашканада ушуларды ойлоп отурду. Чай ичип бүтүшкөн соң колуна таттууларды көтөрүп Карлыгач менен сүйлөшкөн Мараттын жеңеси кирип келди.

– Ой, кандайсыңар, жакшы турасыңарбы? Апамды сыркоолоптур деп угуп сарсанаа болуп келдим. Эмне болдуңуз, апа, жакшыбы баары?

– Рахмат, айланайын, жакшы болуп калдым. Карыганда ар кайсы оору козголо берет экен.

– Карылыкка моюн сунбаңыз, баарыбыз сиздин күчтүүлүгүңүзгө баа берип, суктанабыз го.

Бир аз чай ичип отурган аял бакчада ойноп жаткан балдарга барып таттууларын берип, жандарында отуруп аларды бир аз сөзгө тартты.

ххх

Түш ченде Карлыгачтын телефонуна айылдагы жеңесинен кат келип түштү. Аялзаты эмеспи, Карлыгачты аяган бейм, балдарын ойноп жүргөн жеринен сүрөткө тартып жөнөтүптүр. Карлыгач көрө салып телефонун ката калды. Кимдир бирөө колунан телефонун алып койчудай коркуп кетти. Балдарын катуу сагыныптыр, көзүндөгү жашын араң тыйып турду. Байыштын жок экенин билсе дагы телефонун алып кафенин ажатканасын көздөй басты. Каалганы бекитип сүрөттөрдү көрө баштады. Улам жылдырып сүрөттөрдү көргөн сайын көзүнөн жаш шолоктоп ага берди. Балдарынын бою өсүп чоңоюп калгандай туюлду. Божурашып сүйлөп жаткан балдарын көрүп ичи эзилип кетти. Ушул учурда балдарын таштап кеткенине өкүнүп кетти. “Ушуга кантип дитим барды?” деп кылганына таң кала түштү. Бирок Байыштан басып кетүү деген эч качан оюна келбейт. Аны жоготуу тууралуу ойлонгондо дүйнөсү астын-үстүн болуп кетет. “Балдар ишенимдүү колдо, атасы менен чоң апасы менден жакшы карашат. Эч кимге кор кылышпайт” деп өзүн жооткотуп алды да, көзүнүн жашып тазалап жумуш ордуна барды.

ххх

Таң эрте Айсаранын апасы телефон чалды.

– Кызым, таякең болбой жатат. Узатуу кылат окшойбуз. “Жалгыз кызыңды жөн салды күйөөгө берип коёсуңбу, калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” деп жатышат. Бир чети анын чындыгы бар.

– Апа, мен айттым эле го, андай ызы-чуунун кереги жок деп...

– Эми, кызым, ушунча жыл ошолордун колунда чоңойдуң, эрезеге жетип алып аларды киши катары көрбөй койгон дагы болбойт. Мен Кыргызстанга барайын, тез аранын ичинде кыз узатуу тоюңду уюштура коёбуз.

– Уф-ф! Баары бир ызы-чууну болтурат экенсиңер да.

Колдон-колго түрткүнчүк кылып чоңойткон таякелери Айсаранын бай кишиге турмушка чыгып жатканын угуп кызга ээлик кыла калышты. “Каадасыз кеткени болбойт, эртең күйөөсү деле эмне дейт, салт-санаа менен узатабыз, жолдошунун алдында деле жүзү жарык болот” деп Айсаранын эртеңкисине күйүп жаткандай түр көрсөтүштү. Айсаранын улуу кишиге турмушка чыгып жатканына энеси эле бир аз бушайман болбосо, таякелери ал тууралуу ойлонгон деле жок. “Сенин эмне он кызың бар беле? Жалгыз кызыңдан калың ал, эне сүтүн ал, сый-урматын көр. Саякатка жолдомо деп сенден арзан кутулганы жаткан турбайбы. Аны мындай деле алып бере беришсин” деп байке-жеңелери Айсаранын апасын бат эле сөзгө келтирип коюшту.

– Мейли эми, эптеп бир күн чыдап койсом өтүп кетер,- деп Айсара канча каршы болбосун акыры алардын айтканына көндү. Бир чети баарынын алдында жүзүн ачкысы келди. Жамынып-жашырынбай турмушка чыкканын ачыктагысы келди.

Кечинде үйгө келген Тимурга апасынын айткандарын айтты эле, ал чалкасынан кетти.

– Койчу, ушул жашымда жаш баладай болуп жүрөт белек? Кайдан чыкты мунун баары.

– Мен деле каалаган эмесмин. Апам, таякемдер ошентип чечишти. Салт-санаа менен узатпаса болбойт экен. Эптеп бир күн чыдап коёлу эми,- деген кыз Тимурду эркелей карады. Тимурдун көнбөскө, жок деп басып кетүүгө айласы барбы? Айсара менен түтүн булатып бир үй-бүлө болуп жашоо, балалуу болуу анын азыркы эң негизги кыял-максаты эмеспи.

– Болуптур, сен жанымда болсоң мен отко да, сууга да түшүүгө даярмын. Салт-санаа, жөрөлгөлөрүнө чыдаарбыз,- деп кызды кучактап маңдайынан өөп койду.

– Анан калың дегендер да болот окшойт,- кыз ыңгайсыздана сүйлөдү.

– Калыңдан коркпочу, сага калыңды ырахаттануу менен эле берем. Сен үчүн корогон акча саналбайт. Бул менин бакыт үчүн коротконум. Сен күл, сен кубан, сен жырга, болгону менин жанымда бол, ошол мага жетет.

Тимур бул сөздөрдү кубануу, ырахаттануу менен айтып жатты.

ххх

Баары бат эле болду. Тимур менен Айсаранын чоң маселе көрүп жаткан кыз узатуу тою да өттү. “Улуу кишиге тийип жатыптыр” деп ич ара күбүр-шыбыр болушканы менен, жүздөрүнө жадырап күлүп эле узатып жиберишти. Айрымдары Тимурдан балдарына жумуш да сурап жиберүүгө үлгүрүштү. Муну улай эле Тимур досторунун арасында үйлөнүп жатканын белгилемей болду. Айсаранын үлпөт көйнөгүн кийүү кыялын да орундатууну эп көрдү. Ачык асман алдында табият коюнунда уюшулуптур. Он чакты гана жакын санаалаш достору келди. Аяштары билдирбегенге аракет кылганы менен, үй-бүлөнү бузду деп кызды жактырбай карап жатышты. Кече ортолоп калганда Айсара жок болуп кетти. Достору менен сүйлөшүп турган Тимурдун жанына бир жардамчы жигити чуркап келди.

– Нурзат жеңенин машинасы турат. Өзүн көрдүңүзбү?

– Эмне?! Тезинен эки-жакты карагыла, Айсара кана?

Тимур шашыла басып эки-жактан Айсараны карап таппай калды. Баары ызы-чуу түшүп Айсараны издей башташты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА