АК+КАРА (балеринанын тагдырын талкалаган ата-баланын баяны)

(Башы өткөн сандарда)

Түрмөдө отуруп, өмүрдүн чагылгандай тездигин байкады Аскар. Ал эми өзү өмүр бою жашачудай жашаптыр. Дегеле өлбөчүдөй сезчү экен өзүн. Көп учурда ойго чөмүлүп үн катпай бир чекитти тиктеп отурчу болду. Ден соолугу темир тор артында күндөн-күнгө кетилип бара жатты. Ал муну билчү. “Убактым келгиче кечирим сурай турган адамдарымдан сурап калайын, кимдин көңүлүн оорутсам ошолорго жакшы мамиле жасап калайын” деп жан талашып жатты. Түрмөгө аялы Сүйүндү чакыртып алды. Сүйүн анын кебетесинен эле ооруп калганын билди. Адатынча үстүнө үйрүлүп түшө калды.

– Мынча эмне сапсары болуп, дарыларыңды ичип жатасыңбы? Сени ооруканага которуш керек. Эркинге айтайын.

Аскар башын чайкап “отур” дегендей жаңсады. Сүйүн отуруп калды.

– Жакшыбы баары, кыздар, неберелер кандай, Эркин эмне кылып жатат?

– Жакшы, баары эле жакшы. Карыздардан кутулуп жатабыз акырындап, компанияны бутуна тургузабыз деп иштеп жатабыз Эркин экөөбүз.

– Хм, жакшы. Силерге ишенгем. Өзүң кандай?

– Жакшы.

Сүйүн буга эмне болгон дегендей таң кала берди. Көздөрү бир башкача муңдуу.

– Сени эмнеге чакырды дебейсиңби?

– Ии?

– Акыркы жолу көргүм келди сени...

– Эмнеге акыркы? Кайдагыны айтпачы...

– Ден соолугум жакшы эмес, Сүйүн. Бир күндө эки жолу жүрөгүм кармады. Мен да түбөлүк жайыма кетет окшойм.

– Койчу, ай...

– Өлбөгөн адам барбы, баарыбыз өлөбүз, өлүмүмдөн трагедия жасагым келбей эле турат. Бирок мен тирүүмдө талкалап бырын-чырын чыгарган тагдырлардын ээсинен кечирим сурагым келип жатат. Мени кечир, Сүйүн. Эң көп сенин алдыңда күнөөлүүмүн. Айланып келип карасам мени сенден артык сүйгөн адам болбоптур. Бирок мага аз болчу. Мен өзүм да билбей, канаттарым күйүп кеткиче бир нерсени эле издеп жүрө бериптирмин. Сага жакшы күйөө, балдарга жакшы ата боло албадым. Баары мен үчүн болду. Көөп кеткенде көзүмө эч нерсе көрүнбөй калбадыбы, бирок ушуга да шүгүр. Эркин мени кечирди. Кыздар да убагы келгенде мени кечирет болуш керек. Эң негизгиси, сен мени кечир, Сүйүн. Ушунчалык суранам, мени кечирип кой. Сенин кечиргениңди сезип туруп кетсем, анда менин арманым болбойт.

Аскар ыйлап жиберди. Көздөрү менен жалынып, жалбарып турду. Эгерде Сүйүн кечирсе эле тиги дүйнөдө тынч уктай тургандай сезилди. Сүйүн эмне дээрин билбей калды. Көздөрүнөн өзүнөн-өзү жаш агып жатты, ушунча жылдан бери таарынычы ошол жаштар менен агып кеткендей болду. Экөө тең ыйлап жатышты. Эмнеге ыйлап жатышканын деле билишкен жок. Бир өмүрдө чогуу жашап, бала өстүрүп, акыркы аялдамада гана бирин-бири түшүнүп, бирин-бири аяп, бирине-бири жаны ачып ыйлап жатышты көрүнөт. Сүйүн бир топто өзүн колго алды.

– Аскар, мен сени кечирдим! Чын дилимден кечирдим. Ойлосом, мен сени эбак эле кечирген экем. Бирок аны өзүм да билбептирмин. Азыр так билдим. Сен өтө жаман адам эмес болчусуң. Жакшы жактарың бар эле, бирок өзүң айткандай, эмне издеп жатканыңды билбей эле бул жашоодон чабалактап жашадың. Эч бир нерседен ырахат ала албай койдуң, сенин шоруң ушунда болчу. А мен? Мен бактылуу жашадым. Жарым-жартылай... Сага караганда бактылуураак болчумун, анткени балдарымдын кантип чоңойгонун байкадым, өстүрдүм, ар мүнөт жандарында болдум. Билген кишиге бул чоң бакыт. Кечирдим сени.

– Рахмат!

– Бирок сен өзүңдү колго ал, дагы жакшы күндөр болот. Балким, жакын арада чыгарып алабыз.

– Сүйүн, Алмаз бешик алып келдиби?

– Ооба, тим эле татынакай бешик экен, Эркин аябай сүйүндү.

– Небереме белегим...- деп сүйүнүп алды Аскар.

Кетер убак болгондо аялынын маңдайынан узакка өптү. Колунан өптү. Ал чыгып кеткиче бир топко узата тиктеп турду.

Ушундан бир күн өткөн соң Аскар түрмөдө жүрөгү кармап каза болгонун билишти. Врачтар эч кандай жардам бере албай калышыптыр. Түн ичинде үзүлүп кеткен экен. Эркин үчүн бул дагы бир тагдырдын соккусу болду. Акыркы убакта атасы менен жакын болуп, андан кеңеш сурап, жашоосунда ата деген нерсенин бар экенине каниет алып жүргөн эле. Эми таап, баркын билип баштаганда кетип калды.

– Анча бошобо, балам. Атаңдын жакын досу мен турам,- деди Алмаз азада. Ал дагы Аскарга аябай ичи күйүп турган эле. Азага көп адам келди. Кайсы бир учурда көп адамга жардам берген экен. Ошолордун көбү келип ыраазычылык билдирип жатышты. “Атаң жакшы адам болчу” дешти көптөр. Балким, адам каза болгондо мындай сөздөр айтыла бериши мүмкүндүр. Эмнеси болсо да Эркинге бул сөздөр жарасына жардам берип жатты. Бир аз убакыт өтүп элдин арты азайып калганда Эркин апасынан кеңеш сурады.

– Апа, мен Айсулууну издешим керек. Мындан аркы иштердин баарын өзүңүз билип чече бериңиз. Мен баары бир аны дагы бир жолу таап кечиришин суранышым керек.

– Кайдан издейсиң?

– Ош шаарында деп уктум. Ар бир үйдү тинтип чыксам да мен аны табышым керек.

– Кечирет деп ойлойсуңбу?

– Кечирбесе да жанында болом. Ага көрүнбөй алыстан карап жүрсөм да анын жанында болушум керек.

– Макул, балам, эмнени туура деп ойлосоң ошондой кыл. Сен бактылуу болсоң мен дагы бактылуу болом,- деди апасы. Ошентип Эркин өз тагдырын издегенге жолго чыкты.

ххх

Айсулуу Табылды табыптын жанында жүрүп жашоосу түп тамырынан өзгөрдү. Бардык коркуусу, ызасы, таарынычы тарай баштады. Жашоо мурункудай кир, ыплас, караңгы көрүнбөй калды. Болуп өткөн окуялар баштала элек убакта атасынын кандай мээримдүү, жароокер кызы болсо ошол Айсулууга айланып баштады. Көздөрү нурга толо баштады. Муну Калия эжеси да байкады.

– Жеңилдедиңби?

– Ооба, сиз болбосоңуз эмне кылмакмын мен? Табылды агай экөөңүздөргө кандай рахмат айтсам да жарашат.

– Бизге рахмат айтып эмне кыласың, сен өз жолуңду ачык көрө алсаң эле болду. Мындан ары эмне кылайын деп жатасың?

– Анвар менен сиздин жаныңызда калам, иштейм, уулумду багам.

– Ия? Уулумду?

– Ооба, эже, мен уулумду таштабайм деп чечтим. Мен жашоого болгон ызамдан улам өз баламдан да өч алчудай ызырынган экенмин. Азыр анын баары жоголду. Табылды агай айткандай, мага акылмандык келди. Эми гана өзүмдүн такыр туура эмес ой жүгүртүп жатканымды байкадым. Эми гана энелигим ойгонду.

– Азаматсың, мен сенден ушуну эле күткөм өзү. Сен Анвардын кызысың! Ал ааламды жүрөгүнө батыра алчудай мээримдүү адам эле.

– Мен баарын кечирдим, Калия эже. Апамды, Эркинди, өзүмдү, болгон окуяга күнөөлүү болгон адамдарды. Демек, ушундай болушу керек болчу. Тагдырыбызга жазылган нерседен биз эч кайда качып кутула албайбыз. Бирок жашаш керек, жашоону улантыш керек.

– Ак менен кара...- деп койду ары жакта буларды угуп турган Табылды.

– Ал эмне демек?

– Жашоодо ар бирибизде ак жана кара түс бар. Жашоонун өзү ушундан турат. Бирок маселе ким кайсы түстү тандайт, ошондо. Сенин ичиңдеги караны актык жеңди. Айыгышкан күрөш болду жан дүйнөңдө, бирок актык жеңди. Мына, кара түс өзүнөн-өзү жолуңдан жоголду. Мындан ары сен ак жолдо жашайсың. Сен ак жолду тандашың үчүн чоң эмгек кылдың. Акыры жеңдиң.

– Ак жана кара...- деди Айсулуу ойлуу.

– Мен уулумдун атын таптым!

– Ии, ким коёсуң?

– Акбото.

– Ушундай да ат болмок беле?- деди Калия күлүп.

– Мага акты тандашыма жардам берди уулум, анан да сезип турам, анын көздөрү ботонукундай таза болот. Жан дүйнөсү таятасыныкындай таза болот. Ошол үчүн ушундай ат тандадым.

– Акботобуз өмүрлүү болсун!- деди Табылды табып...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1033, 23-29-сентябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА