Сулуулугу, өзүн алып жүрүүсү, жашоо образы, жашоого болгон көз карашы менен суктандырды бул айым. 46 жашында Түштүк Кореяда өткөн сулуулар сынагына катышып, өзүнөн жаш кыздардын арасынан суурулуп чыгып биринчиликти багындырган мекендешибиз Рахат Шарипова менен маектештим.
– Рахат айым, саламатсызбы? Жеңишиңиз менен куттуктайбыз! Бул сынакка кандайча катышып калдыңыз?
– Саламатсыздарбы, рахмат. Мага сынакка катышууну сулуулар сынагын уюштуруп жүргөн Рыскүл Намазбекова сунуштап калды. Ойлонуп, өзүмдү сынап көрөйүн дедим. Алгач Түштүк Кореяда "Missis Universe – 2021" ("Аалам сулуусу – 2021") сынагына катыштым. Бул сынак пандемиянын айынан 3 жолу жылдырылган. Быйыл 23-30-июнда Түштүк Кореянын Йосу шаарында өтүп, ага 110 айым катышты. Өзүмдү күчтүү сезген жокмун. Анткени жалаң супсулуу, күчтүү айымдар катышышты. Бул сынакта топ-25ке кирдим. Демөөрчүлөр бир гана айымга таажы кийгизишти, ал айым мен болдум. Мени ошол жерден калыстар тобунда отурган сынактын демөөрчүлөрү Сеулда өтө турган “Ms. World оf Korea” сынагына чакырышты. Бул сынакка 30 айым катышты. 13 айым финалга чыктык. Бардык катышуучулар менден жаш болгондуктан абдан толкунданып, катышпай кетип калгым келди. Сөз берип койгонум үчүн катыштым. Кыргызстанды уят кылып койбоюн деп абдан кабатырландым. Корей тилин билгеним артыкчылык болду окшойт. Өзүмдү корей тилинде тааныштырып жатып "бир уулдун апасымын, 2 неберенин чоң энесимин" дегенде баары таң калышты. Атаандаштарым 23төн 35 жашка чейинкилер болчу, баары бойдок эле. 1 эле корей катышуучусу 3 баланын энеси экен, ал дагы менден жашыраак. Биринчи орунга ээ болдум. Күткөн эмесмин, таң калдым. Калыстардан, уюштуруучулардан кандайча мындай болуп калды деп сурап жаттым. Бардыгы “сулуу экенсиз, фигураңыз жакшы экен, балаңыз, неберелериңиз бар болсо дагы, 46 жашта болсоңуз дагы аябай жаш көрүнөт экенсиз” дешти. – Буга чейин сулуулук сынактарына катышкансызбы?
– 2015-жылы “Кыргызстан периси” сынагына катышып, “Эл сүймөнчүгү” наамына ээ болгом. – Жеңүүчү болом деген ишенич бар беле?
– Андай ишенич жок болчу. "Missis Universe – 2021" сынагында аябай супсулуу, жаш айымдар көп болчу, катышуучулар да көп болгон үчүн топ-25ке кирем деп да ойлогон эмесмин. Улуттук кийимчен чыкканда көйнөгүмө калыстардан да, көрүүчүлөрдөн да кызыгуу көп болгонун байкадым. Кече көйнөктөрдү көрсөткөндөн кийин “сахнанын артында күтүп тургула” деди. Сахнадагы сөздөрдү уккан жокмун, бир маалда эле “Кыргызстан” деп мени издеп калышты. Чыга калсам таажы кийгизип, диплом берип, демөөрчүлөрдүн сыйлыгын тапшырышты. Бир маалда кайрадан чакырышты. Көрсө, топ-25ке кириптирмин. Аябай толкундандым. Экинчи сынакта биринчиликти алганыма башында такыр ишенген жокмун, Корея ЖМКларынын жаңылыктарына чыкканда гана ишендим. Аябай кубандым. – Сулуулук сынактарында атаандаштык күчтүү болот эмеспи, бул жолу деле ошондой болдубу?
– “Missis Universe” жаш кыздардын сынагы эмес, ошондуктан анчалык деле атаандаштык болгон жок. Катышуучулар достошуп кеттик. Көп дос таптым. Эстониядан келген кыз менен чогуу жашадык. Ал буга чейин мындай сынактарга катышып жүрүптүр, мага жардам берип жатты. Украинадан келген кыздар менен достоштум. Кыргызстан тууралуу видеоролик тартып баргам. Аны көргөндөн кийин “Кыргызстанга баргыбыз келип жатат” дегендер көп болду. Сингапурдан келген айым “Google’дан карадым, Кыргызстан аябай кооз жер экен, баргым келип калды, сен да бизге конокко кел” деди. Атаандаштыкты сезген жокмун.
– Өзүңүз тууралуу кенен айтып берсеңиз.
– Мен 1976-жылы 28-июлда Бишкекте төрөлгөм. Атам Ысык-Атадан болот, апам Орусияда төрөлгөн, казак кызы. Үй-бүлөдө 6 кызбыз. Махабат деген түгөйүм бар. Ал 5 баланын апасы. Бир уулум бар, ал 2 жашында атасы менен ажырашып кеткенбиз. Учурда 3-неберемди күтүп жатам. Азыркы тапта Корей косметикасынын Кыргызстандагы расмий дилери болом.
– Түштүк Кореяга окууга кантип барып калдыңыз эле? Ал жактан эмнелерди үйрөнсөк болот?
– 2003-жылы корей тилин үйрөнөйүн деп Түштүк Кореяга баргам. Сеулда жайгашкан Ёнсе университетинде корей тили факультетинде 2 жыл окудум. Бул өлкөдөн көп нерсени үйрөнсөк болот. Корейлер жоопкерчиликтүү болушат. Кыргызстан менен Түштүк Кореянын айырмасы чоң, алар бизден 30-40 жыл алдыда.
– Чындыгында абдан жаш көрүнөт экенсиз, өзүңүзгө кандай кам көрөсүз?
– Жашым 46да десем Түштүк Кореяда деле эч ким ишенбейт, таң калышат. Ал жакта өздөрүн жакшы карап, жаш көрүнүшөт да, корейлер “жаш көрүнөсүз” десе абдан кубанам. Менин жаман адаттарым жок, спирт ичимдиктерин ичпейм, тамеки чекпейм, спорт менен машыгам. Диетага отурбайм, ден соолукка зыяндуу тамактарды жебегенге аракет кылам. – Кандай кайнене, кандай чоң эне болуп жатасыз?
– Кайнене боло албайт экенмин. Балам менен келиним өзүнчө жашашат. Келиндин колунан чай ичиш керек, келин кайненеге кызмат кылышы керек дегенге каршымын. Адам биринчи кезекте өзүн карашы керек, келиндин да өз жашоосу болушу зарыл. Биз бирөөнүн сөзү менен жашайт экенбиз. Балаң жаныңда болуш керек, келин чай куюп, тамак жасап бериш керек деген сөздөрдөн улам башында чогуу жашап көрдүм. Жашай албайт экенмин. Келиним менен мамилебиз жакшы, өз кызымдай жакшы көрөм, бири-бирибизди сагынышып турабыз. “Силерге баратам, тамак жаса” дебейм. Алардын үйүнө барайын дегенде чалып “тамак барбы же тамактанып барайынбы?” деп сурайм, “2 бала менен жетишпей калдым” десе, маселе жок, көчөдөн тамак ичип бара берем, экөөбүз сүйлөшүп отуруп, балдар менен ойноп кете берем. Келиним менен сый-урматта жашайбыз. Неберелерим менен бир жумада бир көрүшүп турам.
– Сынактан жеңгениңиз жакындарыңызды да абдан сүйүнтсө керек?
– Сынак түз эфирде берилди, жакындарым көрүп турушту. Эжелерим толкунданып кубанышты, ыйлашты. Балам да кубанды. Кыргызстанга келсем туугандарым шарларын көтөрүп алып аэропортто күтүп турушуптур. Мындай колдоону күткөн эмесмин, аябай жагымдуу болду. Апамдын өтүп кеткенине 5 ай болду. Менин колумда болчу, апамдын жоктугун билдирбейли деп чогулуп мени кубандырышты окшойт.
– Жакынкы пландарыңыз кандай, ар кандай сунуштар түшүп жатыптыр...
– Ооба, Вьетнамдан модель болуп иштөөгө, Түштүк Кореядан корей косметикасынын модели болууга сунуштар түштү, ойлонуп жатам. 5-6 күн мурун Болгариядан чалышып, “сиздин чоң эне экениңизди билип таң калдык. Жаш көрүнөт экенсиз. “Дүйнөдөгү мыкты чоң эне” деген сынакка катышпайсызбы. Сиз биринчиликти алсаңыз, ал сынакты эмки жылы Кыргызстанда өткөрөбүз” деп чакырышты. 2023-жылы январда болот экен. Ошону да ойлонуп жатам.
– Сонун. Ийгиликтер болсун! Сиз менен сыймыктанабыз!
Перизат Музуратбекова