АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

– Макул,- деди Айсулуу. Эртеси эле Калия Айсулуу менен уулун алып тоо коюнунда жашаган табыпка жөнөп кетти. Жупуну бир үйдө, жупуну тиричилиги менен жашаган 60 жаштардагы жүзүнөн нуру тамган эркек адам аларды утурлай чыкты.

– Кандайсың, Калия? Ден соолуктар жакшыбы?

– Жакшы, өзүңүз кандайсыз, Табылды агай?

– Жакшымын, тоо коюнунда менден башка бактылуу адам болмок беле?- деди Табылды күлө карап. Көздөрү боюнда бар Айсулууну бир тиктеп өттү.

– Саламатсызбы?- деди ал кысына түшүп.

– Кел, кызым, кандайсың?

“Кызым” деген сөздөн эле Айсулуунун көздөрүнө жаш толо түштү. Атасы ушинтип айтчу эле. Негизи атасын эстебеген бир күнү да болбойт.

– Сен телефон чалганыңда эле силерге боз үйдү даярдап койгом. Кирип жайгаша бергиле. Канча убакытка келдиңер?

– Эмгек өргүү алып келдим, Табылды агай. Сиз канча убакыт десеңиз, ошончо убакыт бул жерде болобуз. Анварды да бир сыйра сиздин көз алдыңыздан өткөрөйүн дедим.

– Баатыр, кандайсың?

Табып баланы башынан сылады эле, ал түшүнүксүз сөздөрү менен бир нерселерди айтып баштады. Ошентип үчөө ушул жактагы боз үйдүн бирине жайгашышты.

Тоо коюну. Бейпилдик. Жаны кыйналып жүргөн Айсулууга бул жер бейиштей сезилди. Биринчи жолу өзүн эркин сезди, биринчи жолу тээ секелек кезиндегидей кирсиз, күнөөсүз сезди. Бир нече күн Табылды табып ага чөптөн жасалган дары-дармектерин гана берди. Эмнегедир уйкусу качып жүргөн Айсулуу дары чөптөрдүн таасириненби, же тоо коюнундагы бейпилдиктенби, аябай уктап калды. Убактысы келгенде гана Табылды табып аны өз үйүнө чакырды.

– Кел, кызым, мындай отур.

Айсулуу унчукпай көргөзгөн жерине отурду.

– Баланын кыймылы кандай?

Ичин бир тиктеп алган Айсулуу дирт эте берди.

– Билбейм.

– Сенин башыңа келген окуяны уктум, кызым. Бирок бир нерсени эсиңден чыгарып жатасың. Бул нерсенин баарына башка ким күнөөлүү болсо болсун, бирок ичиңдеги наристе күнөөлүү эмес. Бардык наристе күнөөсүз. Дүйнөгө баарыбыз таптаза келебиз. Ушундай эмеспи?

Айсулуу үн каткан жок. Бир чекитти тиктеген боюнча суз отура берди.

– Кызым?

Көзүн өйдө каратканда Табылды табыптын ага мээрим сала тиктеп турганын көрдү. Эмнегедир ушул кишини атасындай көргүсү келди. Куду атасы тургандай жүрөгү жарыла бакырып ыйлап алгысы келди.

– Сен атаңды сагындыңбы?

Айсулуу үнсүз башын ийкеди.

– Аны менен жолуккуң келеби?

Айсулуу чочуп кетти.

– Коркпо, мага ишенсең сени аз убакытка атаң менен жолугуштура алам.

– Гипнозбу?

– Силердин тилде ошентсе да болот, менин тилимде ал башка илим. Көмүскө туюмга киребиз,- деди Табылды жылмайып.

– Мен атамды көрө аламбы?

– Мага ишенсең.

– Ишенем.

– Көзүңдү жум. Терең дем ал.

Айсулуу табыптын сөзү менен аткара берди. Элесине атасы келди. Жанына баргандан коркуп жаткандай. Бирок сагынычы төгүлүп анын жанына баргысы келди.

– Атаң жаныңда, сени көрүп турат. Эми атаңа каалаган нерсеңди айт,- деди алыстан Табылдынын үнү.

– Ата...

Атасы аны карап тургандай. Бирок жакын эмес.

– Атаңа жакында. Атаңа айтайын деген сөздөрүңдү айт. Ал сени угуп жатат. Көзүнө кара да, атаңа эмне айтайын десең баарын айт.

– Ата, мен...- деп баратып ыйлап жиберди Айсулуу. Атасынын көзүнө карады. Мени күнөөлөп жатат деп ойлоду, бирок атасынын көздөрү мурункудай эле мээрим чачып турган экен. Эч нерсе болбогондой мурункудан да үзүлүп түшүп тиктеп турду.

– Айт, ичиңдегинин баарын айт,- деп жатты Табылды табыптын үнү кайдандыр. Айсулуу убакыт тартыш деп ойлоп шашып кетти. Сүйлөп баштады.

– Ата, мен баарын кеч билдим. Мен алардын кылыктарын кеч билдим. Билсем кантип эле ага турмушка чыкмак элем? Мен боюмда болуп калганда билдим. Сен үчүн өч алгым келди, бирок ага күчүм калбай калган эле. Өч ала турган кишилеримдин деле бирөө өлүп калды, экинчиси түрмөдө, үчүнчүсүнө менин кетип калганымдын өзү жаза. Ата. Бирок мен өзүмдөн кантип качып кутулам билбейм. Бул жүк менен кантип жашай алам? Өзүмдөн да өч алгым келди. Ал үчүн жүрөгүмдүн алдындагы баладан баш тартууну чечтим.

– Айсулуу?

– Ата?

– Кызым, сен кимди жазалайм деп жатасың? Жазасын алчулар алды. Мен жакшымын, сен коё бер өтмүштү. Жашооңду жакшы жаша. Балаңдан баш тартпа, анын эч бир күнөөсү жок. Эркинди да кечир. Бул окуя бүттү, мени коё бер, кызым.

– А сенчи?

– Мен жакшымын, кызым. Бул жакта бактылуумун. Мен эч кимди күнөөлөбөйм. Бирок сен бактысыз болсоң өзүмдү күнөөлөйм. Ошол үчүн мен үчүн бактылуу бол, кызым. Баарын унут. Кекчил эмессиң сен, сенде ааламга жете турган сүйүү бар. Чоң жүрөк бар. Аны жек көрүүгө толтурба. Балаңды сакта.

– Ата, мен сени аябай сагындым.

– Мени коё бер. Кызым, кийин баары бир чогуу болобуз. Сен айык.

Атасы ушунчалык мээрим берип турду. Кызынын жүрөгүнө жете тургандай, андагы жек көрүүнүн баарын алып кете тургандай мээрим берип жатты. Ошол мээримге балкыган Айсулуунун жүрөгү аздан тынчый баштады. Анан бир азда атасы андан алыстай баштады.

– Ата?

– Мен кетейин, кызым. Айткандарымды унутпа.

Анын карааны алыстап барып жок болуп кетти. Айсулуу көзүн ачса Табылды агайдын маңдайында отурган экен.

– Мен эмнени көрдүм? Бул түш беле?

– Жок, түш эмес.

– Мен атамды көрдүм.

– Атаңа жолуктурдум. Кандай сезип калдың?

Айсулуу бир топко сезимдерин талдай ойлонуп калды. Жеңилдей түшкөндөй сезди. Тим эле бирөө андан чоң бир жүктү алып койгондой жеңил.

– Жеңилдикти сездим.

– Жакшы, сен аябай кыйналып калыпсың. Бир ай бул жерде бол. Мен сенин тээ кичинеңден берки жыйылып келе жаткан ызаңды кетиргенге аракет кылам. Сен бир айдан кийин баарын кечиресиң. Атаңды, күйөөңдү, эң башкысы өзүңдү кечиресиң. Менин ыкмам менен далай адам жашоого кайтты. Сен дагы бактылуулукка жолугасың.

– Мен күйөөмдү кечиргим келбейт.

– Ай кызым, ай, көздөрүңдөн ага болгон сүйүүң төгүлүп жатат,- деди Табылды табып башын чайкай.

ххх

– Түрмөнүн дагы жакшы жери бар экен, досум, өткөн-кеткенди ойлонуп жыйынтык чыгарып отурат экенсиң,- деди Аскар Алмазга карап.

– Сотко катыштым, көп жыл берип коюшту сага...- деди Алмаз кабыргасы кайышып.

– Менимче, адилет жаза беришти. Аны кой, сыртта эмнелер болуп жатат?

– Сыртта баары эле баягы да. Байы-кедейи, алдуусу-алсызы, жан талашканы-жайбаракаты, бактылуусу-бактысызы, баары бар.

– Бир гана өзгөрбөгөн көк асман, ээ?

– Аның деле кээде булут басып кабагына кар түшүп калат,- деди Алмаз. Аскар эмнегедир каткырып күлүп жиберди. Бул жерге келгенден бери биринчи жолу чын дилинен күлдү. Күлө турган деле сөз эмес, бирок...

Аны көрүп Алмаз да жылмайды.

– Сен менин заказымды жасадыңбы?

– Кайсы?

– Бешикчи, небереме деген бешик...

– Аа, жасадым. Мына сага сүрөткө тарта келгем.

Тыпыйган арчадан жасалган сонун бешик. Ары карап-бери карап эч кынтык таппай койду Аскар. Чын дилинен досуна ыраазы болду.

– Ай, азаматсың! Өзүм жасагандай ырахат алдым. Жаман досуң өлсө сөөгү ыраазы сага.

– Аны койчу, мен бул бешикти кимге жөнөтөм?

– Эркинге?

– Хм, макул, Эркинге чалайын.

– Жок, коё турчу, шашпа, биринчи сүйүнчү келсин,- деген Аскар азыр небересин көрчүдөй карбаластап сүйүнүп алды.

– Эркин сөзсүз мага кабар берет. Ошондо анын баласына арнап жасатканымды айтам. Сюрприз жасайбыз, досум!

Алмаз аны аяп тиктеп турду. Өз учурунда бул бакыт экенин бааласа бул жерде болбойт эле го.

– Баса, сага дагы бир өтүнүчүм бар.

– Ии?

– Бир аял бар...

– Ой, эргулум, ушул жерден да аял дейсиң го, чиркин!

– Жок, сен ойлогондой эмес, бул кайын энем. Кыскасы, Маралдын апасы. Жакшы адам байкуш, ошол жашоодо жапжалгыз калды. Сен андан алыстан болсо да кабар алып турчу. Карыган неме азык-түлүк ташый албай калабы, дары-дармек керек болобу? Жалгыз кызы каза болуп калды. Азыр сага дарегин жазып берем.

– Макул.

Аскар Алмаз досу менен кучакташып коштошту. Жашоодо жок дегенде жакшы дос күтүп койгон экен.

ххх

Эркин Айсулуунун эшигин кайтарганы менен, күндөр бою чыккан жок. Коңшуларынан анын бир жакка кеткенин, колунда чемоданы бар экенин, орто жаштагы аял менен кеткенин укту. Жинди болуп кете жаздады. Ушул боюнча уулун да көрбөй калчудай коркунуч мээсин сыгып жатты. Кайдан издейт? Эч бир изи жок. Тилек деген байкеси бар эле деп анын үйүнө барды, ал дагы кабарсыз экен. Альфияга барды.

– Айсулууну издеп жүрөм.

– Ал Ошто.

– Эмнеге Ошто?

– Туугандарыбыз бар эле, ошол жакка жөнөттүм.

– Ким ал, дарегин бере аласызбы?

– Жок, Айсулуу сенден качып кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА