КАРА-АЛМА – АРСТАНБАПТАН КЕМ КАЛБАГАН КООЗ АЙЫЛ

Түштүккө болгон сапарымда тар чөйрөдө «Кыргызстандын Швейцариясы» деп аталып жүргөн Кара-Алма айылында да болдум. Тоону өрдөй жайгашкан айыл жаңгак токойдун
кучагында жапжашыл болуп көздүн жоосун алат. Абасынын тазалыгы, ай… Кере-кере дем алып, кооздукту көргөндө көзүң жайнай түшөт. Мына ушундай кооз жерде жайгашкан айыл жана жергиликтүү элдин тиричилиги менен тааныштым. Мага айылдын активисти Табылды Омошев гид болуп берди.

Кара-Алма Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кара-Алма айыл өкмөтүнө караштуу айыл. Райондун борборунан 32 чакырым алыс.

Түтүн саны – 753

Калкынын саны 3906. Булардын 98 пайызы кыргыздар, калган 2 пайызы казак, уйгур, түрктөр

Айылда 3 мектеп, 1 бала бакча, 2 ФАП, 1 байланыш түйүнү, 2 клуб, 2 китепкана бар

Айыл элинин 93 пайызы сууну суу түтүктөрүнөн, ал эми 7 пайызы булак суусунан ичет.

“Алмасы көп болгондуктан Кара-Алма аталган”

– Айылдын тарыхы Курманбек баатырдын дооруна, болжол менен 16-18-кылымга барып такалат. Ошол заманда Кара-Алма өзөнүн бойлой журт конгон экен. Адамдар байырлаганга чейин адам буту баспаган алмасы аралаш өскөн жаңгак токой болгон. «Кара» дегендин бир мааниси – «чоң, ири, көп» дегенди билдирет. Алмасы көп жер болгондуктан «Кара-Алма» деп аталып калган дешет. Эл Арстанбап жаңгак токоюн билет да, Кара-Алманы көп биле бербейт. Кара-Алма да андан кем калбаган жаңгактуу токой.

“Токойдо каман, аюу, жоголуп бараткан кыргыз алмасы бар”

– Илгери токойдун ичинде каман, элик, кашкулак, аюу, чүткор, коён, бүркүт, түлкү, карышкыр, кыргоолдор көп болгон дешет. Адамдардын саны көбөйгөн сайын аларды кармап, ата беришип санын өтө азайтып, элик, каманды жок кылып жиберишкен. Бирок камандар былтыр кайра пайда болуп сүйүнтүштү. Аюунун саны өтө аз, алар бал издеп балчылардын бал челектерин талкалаган учурлар болот. Карышкырлар кышында айылга чейин түшүп, малга кол салышат.

Токой ичинде жаңгак, алмадан тышкары өрүк, мисте, бадам, кайың, ак чечек, долоно, айрым жерлерде бөрү карагат, кожогат жана башкалар өсөт.

Токойдо жапайы, нукура кыргыз алмасы (Недзвецкий алмасы) бар. Бишкектен биологдор жана экологдор келип изилдегенде биздин аймакта андай алма түрүнүн 13 даанасы гана калганын айтышкан. Сырты, ичи да кызыл. Даамы тааттуу-кычкыл. Аны көбөйтөлү деген тилектер ишке ашпай келет. Өсүп баратып эле куурап калат. Ушуну өстүрүү жагын биологдор бизге айтып берсе, көбөйтүп, кыргыз алмасын сактап калат элек.

Жазында токой ичинде козу карындар жайнап калат. Аны тергенге эл көп чыгат.

Токой чарбачылыгынын аймагында Эмчек-Үңкүр деген ыйык үңкүр бар. Үңкүрдүн ичинде таш бетине чегилген ар түрдүү жаныбарлардын эмчегине окшош сүрөттөр бар. Барган адам ал жерден куран окуп, дуба кылган соң ошол эмчектен Кудайдын кудурети менен суу тамчылып чыгат. Айрымдарга тамбай коёт.

Сасык-Үңкүр, Капка, Ак-Таш жайлоолорунун да кооздугу укмуш. Жаратылышыбыздын кооздугуна суктанып, Кыргызстандын ар аймагынан эл, андан тышкары чет элден туристтер да келип турушат. Суусу туптунук, муздак Кара-Алма өзөнү айыл четинен агып өтөт. Анын жээгин бойлой Кара-Алма айыл өкмөтүнүн аймагында 14 эс алуучу жай жайгашкан.

«Эл жаңгак, алма, картошка, мал менен жан багат»

– Айыл жашоочуларына иштетүүгө жер болбогондуктан жаңгак токою ижарага бөлүнүп берилген. Эл токой чарбасына ижара акысы үчүн 1 гектарга 1200 сом төгүшөт. Ошол жердин алмасын, жаңгагын жана башкасын терип алышат. Жаңгак жакшы болгон жылы 1 гектардан 1-1,2 тоннадай түшүм жыйналат. Күздө жыл сайын эл жапайы алмалардан 80-100 тоннадай алма как кургатып алып, өздөрү колдонот, ашканын сатышат. Мурун жемиштерди кайра иштетүүчү цехтер бар эле, кийин жок болду. Эми ошолорду кайра ачса элге жакшы болот эле.

Айыл эли жаңгак, алмадан тышкары мал багуу, бал челек кармоо, картошка жана сарымсак айдап, сатуу менен жан багат.

Аймактын климаты татаал. Кышта кар болбоду дегенде 40-60 сантиметр, ал эми калың жаады дегенде 1 метрдей жаайт.

Айылдагы жүрөк өйүгөн маселе – ички жолдордун абалынын начардыгы. Айыл тоону боорлой жайгашкандыктан жамгыр, сел таштак жолдорду жеп, ар жерлери уңкур-чуңкур болуп, унаа айдоого кыйын. Андыктан эл арзан унааларды сатып алып, колдонушат. Өкмөт жолдорду оңдоп берсе жакшы болот эле.

«Кыз узатуу тоюнда атасы кызынын үстүнөн акча чачат»

– Айылда уста, комузчу, ырчы жана башкаларыбыз бар. Мисалы, Тойгонбай Турусбеков аксакал жаш кезинен бери жыгач устачылык менен алектенип, ат жабдыктарын жасап келет. Куттубек Касымовдун тоок фермасы жана балык чарбасы бар. 1000 тооктон тышкары сайдагы көлмөсүндө карп, сазан, ак амур багып бизнес кылат.

Айылдагы айымдар башка жакта унутулуп бараткан олобо тамагын (өпкөнүн ичине сүт куюлуп бышырылат) жасап келишет. Жазында көк самсаны көп жасашат, ага жаңы чыккан чалкан, жалбыз, чырышты кошушат. Кыз узатуу тоюнда атасы «кызымдын жашоосу бардар болсун» деген ырым менен кызынын үстүнөн акча, тыйындарды чачкан жөрөлгө бар. Ал акчаларды тойго келгендер терип алышат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА