ЧИЛИ – МӨҢГҮ, ЧӨЛ, ЖАНАР ТООЛОРДУН МЕКЕНИ

Чили дегенде өлкөнү да, ачуу калемпирди да элестетебиз. Бирок экөөнүн мааниси эки башка. Чили өлкөсүнүн аталышына келсек, «чили» Чилиде жашаган кечуа индейлеринин сөзү, бизче «чек», «суук, муздак» дегенди билдирет. Ал эми ачуу чили калемпирин билдирген «чили» сөзү Америкада (негизинен Мексикада) жашаган науа индейлеринин сөзү, «кызыл» дегенди билдирет. Бирок өлкөнүн картасын карасак, чили калемпирине окшоп узун, сүйрү болуп жайгашкан. Мына ушул өлкөгө саякатка чыгып, тарыхы, элинин тиричилиги, жаныбарлары жана башкалары менен таанышалы.

Аянты (Чили Антарктидасынан тышкары) – 756 102 чарчы чакырым. Чили Антарктидасы 1,25 миллион чарчы чакырым Борбору – Сантьяго

Ири шаарлары – Сантьягодон тышкары Вальпараисо, Консепсьон Ла-Серена, Темуко, Ранкагуа жана башкалар

Калкынын саны – 18 896 684 (2020-жыл, июль)

Расмий тили – испан

Башкаруу формасы – президенттик республика

Дини – католик (80 пайыз), протестант (13 пайыз) жана башка

Акча бирдиги – чили песосу (1 сом – болжол менен 11,05 чили песосуна барабар)

Архипелаг менен аралдарга бай

Чили – Түштүк Америкада Тынч океан менен Анд тоолорунун ортосундагы аймакты ээлеп, түндүктөн түштүктү көздөй жайгашкан өлкө. Дүйнө боюнча эң узун созулуп жайгашкан өлкө болуп саналат. Өлкөнүн жээк сызыгы 6435 чакырымды, кургактыктагы чек арасы 6339 чакырымды түзөт. Батышынан Тынч океан, чыгышынан Аргентина, түндүгүнөн Перу, түндүк-чыгышынан Боливия менен чектешет.

Өлкө түштүк тарабындагы деңиз жээктериндеги көптөгөн аралдарга ээ. Алардын эң чоңу – майда-чоңу болуп 40 миңдей аралдардан турган Оттуу Жер архипелагы. Ошондой эле Чилиге өлкөнүн чегинен алыс Тынч океанда жайгашкан Хуан-Фернандес жана Ислас-Десвентурадас архипелагдары жана Пасха аралы таандык.

Испандар жергиликтүү индейлердин жарымын кырып салышкан

Чилинин тарыхы өлкөдө эл отурукташа баштаган мындан 13 миң жылдан мурун башталат. Испандар басып киргиче Чилинин түндүгүндө индейлердин кечуа жана аймара эли, борбордук бөлүгүндө мапуче, түштүгүндө алакулуф, яган эли жашаган. XIV кылымдын башында өлкөнүн түндүк жагын инктер басып алышкан. Борбордук бөлүктө жашаган мапуче эли айыгышкан каршылык көрсөтүп, баш ийбей койгон.

1535-1550-жылдары испандык конкистадорлор өлкөнүн айрым аймагын басып алышып, бир нече шаарды негиздешет. Инктер басып алган жагын испандыктар оңой эле багынтышат. Мапуче элин басып алуу үчүн айыгышкан согуш жүргүзүшөт. 1958-жылы испандар менен мапуче элинин мамилесин жөнгө сала турган алгачкы мыйзам чыгарылат. Бул испандардын индейлерге зулумдук менен мамиле кылуусунан, индейлердин азаюусунан келип чыккан.

Колонизация башталгыча Чилиде 1 миллион индей жашаса, 1590-жылы алардын саны согуштардын айынан 549 миңди гана түзгөн. Испандар Чилиден өздөрү самагандай кымбат баалуу металлдарды табышкан жок, бирок колонизация айыл чарбасын өстүрүүгө түрткү болду. Буудай, таруу, кара куурай, жүзүм өстүрүлүп, кой, уй багыла баштайт.

XVIII кылымда жез өндүрүлө баштайт. Муну менен Чилиде экономиканын негизи жаралат. Сырттан келгендер жергиликтүү адамдарга баш байлап, метистердин саны көбөйөт. XIX кылымдын башында метистер калктын 80 пайызын түзгөн.

1818-жылы Чили көз карандысыздыкка ээ болгон.

Чили табигый селитра запасына, андан тышкары темир кендерине ээ. Күкүрт, марганец, молибден, сымап, цинк, мунай, көмүр, туз, гипс да өндүрүлөт.

Улуу Чили жер титирөөсү 6 миңдей адамдын өмүрүн алган

Өлкөдө жанар тоолор көп болгондуктан жер титирөөлөр көп катталат. Улуу Чили жер титирөөсү 1960-жылы 22-майда болуп, күчү 9,3-9,5 баллга жетип, 5700-6000дей адамдын өмүрүн алып, 100 миңдеген адамды үй-жайсыз калтырган.

Чилиде жылдын жарымынан көбүндө асманында булут жок, ачык болгондуктан мында дүйнөдөгү эң ири эл аралык обсерватория орнотулган.

Өлкөнүн түндүгүндө Атакама чөлү жайгашкан. Ага ондогон жылдар бою жаан жаабайт. Кокус жаап калса чөл гүлдүү килемге айланып чыга келет. Гейзерлер өрөөнүндө таңкы саат бештерде ысык суулар асманга карай атылып, кооздук пайда болот. Патагония аймагында миңдеген жылдар бою шамал жана жаан-чачындардын таасиринен жаралган укмуштай көрүнүштөгү үңкүрлөр бар. Пунта-Аренас шаарынан учакка отуруп, Антарктикага жетсе болот.

Жалпысынан Чилинин табияты таң каларлык ар түрдүү. Башкача айтканда, мөңгү жана жүзүм плантациялары, чөл менен шар аккан дарыялар, жанар тоолор жана өрөөндөр, аскалуу ичке капчыгайларды жолуктурасың.

Киви, авокадо экспорттоо боюнча алдынкы орунда

Буудай, жүгөрү, сулу, картошка, рапс, күрүч, спаржа, артишок жана башкалар өстүрүлөт. Өлкөдө өстүрүлгөн жемиштин 60 пайызы чет өлкөлөргө сатылат. Жүзүм жана черника экспорттоо боюнча дүйнөдө 1-орунда, авокадо экспорттоо боюнча 2-орунда, киви экспорттоо боюнча 3-орунда турат. Чилиде шарап өндүрүүчү 9000 ишкана бар. Токойлорго бай болгону үчүн экспортко кагаз, жыгач да чыгарат.

Жаныбар, канаттууларга бай

Чилиде жаныбарлардан лама, пума, анд жана чили мышыгы, шиншилла, нанду, фламинго, магеллан пингвиндери, кондор, тоту куш, деңиз чайкасы, колибри жана башкалар жашайт. Тоо дарыяларынан форель балыгына аң уулашат жана экспорттошот.

Ашканасы

Ашканасынан индейлер, испандардын тамактарынан тартып европалыктардын тамагына чейин жолуктурасың. Жашылча-жемиштерден тышкары балык, рак, креветка, жүгөрү жана анын уну, шарап көп колдонулат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1034, 30-сентябрь-6-октябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА