17 жаштагы кызды ала качуу: АТА-ЭНЕ КЫЗЫН “ОТУРАСЫҢ” ДЕП МАЖБУРЛАГАНБЫ?

Ала качуу – кылмыш экенин коомдун бир бөлүгү дагы деле моюндагысы келбей жаткан сыяктуу. Июнь айында ала качуунун курмандыгы болгон Алтынайдын (аты-жөнү өзгөртүлдү) кейиштүү окуясы коомчулукка жарыяланып, көпчүлүк жапа тырмак Алтынайга моралдык да, каржылык да жардам көрсөтүп жаткан убак. Кызыгы, ала качкан жигитке турмушка чыгуудан баш тартып, үйүнө келген кыздан ата-энеси да баш тартып койгон. Окуянын чоо-жайын Алтынайдын расмий өкүлү Мунара Расулова айтып берди.

“БАЛАМДЫ ТОГОТПОГУДАЙ СЕН КИМСИҢ ДЕП САБАГАН”

– Жабырлануучу Алтынай 17 жашта, ата-энеси менен Кара-Балта шаарында турушчу экен. 10-июнь күнү кыз Бишкектеги эжесиникине конокко келип, ооруп калат. Дене табы бир аз түшүп өзүнө келгенде дары алганы көчөгө чыкса Кара-Балтадагы кошунасынын баласы унаа менен баратыптыр. Алтынайды көрүп “кел, отур, жеткирип коём” дейт. Кыз отурбай коёт. Жигит “атаң баштык салып жиберди эле, албайсыңбы” деп алдаганда кыз ишенбей кетип калган. Алтынай жакшы болбой, дем алуусу кыйындай баштаганда эртеси дагы дары алганы көчөгө чыгат, баягы кошунасынын баласы дагы жолугат. Бул жолкусунда жигит “атаң катуу ооруп жатат, жүрү жеткирип коём” деп алдайт. Жигит ишенимдүү сүйлөгөндүктөн Алтынай ишениптир. Унаанын терезеси караңгылатылган экен, жолдон жигиттин достору унаага түшүшкөн. Ошондо Алтынай аны ала качып баратканын түшүнөт, каршылык көрсөтүп унаадан түшкөнгө аракет кылганда оозун жаап, көптөп кармап калышкан. Кыз бир мүнөт да тынч отурган эмес, каршылык көрсөткөн. Колдору тытылып, алыша берип колунда көк ала тактар калган. Орто жолдо унаалары бузулуп калып, кызды такси жалдап алып кетишет. Алтынай таксисттен да жардам сураган, бирок жигит менен достору “өзүбүздүн маселени өзүбүз чечебиз, айдай бер” деп аны ордуна коюшкан. Жигит кызды ала качып үйүнө алып келгенде ортого келин-кесек, жигиттин апасы аралашып отургуза алышкан эмес. 17 жаштагы кыз жалгыз ошончо адамга туруштук берип каршылык көрсөтүп турганы – эрдик. Ачуусу келген жигиттин апасы “сен ким элең менин баламды тоготпогудай” деп сабап баштаган.

“ҮЙҮНӨ БАРГАН КЫЗДЫ АТА-ЭНЕСИ КАБЫЛ АЛБАЙ КОЙГОН”

– Жигиттин үйүндө 5-6 саат “отурбайм” деп чыр салганда артынан кыздын атасы, энеси келип “жашайсың, отурасың” деп мажбурлап кетишиптир. Алтынай “апа, мени сабашты, тумчуктуруп унаа менен алып келишти” деп даттанайын дегем бирок, менин абалымды атам да, апам да сураган жок. Ошонусуна күйүп кеттим” деди. Алтынай чарчап калганда жигитке “кол телефонумду алып келип берсең отурам” дептир. Унаа менен алып качып келе жатканда кол телефонун колунан жулуп алып коюшкан экен. Жигит сынык телефонду Алтынайга бериптир, экрандын сыныгына карабай эптеп Москвадагы сүйлөшкөн жигитинин номерин таап, “мени куткар” деп чалганга жетишет. Ал сүйлөшкөн жигити Кыргызстандагы досторуна айтып милиция чакыртышкан. Милиция кызматкерлери кыздын көрсөтмөсүн алып, кызды Кара-Балтадагы ооруканага алып барып коюшуптур. Эртеси ооруканадан чыгып каякка барарын билбей үйүнө барса короодо ата-энеси менен чогуу ала качкан кошунасынын ата-энеси туруптур. Ошондо атасы “сен ажырашкансың, эмнеге милиция чакырасың” деп кызды үйүнөн кууп салган. Алтынай Бишкектеги эжесиникине келип 1-2 күн жашайт, жездеси “биздин үйдө сендей ажырашып келгендерге орун жок” деп айтат. Аргасы түгөнгөндө кыз кимдир бирөөлөр аркылуу коомдук фонддорго кайрылган.

Бул жерде ата-эненин кайдыгерлигин көрүүгө болот, баласын коргобой, тескерисинче, зомбулук көрсөткөн тараптын таламын талашканы көбүн таң калтырды. Мыйзамда бала 18 жашка чыккыча ата-эненин жоопкерчилигинде. Баамымда, Алтынайдын үй-бүлөсү начар турушат, кыздын 9-класстык билими бар, 1 жыл Москвада бала багып иштеп келиптир. Жакшы көргөн жигити менен ошол жактан таанышкан экен. Алтынайдын дагы 4 бир тууганы бар. Менимче, ата-энеси “кызыбыз тыңгылыктуу жашасын” деп кошунасына күйөөгө берип, анын түйшүгүнөн кутулалы деген окшойт.

“ЧАЧТАРАЧ БОЛУП ИШТЕП, БАКТЫЛУУ ЖАШАГЫСЫ КЕЛЕТ”

– Алтынайдын абалы учурда жакшы, бирок күн сайын коркунучтуу, айнеги караңгылатылган автоунаалар, оозун жаап жаткан колдор түшүнө кирип жатыптыр. Биз бул маселенин юридикалык жагын эмес, кыздын психикалык, социалдык абалын жакшыртууга аракет кылып жатабыз. Кыз чачтарач болуп иштеп тажрыйба топтогон экен, ошол кесипти жөндөп кетсем деген тилеги бар. Элден Алтынайга иштөө үчүн фен, плойка, гофре, фартук, брашинг, шампунь, пульверизатор шаймандарын сурап кайрылганбыз. 9 чачтарачтан “бизде иштесин, мүмкүнчүлүк түзүп беребиз” деп кыздар чалышты. Дагы бир кыз “чач боёгонду үйрөтөм, окуу курсу бекер болот” деп байланышты. Ушул сунуш Алтынайдын өзүнө да жагып жатат. Учурда Алтынай Ысык-Көлдө лагерде эс алууда. Ала качкан балага карата доом жок деп арыз жазып берди. “18ге чыкканда жакшы көргөн жигитиме турмушка чыгып, өз кесибим менен иштеп, жашоомду жаңы, таза барактан баштагым келет, эч кимге таарынбайм, кек сактабайм” дейт ал.

СВЕРДЛОВ РИИБи: “АЛА КАЧУУГА ШЕКТЕЛГЕН 25 ЖАШТАГЫ ЖАРАН КАРМАЛДЫ”

– 11-июнь күнү адам уурдоо фактысы менен Свердлов РИИБине маалымат келип түшүп, жабырлануучу 2005-жылы туулган А.З. болуп чыкты. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин 2-бөлүмү (никеге туруу максатында адамды ала качуу) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө, изилдөө, комплекстүү иш-чаралардын жүрүшүндө Свердлов
РИИБинин кызматкерлери кызды ала качууга шектүүнү, 1997-жылы туулган М.Тны, кармашып милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Учурда тергөө иштери уланууда.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан