ГҮЛМИРА ТАШМАТОВА,КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТИ: “КЫЙНАЛГАНДА БАШКА КЕСИПТИ ТАНДАБАЙ ДЕП ӨКҮНЧҮМҮН”

Бир катар тасмаларда, театрда роль жараткан, Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы Гүлмира Ташматова маектешим. Актриса менен кесиби, карьерасындагы кыйынчылыктары, балдары тууралуу кеп кылдык.

– Гүлмира эже, саламатсызбы? Маекке чакырсак съёмкадамын деп калдыңыз, тасмага тартылып жатасызбы?

– Саламатчылык. Азамат Үсөнов деген жигит биринчи жолу фильм тартып жатыптыр. Эпизоддук ролго тартылып бербейсизби деп суранып калды, тартылдым. Депутаттын аялынын ролун ойнодум.

– Ийгиликтүү тасма болсун. Театр тууралуу сурагым келип жатат, театрда азыр мыкты режиссёрлор көп элеби?

– Театрда саналуу гана режиссёрлор калды. Ошондуктан өткөндө түрк драматургу Тунжер Жүженоглунун “Аялдардын баш калкалоочу жайы” спектаклин коюш үчүн мурда бизде иштеп кеткен белгилүү режиссёр Эльвира Ибрагимованы чакырдык. Каражаттын жарымын театр, жарымын өзүбүз төлөдүк. Колдо бар алтындын баркы жок экен. Бизде иштеп жүргөн убакта аны барктай алган жокпуз, каршы чыккандар болуп кетирип салышты. Эльвира менен иштегибиз келип чакырганбыз. Аталган спектакль менен театралдык сезондун жабылышы болду.

– Театрда Бакен Кыдыкееванын ролун көп жылдар бою ойноптурсуз. Ал образды ачып берүү үчүн кандай даярдандыңыз? Бул ролго сизди тандап алышканынын да себеби болсо керек?

– Ооба, Жаныш Кулмамбетовдун “Талант жана тагдыр” пьесасында Бакен Кыдыкееванын жаш кезин ойнодум. Образды ачып бериш үчүн аны менен чогуу жүргөн актрисалардан сурадым, Назира Мамбетова эже жардам берди. Бакен эже биздин театрда иштеп калган. Анда мен декреттик өргүүдө болчумун, бетме-бет отуруп сүйлөшпөй, кулк-мүнөзүн билбей калдым. Бир караганда эженин мүнөзү менин мүнөзүмө окшошуп кетет экен. “Жаш кези да, картаң кези да жакшы чыкты” деп баары айтышты. Картаң кезин Назира Мамбетова ойночу. Бул ролду 14 жыл ойнодум, анан карыдык, жаш кыздарга өткөрүп бердим. Эми, буюрса, ал спектаклди кайра койгону жатабыз. Анда мен Бакен эженин карыган кезин ойнойм.

– Мүнөзүм окшош экен дедиңиз. Сиздин мүнөзүңүз кандай, сырттан караганда сүрдүү көрүнөт экенсиз.

– Бакен эже деле ошондой көрүнчү. Силер деле кинолордон, берүүлөрдөн көрсөңөр керек, койкоюп басып, адамга тик караганда жанындагысы тууралуу баарын көрүп-билип койгондой сезилет го. Мага да “сиз караганда эле сүйлөйүн деген адам сөзүн жоготуп коёт” дегендер бар. Барган сайын мүнөзүм жумшарып баратат (күлүп).

– Актрисалыкка кыялданып жүрүп келгенсизби?

– Ооба, мектепте окуп жүргөндө биздин класс аябай аракетчил болчу, таланттуу балдар көп болчу, өзүбүз сценарий жазып, спектакль коюп, кароо-сынактарга барчубуз. Анын үстүнө ал убакта гастролдоп артисттер көп барышчу. Алардын ойногонун көрүп актриса болгум келе берчү. 3 кесипти жакшы көрдүм. Актрисалыкты, врач жана сот болууну. Мектепти бүтүп жатканда “актриса болсом врачтын да, соттун да ролун ойнойм” деп ушул кесипти тандап алгам. Кыргыз драма театрынын алдындагы театралдык студияда окудум. Андан кийин Ысык-Көл театрында актрисалыкка орун жок болуп, костюмер болуп иштеп жүрдүм. Ошондо мени гастролдорго ээрчитип алышса, массовкага кошуп алышса ушунчалык кубанчумун. Азыркы оюм болсо башка кесипке кеткеним жакшы деп кетип калмакмын, ал кезде каалоом күчтүү болгон экен, 2 жыл иштедим ошол жакта. Андан кийин Алматыга театралдык окуу жайга тапшырайын деп барсам, “кыргыздарды албайбыз, окууну бүтүп мекенине кетип калышат экен” деп албай коюшту. Бир жылдан кийин Щепкин атындагы окуу жайга тапшырып өтүп кеттим, ошол жактан окуп келдим.

– Азыркы оюм болсо башка кесипке кетмекмин дедиңиз, кесибиңизге байланыштуу өкүнгөн учуруңуз болдубу?

– Союз тарап кеткенден кийин маданиятка такыр көңүл бурулбай калбадыбы. Кыйналган убактар көп болду. Актрисалык менен катар эле башка жумуштарда иштедим, мен кылбаган жумуш калган жок. Идиш жууп, пол жууп, торт жасап сатып, таң атпай саат 5те туруп, базарга барып жашылча, жер-жемиштерди алып келип, жатакананын алдына коюп саттым. Ошол учурда артисттердин көбү нан, бозо жасап сатып калган. Ошондо өкүнгөн убак болгон, мындан көрө врач же медайым болуп алсам, кыйналбай ийне сайып деле акча тапмакмын дечүмүн.

– Кыялданып, бирок жетпей калган ролдоруңуз болдубу?

– Андай толтура. Баары кыял бойдон калды, аларды ойной алчу курактан өтүп кеттим.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз...

– 2 балам, бир неберем бар. Улуу балам тиш дарыгери, андан сырткары Алматыдан хореография окуу жайын бүтүрүп келген. Бул жакка келип жумушка кирейин деп айлыгын сураса 3 миң сом дептир, мындан 10 жыл мурун болчу. Анан барып медициналык институтка тапшырып, тиш дарыгери болуп чыкты. Экинчи балам Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окуган. 8 жыл скрипканы окуп, 9-класска көчкөндө “мен скрипканы окубайм, сиз үчүн эле окуп жаткам” деди. Скрипка мага аябай жакчу да (күлүп). Балам болсо башынан эле трубага кызыкчу. Трубаны окуйм дегенде бир мугалими үйрөтөм дептир, бирок көп өтпөй ал каза болуп калды, эмне кыларын билбей калганда айлансындагылар “контрабаска оку” деп кеңеш беришиптир. Консерваторияда контрабасты окуду. Аны бүткөндөр аз экен, учурда Орусияда кесиби боюнча 2-3 жерде иштеп жүрөт.

– Балдарыңыз жөнүндө айттыңыз, жолдошуңузчу?

– Жолдошум менен ажырашып кеткем, 26 жыл болуп калды. Экинчи балам 6 айлык кезинде ажырашкам. Ошон үчүн жанагындай жумуштарда иштеп жүрдүм да.

– Кийин турмушка чыгууну ойлонгон жоксузбу?

– Жок, оюмдун баары эле балдарымды бутка тургузуу болду. Сунуштар болгон, билбейм, көңүлүм калганданбы, ажырашкандан кийин эркектерди дос катары гана карадым.

– Чыгармачыл адамдар сүйүүгө өзгөчө маани беришет эмеспи, жашооңузда сүйүү болдубу?

– Сүйүү болгон. Сүйүү болгон үчүн турмушка чыгасың да. Сүйүүнү бага билиш керек экен. Бир эле адамдын аракет кылганы аздык кылат экен, эки адам тең аракет кылып сүйүүнү улап кетиш керек тура. Турмушка чейинки сүйүү бөлөк, турмуш убагындагы сүйүү бөлөк. Кыз-жигит кезде кыялданып, жалаң жакшыны ойлойт экенсиң, турмуш куруп мамилеге тиричилик аралашканда уруш-талаш чыгат. Ошондой учурда сүйүүнү коргоп калыш керек экен.

– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1024, 22-28-июль, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА