ДҮЙНӨДӨГҮ ӨЗГӨЧӨ РЕСТОРАНДАР

Дүйнө жүзүндөгү кирешелүү бизнестердин бири – бул коомдук тамактануу жайлары. Алардын арасында адамдардын көңүлүн өзүнө бурган өзгөчө форматтагы ресторан, кафелер дагы бар. Мына ошондой көз жоосун алган, дүйнө элин таң калтырган эң алдыңкы ресторандар тууралуу сөз кылабыз.

Шаркыратмадагы ресторан

Суу үстүндөгү өзгөчө тамактануучу жай болгон "Лабазин шаркыратмасы" рестораны Филиппиндин Сан-Пабло шаарында жайгашкан. Лабазин Булакин дарыясынын куймасындагы жасалма шаркыратма болуп саналат. Бул жер бир эле учурда табияттын кооздугуна суктанып, куштардын сайраган, суунун шаркыраган үнүн угуп ырахаттануу менен тамактанууга шарт түзөт. Ошол эле учурда элдик музыканын жумшак обондоруна бийчилер бийлеп турушат. Бул ресторанга кирердин алдында бут кийимдерди чечип коюу абзел. Анткени шаркыратмадан агып түшкөн суу ресторандын полу катары кызмат кылгандыктан, жылаңаяк суу кечип жүрүүгө туура келет. Суу астындагы айрым таштар тайгак болуп калгандыктан дыкаттыкты талап кылат. Бамбуктан жасалган столдор шаркыратмага абдан жакын жайгашкан, суунун чачыраган илеби келип турат. Көпчүлүк коноктор бул жерге атайын сергүү үчүн келишет. Филиппиндин ысык климаты бул жайдын популярдуулугун арттырат. Салкындап, шашпай отуруп жергиликтүү ашканадан, экзотикалык жемиштерден даам сызууга болот.

“Бактагы сары үй”

Жайлуу, ыңгайлуу, кооз, жомоктогудай жерде отуруп тамактангыңыз келип жүрсө, анда сизди өзгөчө, кадимки канаттуунун уясын элестеткен ресторан менен тааныштырабыз. Бул "Бактагы сары үй" рестораны Жаңы Зеландиянын Окленд шаарында жайгашкан. Бул жай конокторду даамдуу тамак-ашы жана оригиналдуу ички жасалгасы менен гана эмес, дарактын үстүнө өзгөчө курулганы менен кызыктырат. Адаттан тышкары курулган бул ресторан Жаңы Зеландиянын белгилүү эки архитектуралык компаниясы тарабынан иштелип чыккан. Стилдүү, чакан ресторан жерден 12 метр бийиктикте жайгашып, аянты 9 чарчы метрди түзүп, 18 кишиге ылайыкташтырылган. Түзүмү секвойя дарагынын калың сөңгөгүнө оролуп, алп куштардын уясын элестетет. Бактын үсүндөгү бул курулуш атайын жыгачтар менен аралары ачык болуп курчалып, жаратылышты карап отурууга шарт түзүлгөн. Уникалдуу жайгашкан жери, таза абасы, кооз жаратылышы менен Окленддеги эң белгилүү жерлердин катарын толуктаган бул жайга туристтер гана эмес, жергиликтүүлөр да ашыгып барышат.

“Асманда түштөнүү” рестораны

Жерден 50 метр бийиктиктеги “Асманда түштөнүү” аталышындагы ресторан Бельгиянын Брюссель шаарында жайгашкан. 22 конокко ылайыкташкан, 4 кызматкер тейлөө кызматын көрсөтөт. Алар: официант, ашпоз, коопсуздук кызматкери жана музыкант. Атайын жасалган отургучка отургандан кийин коопсуздук курлары кылдаттык менен байланат. Андан соң кран менен асманга көтөрөт. Бул ресторанды кран бара ала турган кайсы жерге болбосун алып барып уюштуруп бере алышат. Коноктор бийиктикте концерт көрүүнү кааласа экинчи кранга илинген платформада ырчылар, музыканттар көтөрүлүп концерт тартуулай алышат. Платформаны бир нече саатка ээлөө үчүн жок дегенде 20 миң АКШ долларын төлөөгө туура келет. Кымбаттыгына карабай бул ресторан ачылган күндөн элдин кызыгуусун арттырган. Азыркы тапта мындай ресторандар Европанын башка шаарларында болсо дагы, Бельгиядагы ресторан популярдуу бойдон кала берген.

Дүйнөдөгү эң кичинекей «Куаппи» рестораны

Дүйнөдөгү эң кичинекей ресторан Финляндиянын Ийслами шаарында жайгашкан. Бул жыгачтан жасалган кичинекей үйдү алыстан көргөндө эч ким дүйнөдөгү эң кичинекей ресторан деп ойлобойт. Бирок бул жай 1994-жылы "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Ресторандын жалпы аянты 8 чарчы метрди түзсө, ашканасы 3,6 чарчы метрди түзөт. Конок үчүн бир гана чакан стол жана эки отургуч бар. Сыртта терассада дагы эки кишилик орундук бар. Бул ресторан жайында гана, июнь-август аралыгы иштейт. Башта темир жол катчысы үчүн курулган бул жер учурда дүйнөгө белгилүү ресторан. Бул жерде отуруп тамактануу, албетте, эсте каларлык болсо керек, сизден башка эч ким жок, сиз үчүн гана кызмат көрсөтүлөт дегендей. Бирок бул жерде тамактануу үчүн күн мурунтан жазылып коюу шарт. Ызы-чуусуз, өзүнчө отуруп тамактанганды сүйгөндөр "Куаппини" сөзсүз жактырышса керек.

«Аль-Махара» рестораны

«Аль-Махара» Дубайдагы Бурж-Аль-Араб мейманканасынын биринчи кабатында жайгашкан. Ресторан ири аквариум менен курчалган, ичинде балыктын 50дөн ашык түрү бар. Дүйнөдөгү эң алдыңкы ресторандардын катарында. Өзүнүн деңиз азыктары менен кардарларын көбөйтө алган. Атактуу ресторанга түштөнүү оңойго турбайт, алдын ала буюртма бербесе, бош столдор дээрлик болбойт. Кызмат көрсөтүү эң жогорку деңгээлде. Минтип белгилүү болуштун сыры, биринчиден, мыкты даамдар болсо, экинчиси майда-чүйдөсүнө чейин кылдат ишке ашырылган жасалга. Аквариум столдорду бойлой созулуп жатат. Бул жер көбүнчө романтиканы сүйгөн түгөйлөр үчүн ылайыкташкан. Деңиз жандыктарына суктанып отуруп тамактанууну каалагандарга "Аль-Махара" рестораны ыңгайлуу шарт түзүп берет.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1025, 25-июль - 4-август, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан